ОшМУда жаңы окуу имараты жана жатаканасы пайдаланууга берилди

Ош мамлекеттик университетинде билим берүүнү интернационалдаштыруу багытында олуттуу аракеттер жасалып, акыркы беш жыл аралыгында эл аралык байланыштын вектору Батыш менен Чыгышка, Түндүк менен Түштүккө карай кеңейип, жаңы билим берүү структуралары түзүлүп, 10 ири суммадагы инвестициялар тартылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 31-май күнү инвестициялык долбоордун алкагында ишке ашкан Кыргыз-кытай факультети үчүн курулган жаңы окуу имараты менен жатаканасынын ачылуу аземи болуп өттү.

Салтанатка КРдин Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, Кытай Эл Республикасынын Оштогу консулу Сун Лицюн, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Билим берүү департаментинин башчысы Лян Чао, Пекиндеги Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы Ханбандын жетекчисинин 1-орун басары Ли Хун Юй, Синьцзянь мамлекеттик педагогикалык университетинен өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору, шаар тургундары жана ОшМУнун жамааты катышышты.

 

Кеченин жүрүшүндө Кытай Эл Респбуликасынан келген коноктор да куттуктоо сөздөрүн айтып, ОшМУнун алдындагы Конфуций институту дүйнөдөгү Конфуций институттарынын ичинен “Эң үлгүлүү институт” деген наамга ээ болуп, бардык тараптан үлгү көрсөтүп келе жаткандыктарын белгилешти.

Салтанаттуу аземде окуу имаратынын жана жатаканасынын кызыл тасмасы кесилип, коноктор имараттын ички мазмуну, заманбап материалдык-техникалык базалары менен таанышып чыгышты.

Кошумчалай кетсек, окутуунун сапатын дүйнөлүк талаптарга ылайык көтөрүү максатында Кыргыз-кытай факультетинин жаңы окуу имаратын жана жатаканасын куруу үчүн Кытай Эл Республикасынан 800 000 доллар грант алынып, 600 орундуу 5 кабаттуу окуу имараты жана 160 орундуу 5 кабаттуу жатакана курулуп, пайдаланууга берилди.

Кыргыз-Кытай факультетинин жаңы окуу корпусунда 40 окуу аудиториясы, окуу залы, концеренц зал, конок зал, көз карандысыз тестирлөө борбору, кыргыз таануу, кытай таануу борборлору, лингафондук зал, спорттук зал, концерттик зал жайгашкан. Ал эми жатакана 160 орунга ылайыкташкан. Анда окуу залы, музыкалык каана, ашкана, студенттик кафе жайгашкан.

Азыр ОшМУ Кытай Эл Республикасынын 52 университети менен түздөн-түз, бакалавриат, магистратура, Рhd докторантура программалары боюнча кызматташып жатат.

250дөн ашуун студенттерибиз, 100гө жакын окутуучу-профессорлор Кытай Эл Республикасынын Шанхайдагы, Пекиндеги, Ланьчжоудогу, Сыджоудогу, Дальяндагы, Үрүмчүдөгү университеттерден алмашуу программалары аркылуу билимин өркүндөтүшүп келишүүдө.