«Чаарат Заав» инвестиция салууга даяр, ага мамлекеттин колдоосу керек

Алыскы тоолуу Чаткал районундагы «Чаарат Заав» компаниясын тоо кен өндүрүшү боюнча инвестор деп атоо аздык кылат. Ал эң башкысы — кыргызстандыктар үчүн көптөгөн жумуш орундарын түзүүчү жана бакубат жашоо шартын туруктуу камсыз кылууга багытталган компания. Ошондой эле “Чаарат Заав” компаниясы — бул аймактагы ишкерликти, спортту, билим берүү менен саламаттык сактоо тармактарын жакшыртуунун зор мүмкүнчүлүгү болуп саналат. «Чаарат Заав» ЖАКнун директорлор кеңешинин төрагасы Александр Новак менен маектешкенибизде ал Чаарат алтын кениндеги аткарылып жаткан курулуш жана геологиялык чалгындоо иштери менен катары эле кенге жакын жайгашкан айылдардын өнүгүүсүнө компаниянын кошкон салымы тууралуу жалаң гана жагымдуу жаңылыктардан бөлүшкүсү келди. Бирок ошол эле учурда компаниянын алдындагы албан иштердин жүрүшүнө тоскоолдук келтирген айрым жагдайлар тууралуу айтпай коё албады.

– Биз бүгүнкү күнгө карата көп жумуштарды аткарууну пландаштырып койгонбуз. Тилекке каршы, биздин аракетибизге көз каранды болбогон себептер менен алардын көбүн ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Албетте, компаниябыз буга  чейин  деле  чаткал  элинин  көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө жетишип келе жатат жана чече бермекчи. Учурда компаниянын объектиси кенди иштетип өндүрүүгө даяр. Техникалык долбоордун айрым бөлүктөрү тиешелүү мамлекеттик мекемелердин макулдашуусунан өтүүдө. Бирок, негизги көйгөйлөр ушул жерден чыгып жатат, – дейт Александр Новак. – Биз кен ишканасынын жана кайра иштетүүчү өндүрүштүн курулуш иштерин баштоону 2018-жылы эле пландаганбыз. Бирок, инфраструктуранын кээ бир объектилеринде гана иш алып барууга туура келди. Ал эми негизги объектилеринде жумуштарды жүргүзүүгө арчаларды кыюунун жоболору, тоо-кен ишканалары үчүн өтө маанилүү болгон параллелдик долбоорлоонун жана курулуш иштерине уруксаттын жоктугу тоскоолдук келтирди.

«Чаарат  Заав»  компаниясы  жумуш жүргүзүүгө бөлүнгөн аянттарда өсүп турган арчалар көп, аларды кыюуга болбойт. Арчаларды кыюуга уруксат берген убактылуу жобо 2015-жылдан баштап жокко чыгарылыптыр. Андан бери кыйылган ар бир дарак үчүн жаңы дарактарды отургузуу, компенсация төлөө ж.б. сыяктуу бир нече мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, сунуштар келтирилген. Ушуга байланыштуу “Чаарат Заав” компаниясы арчаларды кыюуга уруксат алуу үчүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен биргеликте жарым жылдан ашык убакыт бою иш алып барып, кыюуга тийиштүү арчаларга баалоо жүргүзгөн. Экспертизалардан өтүп, компенсациялык төлөмдүн көлөмү аныкталып, компания аны төлөп берүүгө макул болгон. Бирок өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюунун эрежелери боюнча Өкмөттүн жаңы токтому күчүнө кириши менен аталган агенттик кендин аймагындагы арчаларды кыюу иштерин аткаруу долбоорунун макулдашуу процедурасын кайрадан  өтүүнү  талап кылууда. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай, компания жаңы эрежелер бекитилгенге чейин эле тийиштүү экспертизалардын баарынан өткөн. Долбоорду кайра карап чыгуунун жыйынтыгында, мамлекеттик органдар тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү, ар кандай коэффициенттерди (алардын арасында тармактык эместери дагы бар) колдонуу менен үч эсе көбөйтүү сунушталууда. Мындан тышкары, долбоордун кайрадан макулдашуу процедурасы жарым жылдан кем эмес убакытты талап кылмакчы.

