2-июнга карата аба ырайы
Абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларга суу кирип, жээктерди жууп кетүү коркунучу бар. Ошондой эле дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу капташы ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
2-июнда кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Талас жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34;
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;
2-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы сукундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30 градус жылуу болот.