Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Өнүккөн улуттарда тартип бар, а бизде тартипсиз чоңдор бар

Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Өткөн жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденованын Түштүк Кореядагы сапары чоң чырга айланды. Бул айымдын самолёттон чатак чыгарып, тартипсиздик көрсөткөн видеосу ошол замат соцтармактарга тараган. Андан улам жалпы эле кыргыз чиновниктеринин чет мамлекетке чыккан сапарларына сарэсеп салынып, андай сапарлардын элге канчалык пайдасы бары-жогу талкууга алынды. Анын кесепети тийип, ырбаган чуудан аталган министрликтин бүтүндөй жетекчилиги отставкага кетип тынды. Мамлекеттик органдарда иштеген элдин “каймактары” бери дегенде эл аралык дипломатиянын эң жөнөкөй эрежесин сакташы керек эле.

Сөз удулу Корея Республикасына келген соң турмуштук айрым жагдайларды салыштырайын дедим. Жыл башында эки мыйзам, беш кодекс иштей баштаганда бир жигит Ак үйдүн дарбазасын көздөй түкүрүп, “мына менден айып пулуңарды ала бергиле” деп, ал “эрдигин” өзү соцтармактарга тараткан.

2015-жылы Борбор Азия жана Түштүк Корея – алты мамлекеттин форумун чагылдырганы Сеулга барып, бир апта жүрдүм. Сеулдун өзүнө эле жылына 1,2 млн. турист келет дешти. Көчөлөрдүн тазалыгынан, шаардын кооздугунан көз тайгылат. Бир күнү сыртта турсам, көчө четинде кофе куюп ичүүчү кагаз стакандын жатканын көрдүм. Ары жактан келе жаткан бир корей жигит кагаз стаканды көрүп токтоду. Аны жерден көтөрүп алып, туш тарабын карап таштанды челек таппагандыктан, аны үч-төрткө бүктөп чөнтөгүнө салып кетти. Мүмкүн ал жигит стакан кагазды үйүндөгү таштанды челекке салганы алып кеткендир. Мен буга өз ичимден Сеул шаарын сүйгөн көрүнүш катары баа берип, сапар кайрык макаламда келтиргем. Анткени, Сеулдан Бишкектегидей кыдырекей тизилген таштанды контейнерлерди көрбөдүм.

Япония мамлекети илимий технологиясы гүлдөп өнүккөнү, жалпы калктын улуттук аң сезими бийик деңгээлге көтөрүлгөнү кимге болсо да маалым. Мына ошол Күн чыгыш өлкөсүнө Жогорку Кеңештин депутаттар тобу барышып, мейманкананын бөлмөлөрүндө тамеки тартууга  тыюу салынганына карабай, үч депутат тамекинин калдыктарын жаткан жерине чогултуп, бирөөсү матрастын алдына ката берген. Кайра кайтчу убакыт жетип, өлмөнү бошотууга келгенде япондор тартип бузгандарга айып пул салышкан.

Чырлуу окуянын акырында биздин депутаттардын кылыгы үчүн мейманканага айып пулду Япониянын парламенти төлөп берүүгө аргасыз болгон.