Бишкекте гүл сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жашар Эрмекти милиция суракка алууга аракет кылып жатат (видео)

Бишкектеги “Бета сторес-2” соода борборунун жанында колго жасалган шарик гүлдөрүн сатып үй-бүлөсүн баккан 7 жаштагы Эрмек аттуу баланы тактоо үчүн милиция кызматкерлери аны алып кетүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков «Фейсбуктагы» өздүк баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек интернетте, Эрмек быйыл күздө мектепке барат. Кыргызстандагы эң жаш үй кожоюну. Тайнесин, тайнесинин оорулуу апасын жана 1,5 жаш, 4 жаштагы бөбөктөрүн өзү багып келет деген маалымат тараган.

Мындан соң активисттердин демилгеси менен бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун Эл аралык күнү 7 жаштагы Эрмектин чоң энеси колго жасап берген гүлдөрүн сатуу жана сатып алуу боюнча флеш-моб өткөрүлөт. Ага белгилүү эстрада жылдыздары, коомдук активисттер баш болгон жарандар катышмак.

Эрмектин соодасы аркылуу ага жана анын үй-бүлөсүнө жардам катары өткөрүлчү флеш-мобдун алдында Октябрь раймилициясынын кызматкерлери келип, Эрмекти милиция бөлүмүнө алып барып, ал тууралуу маалыматтарды тактоого аракет кылышкан.  Ошол эле учурда Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Балдарды коргоо күнүнө карата Эрмектин үйүнө келе турганын билдирген.

Эрмектин атасы 2 жыл мурда каза болуп, 4 бир тууган жетим калган. Апасы 7 ай мурда Россияга кеткен, аны да жакшы эмес турмуш күтүп, паспортун жоготуп жибериптир. Тайнеси экөө гүл жасап, Эрмек аны сатып иш кылат.