Среда, 24 апреля, 2024
9.1 C
Бишкек

“Асма жол фантазия деле эмес, реалдуулук”

  

Бишкекте асма жолдун курулушу май, июнь айларында башталары тууралуу айтылууда. Долбоор боюнча асма жол Жибек Жолу проспектинен тарта Түштүк магистралга чейин Манас проспектинин үстүнөн тартылып, күнүнө 100 миңге чейин жүргүнчү ташууга ылайыкталмакчы. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирген.
«Асма жол боюнча чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлдү. Буюрса майдын аягы, июндун башында капсула салынат. Долбоор 50-60 млн. долларга бааланууда», – деген ал. Ошол эле учурда мындай асма жолдорду куруунун башка да тажрыйбасы тууралуу сөз болуп келет. Ушул өңүттө “Дүйнөлүк асмандар коомунун” мүчөсү Кулахмет ШАПИЕВ менен маектештик.

Кулахмет мырза, үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарына асма жол куруу пландалып жатат. Мен билгени, сиз да ушундай маселени айтып жүрдүңүз эле?

– Ооба, буюрса курулат деп жатат. Бул жакшы өнөктүк. Себеби, биз жаңылыкка кадам ташташыбыз зарыл. Бирок, ал башка долбоор. Анда зым аркан менен жүрүүчү техника коюлганы жатат. Ал эми, мен айтып жүргөн долбоор такыр башка.  Анда ичинде 6 трос зым бар (ар бир трос зым бир КамАЗ көтөрөт) ачык эмес, болоттон жасалган бир бүтүн корпустагы жол (рельс) менен жүрөт. Мында үн басаңдаткыч (шумоизоляция) да бар. Материалы чирибейт, 50 жылга чейин кепилдик берилет. Ичинен интернет кабель өтөт. Демек, бул өткөн жерде бардык  мамлекетте бир эле интернет иштейт, башкача айтканда, транснет (TransNet) болот. Ошону менен баалуу. Электробилдер бул жолдун ылдый жагынан да, өйдө жагынан да жүрө алат. Экөө эки башка багытта болгондуктан, кагылышуу болбойт. Демек,100 пайыз коопсуз. Айдоочу жок. Автомат менен иштеп, жүз машинаны бир эле киши башкарат. Программа боюнча өздөрү эле жүрө беришет.

Сиздердин коом тууралуу айтып берсеңиз?

– Бул коомду 2014-жылы Анатолий  Юницкий деген инженер-конструктор Белоруссияда түзгөн. Бул киши бүгүнкү биздин абалды 40 жыл мурда эле билген экен. Азыр машина көп, ошонун айынан жол кырсыктары болуп, майыптардын саны өсүүдө. Мисалы, 2022-жылдын статистикасы боюнча, Кыргызстанда жол кырсыгынан 840 киши каза болсо, 3000ге жакыны майып болуп калган. Бул эми Кыргызстанда эле. Дүйнөдө миллиондоп саналат эмеспи. Экинчиден азыркы автоунаалар экологияны булгап жатат.

Чындап келсе, азыр биз колдонгон автоунаалар моралдык жактан эскирди. Себеби, Генри Форд кыймылдаткычты ойлоп тапкандан бери бир кылымдан ашыптыр. Ушул убакыттын өзү эле бул механизм эскиргенин айтып жатат. Юницкий аны жаңы тепкичке көтөрүү керектигин кан-какшап келет. Ал эң алгач бул ою менен Россиянын мурдагы Президенти Дмитрий Медведевге кайрылган. Бирок ал биздин мамлекетте метро, автобустар, трамвайларыбыз бар деп, азырынча зарылдык жок экенин айтып баш тарткан. Себеби, ал электромобилдер ишке кирсе,бензин, соляркага чоң конкурент келет деп билген. Албетте, алар үчүн нефтинин сатылып турганы жакшы. Эми Россияда бул сунушка кызыгып жатышат. Себеби, ал жылдары мынчалык тыгын жок эле да. Жакында эле Путин элди коомдук транспортко олтургузуш керек деп билдирди.

