Ысык-Көлдөгү «Асыл» пансионаты мугалимдерге берилет

Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылындагы «Асыл» пансионаты мугалимдерге берилет. Мурдагы лагердин ордуна 400 орундуу беш кабаттуу эс алуу жайынын курулушу келерки жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган аймакка иш сапары менен барган учурда айтты. Ал учурда каражат маселеси такталып жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин ачылышына катышты. Мындан сырткары Балыкчы-Корумду жолунун курулушу менен таанышты.