Тахмина АШУРАЛИЕВА, укуктук эксперт: «Бардык мамлекеттик органдар «Түндүккө» биригиши керек»

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


КР Президентинин аппаратына караштуу Соттук-укуктук реформаларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, укуктук эксперт Тахмина АШУРАЛИЕВА менен болгон маек.

– “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” деген эмне жана кандай жолдор менен иштейт?

– “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” (КЖБР) –бул уникалдуу система, буга чейин Кыргызстандагы жазык-сот өндүрүшүндө буга окшогон системалар болгон эмес. Өлкөдө жарыяланган санариптештирүүгө багыт алуу, электрондук башкаруу, бардык мамлекеттик чөйрөдө жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүгө багыт алууну ишке ашырууга бул система жол ачат. Аталган системага кирүү боюнча бир жылдан ашык убакыт мурда иштер башталган жана бул реестрдин коопсуздугун камсыздай турган министрликтер менен ведомстволор арасында маалымат алмашуу боюнча система – “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке кирет. Ал эми “Түндүк” системасын Маалыматтык технологиялар жана байла-ныш мамлекеттик комитетине караштуу “Электрондук өз ара аракеттенүү борбо-ру” мамлекеттик ишканасы көзөмөлдөйт. Бардык мамлекеттик органдар “Түндүккө” биригиши керек. Системадагы жазык иштеринин жүрүшүнө Башкы прокуратура көзөмөл жүргүзөт. Башкы прокуратура бул системанын түзүлүшү, өнүгүшү жана ишке кириши боюнча аны кармап туруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана КЖБР алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөр боюнча жетектөөчү орган болуп саналат. Мисалы, Башкы прокурор республика боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бардыгын толук көрө албайт. Ал эми облустук жана райондук прокурорлордун реестрде өз аймактарын бөлүп кароого мүмкүнчүлүктөрү болот.

Эми иштөө жолуна келсек, алгач маалыматтарды  эсепке  алуучу  электрондук журналга катталуу ишке ашырылат (МЭЭЖ). Бул жерде укук коргоо органдарынын, тез жардам кызматынын, ӨКМ ыкчам жардам кызматынын, ошондой эле кылмыштардын болушу жөнүндө кызмат адамдарынын рапорттору жана ЖМКлардагы билдирүүлөр болот. МЭЭЖ кандайдыр  бир  “эшиктин“  ролун  аткарат,  ал аркылуу системага окуя тууралуу арыздар киргизилет. Каттоодон баш тарткан учурларда атайын жаза каралат. Арыз жана билдирүү түшкөн учурдан тартып 24 саат аралыгында КЖБР катталуу жүрүшү зарыл.  Сотко  чейинки  өндүрүш  ошол КЖБРге катталган учурдан башталат.

–  Сөзүңүзгө  аралжы,  түшкөн арыздын кылмыштык же жоруктук мүнөзгө ээ экендиги аныкталабы?

– Албетте, эгер окуя же арыз жорук катары квалификацияланса, анда бул жерде Жоруктар жөнүндө кодекс иштеп баштайт жана ал боюнча өндүрүш кылмыштын өзгөчө жолу менен кетет. Жоруктар жазык иштердин категориясына кирет, жоруктар жөнүндө иштер боюнча бардык өндүрүштөр дагы реестрде жазылып калат. Окуя же арыз кылмыш катары болгон учурда, анда жаңы Жазык кодексинин алкагында сотко чейинки өндүрүш башталат.

Кылмыш иши тиешелүү тергөө органдарына жолдонот. Жаңы Жазык-процесстик кодексинде жазык ишин козгоо стадиясы жок. КЖБРда автоматтык түрдө маалымат түшкөн учур катталат дагы кылмыш ишине же жоруктар жөнүндө ишке номер берилет. Арыздануучуларга талон берилип, анда кайсыл тергөөчү ишти алып барат, качан сотко өтөт жана кайсыл судья ишти карайт ж.б. маалымат болуп, талондо арызды же билдирүүнү кабыл алган адам, аны каттоонун убактысы жана анда QR-коду менен уникалдуу каттоо номери көрсөтүлөт.

Ошону менен бирге арыздануучулар андан ары өзүнүн гаджети аркылуу онлайн түрүндө өзүнүн арызын кароонун статусун көзөмөлдөй алат. Кылмыш жасоого шектелип жаткан адамдар үчүн негиздеме берүүчү жетиштүү далилдер болгон учурда, тергөөчү ал тарапты шектүүлүгү туурасында кабардар кылат. Башкача айтканда, кылмыш жасоого шектелип жаткан адам эгер табылса, анда ал тергөөчүдөн шектелүүчү катарында билдирүү алат. Тергөөчүнүн бардык иш-аракеттери жөнүндө маалымат, анын ичинде атайын маалыматтар дагы катталат. Сотко чейинки өндүрүш 2 айдын ичинде аякташы керек, албетте, убакытты созуп койсо болот, бирок 1 жылдан ашык эмес. Ошентип, чоң коррупциялык тобокелчилик бар болгон мурдагы тергөөгө чейинки текшерүүлөр алынып салынат жана бардык процесстик иш-аракеттер аталган реестрде катталгандан кийин гана ишке ашат.

– Сот органдары дагы КЖБР системасына кошулабы?

– Азыркы тапта бул модулдар кошулууга даярдалып жатат. Муну менен “Адилет сот” мекемеси алектенүүдө. Белгилеп коюу зарыл, сотко чейинки өндүрүштөгү соттук  көзөмөл кеңейди. Жаңы процесстик фигура киргизилди – мында кылмыш жасоого шектелип жаткан адамды кармоонун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшере турган тергөөчү судья баш коргоо чарасын (камакта калтыруу, үй камагы, күрөө); атайын тергөө иш-аракеттерин ж.б. жүргүзүүдө уруксат берүү же баш тартуу жолдорун тандайт.  Тергөөчү  судья  ошондой  эле КЖБР системасына жеткиликтүү болот жана тиешелүү маалыматтарды киргизет. Сотко чейинки териштирүүлөр аяктаган соң соттордогу өндүрүштөр башталат.

Жаңы укуктук алкак биринчи инстанциядагы сотто адамдын акыйкат соттолуусу үчүн иштелип чыккан, так ошол биринчи инстанция мыйзамдуу жана негиздүү чечим чыгарышы керек. Эми биринчи жана экинчи инстанциядагы судьялар мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди чыгарып жатышабы, жокпу, Жогорку сот ошону карайт. Кайсыл гана инстанциядагы иш болбосун, сот тарабынан чыккан чечим, соттук отурумдар дагы реестрде катталат. Бул соттордогу иштердин карала турган мөөнөтүн билип турууга жол ачат. Мурда Жогорку сот ылдыйкы инстанциялар сыяктуу эле күбөлөрдү жана процесстердин башка тараптарын дагы чакырчу, кайра кароо үчүн ишти кайра биринчи инстанцияга жиберчү, ошентип процесс белгисиз мөөнөткө созулчу, ал эми айыпталуучу бул убакытта камакта жата берген. Соттолуучуну 5 жылдан ашык ТИЗОдо кармаган учурлар бар.

– Мындай системаларды колдонуу канчалык деңгээлде ишке ашуусу мүмкүн?

– Мындай системалар дүйнөдө көптөн бери иштеп келе жатат. Эгер постсоветтик өлкөлөр тууралуу айтсак, анда көбүрөөк ийгиликтүү, сыноодон өткөн деп Казакстандын жана Украинанын тажрыйбасын айтсак болот. Мисалы, Казакстанда сотко чейинки териштирүүлөрдүн бирдиктүү реестри бар, соттор боюнча, ошондой эле жазык-аткаруу системасы боюнча модулдар өзүнчө жана бири-бири менен ар кандай платформалар аркылуу байланышып турат. Алар 1997-жылдан бери бардык мамлекеттик органдардын ар кандай маалыматтык базасын түзүүнүн үстүндө жана аларды бириктирүү, ички электрондук жүгүртүү менен иштеп келишкен. Казакстанда Укуктук статистика башкармалыгы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аларда үч чоң бутак иштеп жатат: бул – жазык, жарандык жана административдик иштер. Кыргызстандын эксперттик жумушчу тобу, КР Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү бул системаны үйрөнүү үчүн Астана, Алматыга бир канча жолу барышкан. Бирок биздеги болуп жаткан иштер көрсөткөндөй, Кыргызстанда өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн жана ресурстарынан чыгуу менен азырынча адам укуктары чөйрөсүндө укук бузуу лар көбүрөөк болгон кылмыш иштери боюнча бутакты ишке киргизүү зарылдыгы бар. Кыргызстандын мамилеси биздин коңшу мамлекеттердин мамилесинен бир аз айырмаланып турат, алар биринчи маалыматтардын электрондук база-сын түзүшкөн, аларды нормативдик укуктук актылар менен күчтөндүрүшкөн жана кийинки учурларда эле бүтүндөй соттук-укуктук реформаны жасашкан. Бизде болсо, алгач тиешелүүлүгү боюнча соттук-укуктук болгон укуктук алкакты белгилеп алдык, ыкмасын аныктадык жана мунун негизинде бул же тигил маалымат чагылдырылган КЖБР системасын түзүп баштадык. Буюрса, ушул жылы толугу менен түзүлүп бүтөт жана биздин укук коргоочу органдар үчүн чыныгы жардамчы болот деп ишенем.

– КЖБР толук кандуу иштеши үчүн эмнелерди жасоо зарыл?

– КЖБРды жыл сайын жогорулатуу жана жакшыртуу керек, бул иш жаңы гана башталды. Реестрдеги өзүбүздүн системанын интеграциясын жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдар өздөрүнүн ички ведомстволук маалымат системасын түзүү жана өнүктүрүү, бул программалык камсыздоолордун кызматын жана ишке ашуусун жакшыртуу, ар бир органда IT бөлүмдөрүн түзүү – КЖБРди адистер менен толуктоо жана бул системанын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу зарыл. КЖБРдин ачык структурасы адамдын ар-намысы жана укуктарын коргоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүрөт, болуп жаткан коррупциялык схемалардын көпчүлүгүн талкалайт жана көзөмөлдү турукташтырат. Ошондой эле КЖБР жаңычылдыкты сиңирүү менен анын негизинде мамлекет жазык саясатын түзө ала тургандай объективдүү жана  реалдуу  статистиканы  түзүүгө жол ача алат.