Жаз жарышы башталды? Абал кандай?

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Биринчи-вице-премьер министр К.Боронов Жогорку Кеңеште 2018-жылда ИДПнын көлөмү 557,1 миллиард сомду түзүп, курулуш тармагында өсүү 107,8%, кызмат көрсөтүү 102,1%, соода тармагында 105,5%, айыл чарба тармагында 102,7%, өсүмдүк өстүрүү 103,4%, мал чарбасы 102,2%дык жогорулоо болгонун, республикалык агрардык сектор ИДПнын структураларында алдыңкы позицияны ээлеп, элет тургундарынын негизги кирешеси катары эсептелерин, элдин дээрлик 65%ы айыл жергесинде жашап, айыл чарбасы менен алектенерин айтты.

Ал 2019-жылдын жазгы талаа иштерин уюшкандыкта  өткөрүү  үчүн февралда Өкмөттүн атайын  буйругу  кабыл  алынып, анын негизинде аткарыла  турган  иштердин иш мерчемдери жана  аткаруу  мөөнөттөрү көрсөтүлгөнүн, кыш айларында  аймактардагы өкмөттүн  өкүлдөрү  менен селектрдик кеңешме өткөрүлгөнүн, ага ылайык, үстүбүздөгү жылда жалпы айдоо аянты 1 миллион 219 миң гектарды түзөрүн жана бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 миң гектарга кеңейе турганы божомолдонгонун, жазында 447,4 миң гектар жер айдаларын билдирди.

Айыл  аймактарында  товар өндүрүүчүлөргө  жеңилдетилген насыяларды берүү бюнча Өкмөт тарабынан 2011-жылдан тартып 85  миңден  ашык  айылдык  ишкерге 30,4 миллиард сом берилген. Үстүбүздөгү жылда Өкмөттүн 28-январдагы токтому менен айыл чарбасын каржылоонун 7 долбоору кабыл алынып, экспортко багытталган рентабелдүүлүгү жогору сүт, эт, жүн, бал, балык, картошка, малина, кулпунай, карагат, пахта, тамеки, төө буурчак азыктарына насыя берүүнүн үстөк пайызы 6%га төмөндөтүлгөн.

Мындан сырткары айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө, жогорку сапаттагы үрөн жана асыл тукум мал чарбасына да үстөк пайызы 6% болгон насыя берүү каралган. Ошондой эле көп жылдык мөмөлүү бактарга жана интенсивдүү токой бактарына берилген насыялардын мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин узарган.

Аны  менен  катар  кредиттерди натыйжалуу пайдалануу үчүн дыйкандарга өкмөттүн өкүлдөрү тарабынан  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлүп, жеңилдетилген кредиттерди алгандардын кезеги боюнча маалымат сайтка жайгаштырылып, кезекке тургандар өзүлөрү онлайн режиминде көзөмөлдөй ала турган шарт түзүлгөн. Жарандардын банктардан жеңилдетилген насыяларды алуусу үчүн талап кылынчу документтер эң минималдуу деңгээлде каралган. 2019-жылдын 6-мартына карата республика боюнча 633дыйкан-фермерге 250 миллион сом суммада жеңилдетилген насыялар берилген.

К.Боронов 2019-жылдын бюджетине үрөнчүлүктү дотациялоого 107 миллион сом бөлүнгөнүн, дыйкандар үрөндү базар наркынан 30 пайызга арзан баада сатып аларын, жазгы талаа иштеринин жүрүшүндө минералдык жер семирткичтердин жетишсиздигинин алдын алуу үчүн буга чейин 100 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келүү боюнча Өзбекстан менен келишимге кол коюлуп, жеке компаниялар тарабынан тоскоолдуксуз өлкөгө ташылып келинип жаткандыгына жана учурда 46,3 тонна жер семирткич бар экенине токтолду.

Аны менен катар 2011- жылдан тартып машина-тракторлорду жаңылоого лизингге 3,3 миллиард сомго 2,5 миңден ашык техникалар берилгенин жана  дыйкандар  3  миңден ашык айыл чарба техникасын түз сатып алуу жолу менен алышканын, быйыл лизингге 350 техника берилери мерчемделгенин кошумчалады.

Биринчи-вице-премьер  министр жазгы айдап-себүү иштеринде дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоону көздөп, Россия менен бул багытта келишимдердин түзүлгөнүнө жана сугат суулар менен камсыздоодо суу тартыштыгы болбой турганына токтолуп, быйыл жер айдоо иштери 10-15 күн эртерээк башталгандыктан өлкөнүн түштүгүндө 13,6 миң гектар жер айдалганын айтты.

Бүгүнкү күндө муниципалдык жана  менчик  71  МТС  түзүлгөн. үстүбүздөгү  жылда  айдап-себүү иштерине 39,1 миң тонна дизелдик күйүүчү май талап кылынса, учурда анын 53,2 пайызы камсыз болуп, дизелдик отундун орточо баасы 1 литри 45 сомду түзгөн.