Органикалык азыктарды өндүрүүнүн көйгөйү

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Азыркы күндө көптөгөн мамлекеттер химиялык жер семирткичтерди колдонуудан баш тартып, жыл өткөн сайын органикалык жер аянттарын кеңейтишүүдө. Акыркы 18 жылдын ичинде дүйнөдө органикалык жер аянттары 58 млн. гектарга жетип, 120 млрд. долларга товарлар өндүрүлүптүр. Өткөн аптада парламентте органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүп сатуунун айланасындагы көйгөйлүү маселе талкууга алынды.

«2017–2022-жылдарга органи-калык айыл чарба концепциясы кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Өкмөттүн органикалык айыл чар-басын өнүктүрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Андан тышкары, ушундай аймактарды өнүктүрүү боюнча коор-динациялык кеңеш түзүлгөн”, – деп билдирди Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов.

Депутат Махабат Мавлянованын айтуусуна караганда калктын 65 пайызы айыл жергесинде жашаганына карабай, агрардык тармакта иштегендердин саны жыл сайын кыскарууда. 1996-жылы айыл чарба тармагынын ИДПга карата үлүшү 43,9 пайыз болсо, учурда ал 14,8 пайызга төмөндөгөн. Ушуга байланыштуу экологиялык таза айыл-чарба азыктарын өндүрүп, кымбат сатууга өтүшүбүз керек. “Кыргызстанда  онкологиялык  оорулардын саны өсүүдө. Индиянын толугу менен органикалык аймакка өткөрүлгөн бир штатында онкологиялык оорулар кескин түрдө азайган. Бул баарыбызды ойлонтушу керек. Андан тышкары, органика-лык товар өндүрүү саясаты экотуризимдин өнүгүшүн шарттайт”, – деди депутат.

Жыйында  көз  карандысыз эксперт  С.Кенжебаев  бир  катар көйгөйлөрдү көтөрүп чыкты. “Органикалык продукцияларды экспортко чыгарууда эң башкысы эл аралык талапка ылайык сертификат берүүнү мамлекет колго алуусу керек. Товарды упаковкалоону жакшыртуу, маркетинг жүргүзүүнү үйрөтүү зарыл. Айрым чала адистер “органикалык аймакты аныктап, ага сертификат берүү үчүн жердин 1 гектарына 15-20 миң евро керек, муну мамлекет көтөрө албайт”, – деп, туура эмес айтып жатышат. Сертификат алуу үчүн бир гектар жер 4000 сомдун тегерегинде болууда. Анткени ар бир жердин өзүнүн сапатына жараша наркы бар. Өткөн жылы Кыргызстандын жер аянттарына органикалык сертификат берүү максатында Германиянын, Швейцариянын, Кытайдын жана Түркиянын  адистери  катышкан консорциум өткөрдүк. Алар биздин жерлерди сертификаттоо үчүн колдоо көрсөтүшөрүн билдиришти.

Иликтеп көрсөк, өлкө мектептеринде биология предметин окуткан 1,5 миң мугалим бар экен. Ошол мугалимдерге органикалык багыт боюнча бирдиктүү программа түзүп, методикасын бекитип берип, мектептин базасында фермерлерге он күндүк окуу өткөрүү керек экенин айтып жатабыз. Дүйнө экспортунда үч башкы принцип бар – сапат, көлөм жана баа. Башкы экөөсүнүн маселесин чече алсак товардын баасы өзүнөн өзү чечилет. Фермерлердин баарын дүйнөнүн ушул стандартына көндүрүп, жашылчаларды, мөмөлөрдү сатып өткөрүү жана кай-ра иштетүү ишканаларына жөнөтүү системасын түзүүгө убакыт жетти. Мында көчөт, үрөн жана органикалык жер семирткичтердин ролу чоң.

Бүгүнкү  күндө  соода  түйүндөрүнө продукциянын ири көлөмүн үзгүлтүксүз  жеткирип  туруу  керек. Фермер жыйнаган түшүмүнүн баарын күзүндө сатып жибербестен, жашылча сактоочу логистикалык жайларга жеткирип, кыш, жаз мезгилдеринде баасын жогорулатып сатууга көнүшү керек. Мисалы багбанга алманын кышка сактоого жана кайра иштетүүгө ылайыкташкан атайын сорттору болорун эч ким түшүндүрө элек. Дыйкан көчөттү отургузуп алып, эки жылдан кийин “мага башка сорттун көчөтүн алдап сатып коюптур” деп капа болгон учурлар бар.

Италия органикалык көчөттөрдү өстүрүү боюнча алдыңкы мамлекеттердин катарында. Өткөн жылы Италия, Голландия сыяктуу бир нече мамлекеттен адистер келишип: “Бизге 2000 гектар жер бөлүп берсеңер, питомниктерди уюштуруп, жаңы сорттордогу көчөттөрдү өстүрүп берели”, – дешти. Бул жагына мамлекет көңүл буруусу кажет. Чейрек кылымдан бери агрардык тармакка 2 млрд. доллар каражат тартылыптыр. Бирок, анын 1 млрд. долларына  жер-жерлерге  кайра иштетүүчү ишканаларды курбаптырбыз. Келген каражаттардын бир бөлүгүн чет элдик консультанттар алып кетишти. Ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана бери дегенде он ай бою тынбай иштеп, продукция чыгарып турбаса банкрот абалына кептелет”, – дейт көз карандысыз эксперт.

Жыйында органикалык аймактарды түзүү боюнча жер-жерлерден келген фермерлер өз ойлорун ортого  салышты.  Арменияда  мамлекет  фермерлерден  органикалык азыктарды балдар үйлөрү, карылардын интернаттары үчүн сатып алат. Улуттун ден соолугун камсыздоо максатында Армениянын тажрыйбасын киргизсек, органикалык азыктарды өндүрүүчүлөрдүн кооперативдерин түзүү тездетилмек.