–  Лизенциялоо  жагында  иштер кандай болуп жатат?

– Сууну пайдаланууга жана бетон үчүн кум менен шагылдын аралашмасын алууга лицензиялардын жоктугу курулушту баштоону кечиктирүүдө. 2018-жылдын январь айында компания 2015-жылы берилген кум менен шагылдын аралашмасынын лицензиялык келишимин узартууга өтүнмө тапшырган. Техникалык долбоор тийиштүү түрдө түзүлгөн жана керектүү экспертизалардын бардыгы алынган, ошого карабастан лицензия бериле элек. Андан тышкары, өткөн жылдын август айында компания ичүүчү жана өндүрүштүк максатта пайдалануучу суулар үчүн лицензияга өтүнмө тапшырган. Бирок, ал мекемелердин арасында макулдашылбагандыктан жана процедуралык маселелердин натыйжасында азыркыга чейин лицензия ала албай келүүдөбүз.

Эл аралык стандарттарга ылайык иштелип чыккан техникалык долбоорлорду Кыргызстандын талаптарына ыңгайлаштыруу (адаптациялоо) жагынан да кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Мисалы, Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак жай чарба агенттиги бизге дүйнө жүзү боюнча ийгиликтүү колдонулуп келе жаткан болоттон жасалган жеңил конструкцияларды пайдаланууга тыюу салууда. Мындай конструкциялар Россия, Казакстан, Түркия жана Америка мамлекеттеринде да, жадагалса сейсмикалык кооптуу райондордо да колдонулуп келүүдө. Бул бардык тийиштүү экспертизалардан жана сыноолордон өткөн тажрыйба. Параллелдик долбоорлоо жана курулуш жөнүндөгү мыйзам кабыл алынганда, кендеги өндүрүш менен курулушту кыйла ылдамдатууга мүмкүн болмок. Өкмөткө жана тармактык мекемелерге бир нече жолу кайрылсак да маселелер чечилбей калууда. Ушундай кыйынчылыктардан улам “Чаарат Заав” компаниясы кен ишканасын эксплуатацияга киргизүү мөөнөтүн жылдырууга аргасыз. Демек, Чаарат кенинде алтындын өндүрүшү бери дегенде бир жылга же балким бир жарым жылга кечеңдеп калышы ыктымал. Анын кесепетинен Кыргызстандын бюджетине алтын кен иштетүүчү компа-ниядан төлөнө турган салыктар да түшпөйт. Аймактарда негизги жумуш орундары инвесторлор тарабынан түзүлөт эмеспи. Ушул жагдайдан алып караганда тоо луу чаткал эли күтүп жаткан жумуш орундарынын ачылышы да кечеңдейт.

– “Чаарат Заав” компаниясы тарабынан алтын ылгоочу фабриканы куруу планын ишке ашыруу жагдайына токтоло кетсеңиз.