Окумуштуу долбоорду жазганда, аны 400 млрд. доллардан ашык  баалаган. Себеби, бул бүтүндөй бир комплекс. Анда завод, жол, станциялар, башкаруу пульту жана башкалар бар. Юницкий каражаты болбогон үчүн, үлүш, акция чыгарган. Анда бир үлүштүн баасы бир долларга бааланган. Үлүш алгандарга дүйнөлүк кирешеден 20 процентти дивиденд кылып беребиз деген план куруп, баарын так эсептеген жана келечекте бул сөзсүз ишке ашышы керкектигине толук ишенген. Азыр болсо 20 өлкөдө иш жүрүп жатат. Эл колдонуп баштаса, акционерлерге 20 пайызы киреше катары кете берет. Азыр Кыргызстанда18000ден ашык үлүш бар. Негизи, аны 50 миңге чейин көтөрүп койсок жакшы болор эле.

Бул долбоор кайсы мамлекеттерде ишке ашты?

– Акциялар сатылып, каражат чогулуп калган кезде, 2018-жылы Белоруссияга экотехнопарк салып, дүйнөлүк Экспо уюуштурган. Мына ошол иш-чарага арабдар барып, абдан кызыгышкан. Алар бул техника кум учурган шамалга жана ысык аба ырайына туруштук бере алабы деп сурашкан. Себеби, ал жакта жолдорду кум басып калат экен. Юницкий техника 60 градус ысыкка да, 60 градус суукка да чыдай турганын айткан. Андыктан, Дубайдын жанында Шаржа деген шаарда ишке ашты. Анда экинчи экотехнопарк салынган.

Мындай жолдун баасы канча болуп калат? Анда жүргөн унаалардын ылдамдыгы, жолдун бийик-тиги тууралуу айтсаңыз?

– Мунун жолу асфальт жолдордон эки эсеге арзан. Анан да, 50 жылга кепилдик берилет. Саатына 150 чакырымга чейин жол басат. Аялдамалар 2 километрден кем болбойт. Ошондо ылдамдыгы 130ду кармайт. Канчалык алыс болсо ошончо тез жүрүү мүмкүнчүлүгү бар, себеби, күүлөнүп келип токтойт да. Жолдун технологиясын япондор жасайт, колдонгон мамлекеттерде куралат.

Ал эми жолдун бийиктиги 5 метрден 50 метрге чейин болот. Кээ бир жерде үйлөрдүн үстүнөн өтөт. Абдан үнөмдүү. Светофор жок, жөө адам жүрүүчү жол жок, айдоочу жок, эч ким тоскоол болбойт. Айдоочуга айлык төлөнбөйт. Метро менен салыштырганда 22 эсе
тынч.

Эмнеге ушундай жакшы долбоор ишке ашпай жатат?

– Анткени, буга чейин эл даяр эмес болчу. Экинчиден,  каражат жок болчу. Долбоор ээси акционерлердин акчасына Белоруссияга заводун салды. Андан 16 түрдүү машина чыгарып койду. 2 орундуктан 48 орундукка чейин машиналардын түрү бар. Арабдар 6 орундук унааларга буюртма беришти. Себеби, пандемиядан кийин көп киши бир убакта түшкөн унаанын кереги жок дешиптир. Индияда эл көп, жолдору кууш экен. Жазында транспорт министри Шаржада А.Юницкий менен жолугуп келишимге кол коюп, иш баштады. Азыр бул өлкөдө жүздөн ашык долбоор чийилип жатат. Мындан сырткары Наманганда башталууда. Казактар да кызыгып жатышат. Бул техника электромобилдерге караганда да заманбап. Азыр Белоруссияда колдонулуп жатат,  сертификациялоодон өтсө эле дүйнөгө тарайт.

Негизи А.Юницкий 2006-жылы Кыргызстанга келген. Ал биринчилерден болуп тоолуу өрөөндө кургусу келген. Себеби, асма жол 40 градуска чейин көтөрүлөт. Ал 6 ай жүрүп, Президентке кире албай макетин таштап кеткен. Кийин Лукашенко 36 гектар аянттагы мурдагы танк полигонун берген. Ошол эч нерсе өспөй калган жерди жапжашыл кылып койду. Себеби, бул окумуштуу биогомус да чыгарат, үйлөрдүн үстүнө чейин пайдаланууну үйрөтөт. Учурда 9 кабат заводдо жүздөгөн инженер-конструкторлор олтурушат. Анда 5G технология бар, башкача айтканда, техниканы ойлоп чыгарып, ошол эле жерде сыноого толук шарты бар. Долбоор Улуу Британиянын мыйзамы менен корголгон. Себеби ал 100 жылдан бери өзгөрбөптүр. Чоң-чоң бизнесмендер өз бизнесин ошол мыйзам менен коргойт экен.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
“Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар