Жалал-Абад шаарында суу каптоонун алдын алууда

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын адистеринин чогуу аракеттери менен шаарга караштуу Тайгараев аймактык башкаруусунун бир катар аймактары суу ташкындарынан сакталып калды. Бул тууралу Жалал-Абад шаар мэриясынын курулуш, транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Жунусов билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, Көк-Арт дарыясынын шаардагы “Көк-Арт” кичи районунун Сузак району менен чектеш жайгашкан аймагындагы 150-200 метр  жээктерин да суу ташкындары жэп кеткен эле. Ал жерде да жээктерди бекемдөө, суу каптоолордун алдые алуу иштери жүргөн. Азыркы учурда шаар аймагын суу каптоо коркунучу жок.