Жакшы жөрөлгөдөн мүчүлүштүк издебесек

8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров өз чөнтөгүнөн 8 миң открытка жана 8 миң конверт сатып алып, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө жашаган аялзатына аруу тилеги менен куттуктоосун жиберген.
Аталган мекеменин басма сөз катчысы куттуктаган аялзатынын ысымдары белгилүү болбогондуктан, берилген открыткалар квартал жетекчилерине жана домкомдорго тапшырылганын айткан. Төраганын атынан жиберилген куттуктоолордун биринде Айбар Султангазиевдин фамилиясы жазылып калган.

Азыр түкүрмөк түгүл чүчкүрсөң да эртеси социалдык түйүндөрдөн өзүңдү көрө турган заман. Аялзатына аруу тилегин айткан Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы домкомдордун өз ишин жоопкерчилик менен аткара албагандыгынын кесепетинен Султангазиевден кечирим сураганын социалдык түйүндөр, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Эгер жогорудагы ысым аялдардын ысмына окшош болсо да таңгалбайт элек. Анткени Айдар же Айбар эркекке гана ыйгарылчу ысым болгондуктан, бул жаңылыштык атайын жасалганбы деген ой жаралат. Же төраганын кызмат ордуна кызыккандардын амалыбы?

Урматтуу жазмакерлер мындай өз каражаты менен апаларды, эже-сиңдилерди кубантып, куттуктап чыккан жакшы жөрөлгөдөн да мүчүлүштүк издебесек. Адамдыкы көңүл деп айтылат. Аялзатын аздектеп, өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн Жаныбек Абировго ыраазычылыгыбызды айталы.

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»