Бензин эки айдын ичинде 1,5 сомго арзандады

Үстүбүздөгү жылдын эки айынын ичинде жалпы өлкө боюнча күйүүчү-майлоочу майлардын чекене баасы ылдыйлаганы байкалды. Кыргызстандын  нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдиргенине караганда январь-февраль айларында бензиндин баасы орточо алганда 1,5 сомго же 3,5 пайызга арзандаган. Ал эми дизелдик майдын орточо баасы 1,3 сомго же 2,8 пайызга төмөндөгөнү белгилүү болууда. Россияда күйүүчү-майлоочу майлардын сатуу баасынын түшкөнүнө байланыштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ири нефтетрейдерлерге күйүүчү майлардын чекене баасын ылдыйлатууну февралдын башында сунуштаган.

Кыргызстанда өткөн жылы күйүүчү майлардын баасы 10,7 пайызга өсүп, дизелдик майдын баасы 18,5 пайызга, ал эми бензиндин баасы 9,5 пайызга жогорулаган.