– Биз азыркы учурда көптөгөн чыгымдарга туш болуп жатабыз. Кымбат баалуу техникаларыбыз аргасыздан иштебей турат. Буга бышпаган мыйзамдар себеп болууда. Арчаны кыюу боюнча мыйзам, параллелдик долбоорлоо жана курулуш жөнүндөгү мыйзамынын долбоорун дагы токтотуп коюшту. Булардын бардыгы алтын ылгоочу фабриканын объектилерин куруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Кыртышты ачуу жумуштарын, үймөктөп шакарлоо аянтынын курулушун ж. б. иштерди баштай албай калдык. Ушундай толтура кыйынчылыктарга карабастан “Чаарат Заав” компаниясы объектинин инфраструктурасын өнүктүрүп, жолдор менен көпүрөлөрдү куруп жатат. “Чаарат Заав” компаниясы Чаткал өрөөнүнөн кенге чейинки аралыгы 16 чакырым болгон, бардык талапка ылайык келген жакшы жолду курган. Андан тышкары, Кумбел ашуусунан кенге алып баруучу аралыгы 8-10 чакырым болгон дагы бир жолу бар. Жумушчулар менен инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн 120 адамга эсептелген убактылуу турак жайдын курулушу аяктоодо. Өткөн жылы компания бургулоо иштерин ийгиликтүү аткарды жана ал оң натыйжа берип, 20 миң метрди түзөт. Мындай көлөмдөгү бургулоо иштери Кыргызстанда совет мезгилинен бери бир да кенде жүргүзүлбөсө керек. Ошондой эле Чаарат кенинин башка аянттарында геологиялык чалгындоо иштери ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. «Чаарат Заав» компаниясы азыркы учурда бир нече лицензияга ээ. Чааратты өздөштүрүүдө Түлкүбаш участогун иштетүү биринчи кезекте турат. Кийинки кезек Чаарат кенинин чыгыш тарабында. Иш өтө көп, эң негизгиси кендин потенциалы да абдан жогору. Инвестордун бул долбоорду алга жылдыруу боюнча зор максаты жана эң негизгиси чоң каалоосу бар. Андан тышкары, азыркы учурда эле бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылуусу Чаткал районуна жана мамлекеттин жалпы экономикасына чоң пайдасын алып келүүдө. Кыргызстанда өзүнүн инвестициялык ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган учурдан тарта, Чаарат алтын кенин изилдөө иштерине “Чаарат Заав” компаниясы өз каражатынын эсебинен 170 млн. доллар салган. Мамлекеттин бюджетине 850 млн. сом салык, социалдык төлөмдөр жана башка мыйзам менен каралган төлөмдөр жүргүзүлгөн.

Чаарат кени мамлекеттик маанидеги объектилердин катарында турат. Ал гана эмес “Чаарат кенинде алтын байытуучу фабриканы эксплуатацияга киргизүү” 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясында каралган приоритеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесине кирет. Көрүнүп тургандай, мындай стратегиялык объектиде иштин ыкчам башталышы бардык тараптар үчүн маанилүү. Анткени, салыктардын эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражаттары өсөт. Андан тышкары, Чаткал районунун тургундарына жана жалпы эле мамлекетибиздин жарандарына жумуш орундары түзүлмөкчү. Бирок, жогоруда айтылгандай, кендин негизги курулуш иштеринин башталышы анын аймагындагы арчаны кыюу долбооруна оң эксперттик корутунду берүүсүз мүмкүн эмес.

Мен биринчи жолу Чаткалга 20 жыл мурда келген болчумун. Эгерде ошол кездеги жана учурдагы шарттарды алып карасак, район аябай өзгөрүлдү. Бүгүнкү күндө өрөөнүбүздө жаңы үйлөр салынып жатат. Көп жерде жолдорго асфальт төшөлүп, көчөлөр жарык болуп, тойканалар пайда болду. Мындай жагымдуу көрүнүштөр элдин жашоо деңгээлинин кыйла жогорулаганын айкын көрсөтүп турат, – дейт, «Чаарат Заав» ЖАКынын директорлор кеңешинин төрагасы Александр Новак.

– Чаткал району бүгүнкү күнү мамлекеттик дотациядан чыккан. Мында, албетте, аймактагы инвесторлордун, анын ичин-де “Чаарат Заав” компаниясынын салымы зор. «Чаарат Заав» социалдык жоопкерчи-лик принциптерин карманган компания. Ал бир нече жылдан бери район тургундарынын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн көзгө көрүнө турган салымын кошуп келе жатат. 2018-жылы социалдык жардамды көрсөтүүгө компания 14 млн. 400 миң сомду бөлүп берген, – деп, Чаткал райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Канжарбек Эшалиев ийгиликтүү кызматташуу тууралуу белгиледи. Кыргызстанга инвесторлор керек экени дайыма эң жогорку бийлик деңгээлинде айтылып келет. Ошондуктан инвесторлордун көйгөйлөрү эң жакын арада чечилеринен үмүт чоң. Чаарат кенинде алтын ылгоочу  фабриканын  курулушу  башталып, 2021-жылы биринчи алтын алынмакчы. Ал эми мамлекеттик казынага да анын эсебинен тийиштүү каражаттардын түшүшүнө өбөлгө түзүлмөкчү.

Назира АЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *