Четверг, 18 апреля, 2024
12.1 C
Бишкек

Биргелешип гана бул маселенин чечилишин табууга болот

Арал деңизинин бассейниндеги суу ресурстарынын негизги булактары болуп эки эң ири дарыя – Сыр-Дарыя жана Аму-Дарыя саналышат. Ушул дарыялардан улам бул жерде суу ресурстарынын калыптанышынын жана пайдаланылышынын географиялык жана тарыхый уникалдуу экологиялык системасы түзүлгөн.

Арал деңизинин бассейнинин суу ресурстарынын негизги бөлүгү аталган дарыялардын жогору жагында  эки мамлекеттин – Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарында түзүлөт. Ал суулардын басымдуу бөлүгү дарыялардын төмөн жагында – Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда сугат муктаждыктарына пайдаланылат, аларда аймактын сугат жерлеринин 83 пайыздан ашууну жайгашкан.

Борбор Азиядагы суу ресурстарын өткөндөгү жана учурдагы пайдалануусун салыштыруу бир мамлекет – СССР болуп турган убакта жалпысынан аймактагы тийиштүү экономикалык балансташуу, керектөө жана башка зарыл ресурстарды берүү менен суу ресурстарын башкаруунун тагыраак эрежелери болгон. Мындай саясат курчап турган чөйрөнүн эсебинен жетишилсе да  жаратылышка курмандыктын ролу тийчү, суу ташкындарынын жана суу тартыштыктарынын кесепеттерин кандайдыр бир чырчатактарсыз жоюуга мүмкүндүк берчү.

Совет доору өткөндөн кийин суу ресурстары олуттуу өзгөрүүлөргө тушуккан жок, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү кескин кыскарды, а аймакта жана анын айланасында олуттуу чыр-чатактардын келип чыгуу коркунучу улам көбүрөөк күчөтүлө баштады.

Сыр-Дарыянын бассейнинде ызы-чуу дарыянын суу ресурстарын бардык башкаруу Кыргызстандын Өнөр жай жана энергетика министрлигинин энергетика департаменти тарабынан жүзөгө ашырылуудагы суу пайдалануунун жаңылыш сая-сатынын барымтасында калганда башталды. Совет мезгилинде мындай болушу мүмкүн эмес эле. Мисалы, 1975-жылдагы кескин суу тартыштыгында электр энергиясын өндүрүүгө берилген бардык артыкчылыктарга карабастан, сугат суунун деңгээлин жогорулатуу үчүн убактылуу айланма тоннелдин (Токтогул суу сактагычынын дээрлик төмөн де¢гээлинин толтурууну камсыз кылуучу) тыгынын жардыруу чечими кабыл алынган.

Борбор Азиядагы чек аралар аралык сууларды башкаруунун азыркы сис­темасында карама-каршылыктардын жана чыңалуунун негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналаары айкын: суу ресурстарын башкаруунун макулдашылган эрежелеринин жоктугу; суу лимиттеринин бузулушу; бартердик макулдашуулардан жана төлөмдөрдөн улам ыйкы-тыйкылар; болочок инфраструктуралык долбоорлордун аныкталбагандыгы.

Аймактагы өлкө­лөр ортосундагы чыңалган мамилелердин мындан дагы терең себептери да бар. Дарыя агымынын куралуу зонасындагы өздөрүнүн географиялык жайгашуусун пайдалануу менен экономикалык өңүттө алсызыраак өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстан электр энергиясын өндүрүүнү кирешелерди алуунун жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү булагы катарында пайдаланууну жана бир эле убакта өздөрүнүн энегетика ресурстарына өсүп бараткан муктаждыктарын арзан электр энер-гиясынын эсебинен канааттандырууну чечишкен.

Электр энергиясы аркылуу сууга бааны таңуулоо же суу чарбасы менен тыгыз байланышкан башка экономикалык тармактарда товарлар менен алмашууда преференцияларды алуу үчүн пайдаланышкан бассейндин төмөн жагында жайгашкан өлкөлөргө белгилүү бир “гидрологиялык басым” түзүү тенденциясы байкалат, ал суу ресурстарын рыноктук товарга айлантат.

СССР тарагандан кийин Кыргызстанды совет мезгилинде жасалгандай, отун (көмүр, жаратылыш газы жана мазут) менен камсыздоо токтотулган. Кыргызстандын өкмөтү суу сактагычтан сууну кое берүүнүн тийиштүү режимдерин аткаруу үчүн алдын-ала шарт катарында отун-энергетика ресурстарын компенсациялык берүүнү аткарууну катуу талап талап кыла баштады.

1995-жылы суу сактагычтардан сууну кое берүүнүн ирригациялык режимин камсыз кылуунун шарттарынын ар жылдык макулдашууларынын башталышына жол салынган. А 1996-1997-жылдары эле макулдашууларда каралган бардык компенсациялык иш чараларды аткаруудан сезондук четтөөлөр аныкталган.

Бартердик макулдашууларды үз­гүлтүккө учуратуу же четтөө бир катар себептерден улам жүргөн: баалардан улам узак талаш-тартыштардын кесепетинен улам отун-энергетикалык макулдашууларга кол коюунун кечиктирилиши, алынган көмүр, нефть, мазут жана газ үчүн эсептешүүлөр боюнча милдеттенмелерди аткарбоо, ошондой эле “кое берилген сууга” бааларды газга баа менен байланыштыруу.

Аймактагы ирригациялык жана гидроэнергетикалык опцияларды өз ара байлоону өнүктүрүү япон адистери тарабынан сунушталган (JICA, 2009-жыл) мамиленин негизинде жетишилүүсү мүмкүн. Алар энергия үнөмдөөнүн деңгээлин жогорулатууга жана суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууга багытталган иш чаралардын топтомун: аймактын өлкөлөрү ортосундагы диалогду улантуунун жардамы менен өз ара ишенимди күчөтүүнү; узак мөөнөттүү перспективага багыт алууну; ар бир өлкөнүн жеке кызыкчылыктарын урматтоону жана алардын прио-ритеттерине ылайык өлкөлөрдү кол-
доону; конфронтация булактарын жоюуну жана маалыматтын ачыктыгын камсыздоо менен өз ара түшүнүшүү деңгээлин жогорулатууну сунушташты.

Узак мөөнөттүү консенсуска жетишүү үчүн аймактык суу-энергетикалык консорциумду (АСЭК) түзүү өзгөчө мааниге ээ.  Консорциум сууну берүүлөрдү компенсациялоо максатында электрди жана отун ресурстарын сатып алууга каражаттардын жетишсиздиги проблемаларын чечүүгө мүмкүндүк берүүчү финансылык механизмдерди иштеп чыгат жана киргизет, ошондой эле төлөмдөрдүн өз убагында жүрүшүнүн кепилдиги болуп калат; адам ишмердүүлүгү менен байланышпаган объективдүү себептер боюнча келип чыгуучу зыяндын мүмкүндүгүн жаба алууга жөндөмдүү болгон камсыздандыруу фондун түзөт деп болжолдонулат.

Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын (МКСК) илимий-маалыматтык борбору мамлекеттер аралык суу-энергетикалык консорциумдун уставынын долбоорун даярдаган, анда аны түзүүнүн максаты, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, функциялары, уюштуруу структурасы жана иштөө тартиби жазылган.

2004-жылдын июлунда концепциянын долбооруна жана отурумдун протоколуна бардык катышуучулар тарабынан кол коюлган жана “Борбор Азиялык кызматташуу” уюмуна мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор комитетине кароого берүү чечими кабыл алынган. Бирок, консорциумдун ролун ар кандай интерпретациялоо акыркы чечимди кабыл алууну токтотуп койду.

Кыргызстан менен Тажикстан консорциумдан ГЭСтердин курулушун финансылай алган жана гидроэнергетика секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган органды көргүлөрү келишкен. Казакстан менен Өзбекстан дарыялардын агымдарын көп жылдык жөнгө салуу үчүн суу сактагычтардын эксплуатациялык ремонтторун пландоо жана жүзөгө ашыруу процессинде финансылык жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу механизм катарында консорциум түзүүгө ниеттенишкен.

Мындан кийин АСЭК түзүү жөнүндө маселеге Казакстандын президенттери Аралды сактоо эл аралык фондунун катышуучу мамлекеттеринин саммиттеринде 2018- жана 2022-жылдары кайрылышкан.

Бирок, бул маселени чечүүдө жылыштар көрүнбөйт. Казакстанда өз алдынча Суу ресурстары жана ирригация министрлиги түзүлүшү менен бул маселени чечүү боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Арлан МАМБЕТОВ, Суу-энергетика маселелери боюнча адис

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар