Кез эле калган таң атып.. Кездештик жолдо баратып… э-ээй..

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


”Эл”,- деген элек!.. Жеңил-желпини кабыл албайт, кунарсызды жуутпайт. Кылымдардан ушундай. Андыктан элдик аталгандардын маданиятта болобу, тарыхта болобу салмагы тоодой, маани-маңызы төө көтөргүс. Ошол эле элдик обондорго келсек уксаң кулагыңдын курчун кандырып, кыялыңды кыр ашырып, оюңду оболотуп, эми эле түнөрүп турган жан дүйнөңдү жаркытып жибермейи бар. Ал ошол үчүн “Элдик обондор” аталат. Бул ырлардын сөзүнөн же ага айкалышкан обонунан кынтык таппайсың. Обонубу, башкасыбы укумдай эле кемчилиги болсо элге анчалык сиңе албайт. Көркөм дөөлөткө, маданий кенчке айланып, улуттун уугуна коно албайт.

“Акинге” обонуна экинчи өмүр берген Элмирбек…

Баарынан  кызыгы  эргиткен  “Элдик  обондордун”  дээрлик  баарынын жаралыш тарыхы, тагдыр-жазмышы бар. Анын артында акындын же обончунун  тагдыры,  сүйүүсү,  бактылуу  учурлары же ошо сүйүүсүнө жетпей калган өксүгү жатат.

Учурда   Элмирбек  Иманалиевдин  аткаруусунда  элге  алынып  кеткен  “Акинге” аттуу ыр эл ичинде оболоп учуп, канат кагып жүргөнүнө кыйла болуп калды. Байкашыбызча бул ырды аткарууга аракет кылган  ырчылар  арбын.  Бирок,   бирөө  дагы Элмирбек Иманалиевдей ырдын салабаттуулугун сактап, ырчылык өнөрдүн наркынан жазбай, элге жеткирип бере алышкан жок. “Акинге” обонуна болгон мындай кызыгуу дагы деле улана бермекчи. Деген менен өлбөс өчпөс обондорду, анын авторунун деңгээлине тете же ашыра ырдоо ар кимдин эле багына буюрган эмес. Себеби ал, талантка байланыштуу.

Айталы, Атай Огомбаевдин “Күйдүм чогун”, “Ой, булбулун” күнү бүгүн комуздан баштап, симфониялык оркестрдин коштоосунда кимдер гана аткарбады. Бирок, дагы эле болсо улуу талант Мыскал Өмүрканованын деңгээлине жеткидей аткаруучу чыга элек. Мыскал  Өмүрканова  бул  ырларды  Атайдын өзүнөн ашпаса, кем ырдаган эмес десе жаңылышпайбыз.

Элдик ырлардын эби-сынын кетирген эстрада ырчылары

Байдылда  Сарногоевдин “Мидинге кат” деген айтылуу  ырында:  “Аябай  тиктеп ай-көктү…Сүйүнбай иниң ал да өстү…Уйкашсыз ырдан жол болбой…Уйкаштуу ырга кайра өттү” деген саптары бар.

Кеп кезеги келгенде айта кетейин,  эгемендик  жылдарында кыргыз эстрадасы кыйла эле изденди. Эки ыр аткарып коюп, жылдыз аталгандары андан көп. Болсун. Кеп анда эмес. Жаза басканы – сөзүнүн тили келегей, обону ойку-кайкы тири укмуш эстрада ырлары жаандан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Дагы эле болсо эл деген эл экен. Көпчүлүгүн жакшы кабыл алган жок.

Муну сезген айрым эстрада ырчылары Байдылданын ыр сабында айтылгандай кайрадан элдик ырларга өтүштү. Өткөнү курусун эстрада деген ушул болот дештиби кандай, ырдын кайрыгына келгенде “мышыкча мыёлоп”, “күчүкчө кыңшылап”, “карышкырча улуп” кайран ырдын касиетин учурушту. Жаңы ырлар болсо мейли эле. Көнгөнчө, кулакка сиңип элге алынганча кыйла бар. Бирок, ар бир кайрыгы элдин кулагында турган элдик ырларга обу жок куйрук-жал кошуп ырдап чыгуу, кайран ырды келеке кылгандай эле угулат экен. Аттиң, “Элдик ырлар” эстраданын, симфониялык оркестердин коштоосунда ырдалса ого бетер ажары артыла түшчү эле. Мисалга, Болот Миңжылкыевдин, Дарика Жалгасынованын ж.б. ондогон улуу таланттарыбыздын аткаруусундагы ырларды айтсак болот.

Муну менен эстрада болобу, башка музыкалык аспаптардын коштоосундабы “Элдик ырларды” өңү-түсүн кетирбей, ылайыктуу көркөм боекторун кошуп, эң башкысы тузун кемитпей ырдап чыгышса деген ойду айттым.

Текебай Мураталиев тегин эмес талант болуптур

Ал эми “Акинге” келсек, бул обонду башында Асанкалый Керимбаев ырдап чыккан. Кайран залкар талант, сөзү башка болгону менен обонун кемелине келтире ырдаган экен. Азыр бул ырдын элге белгилүү эки тексти бар. Бирин акын Абды Сатаров жазган. Элмирбектин айтымында Асанкалый агабыз кетментөбөлүк Текебай Мураталиевдин “Акинге” деген ырынын обонун эң биринчи төкмө акын Тууганбай Абдиевден угуптур. Анан, сөзүн таппай калып, А.Сатаровго башка сөз жаздырып ырдап чыгып, эл-журтка кеңири тарап кетет. Белгилей кетсек акын Абды Сатаров обондогу айтыла турган ойду, ырдын сөзүнө келиштире кынаптыр. Анын “Акинге” обонуна жазылган текстиндеги, төмөнкү ыр саптарын жатка билбеген кыргыз жок болушу керек:

Артыңдан барсам бакчага

Артылып колуң башкага.

Жалынып сүйлөп жатыпсың,

Жактырбай сени жатса да…

Бул саптар Текебай Мураталиевдин өзүнүн:

Кызыл ат минсем оттобойт,

Кыяга буту токтобойт.

Кыргызда сулуу кыздар көп.

Кылыгы  сага  окшобойт,  -деген муңканган  саптарынан  ашпаса  кем түшпөйт.

“Акинге” обонунун төркүн-төсүнө кызыгып калган Элмирбек кийин ошол эле кетментөбөлүк элдик таланттардын бири Керезбек Сакеевге кезигип, ушул ыр тууралуу сураганда, ал сөзү-обону менен келиштире ырдап бериптир. Ошентип, айтылуу “Акинге” обонуна экинчи өмүр тартуулаган төкмө акын, обончу-ырчы, манасчы, заманыбыздын залкар таланты Элмирбек Иманалиев болду.

Ал эми обондун автору Текебай Мураталиев улуу Токтогулдун соңку шакирти, чыгаан өнөрпоз болгон экен. Сөзү-обону айкалышкан бул чыгарманын өзүнөн эле Текебай Мураталиевдин тегин талант болбогондугун, көркөм дүйнөсүнүн байлыгын, көрөңгөсүнүн тереңдигин байкоого болот. Андай талант изсиз, дарексиз калууга мүмкүн эмес эле…Калды…Укканды умсунткан, айтылуу “Ой, булбул”, “Күйдүм чок”, “Ак зыйнат”, “Мөлмөлүм” ж.б. улуттук классикага айланган ырлардын катарында турган ушул “Акинге” деген ыры калды…Угуңуз,  тамшаныңыз  окурманым…Кез эле калган таң атып…Кездештик жолдо баратып…э-ээй…

Кез эле калган таң атып.. Кездештик жолдо баратып… э-ээй..: 1 комментарий

Комментарии запрещены.