Бишкекте балдарга балмуздак акысыз таратылды

Бишкекте кыргыз-дунган ассамблеясы балдар үчүн майрамдык салтанат уюштурду. Иш-чарага 30дан ашуун улуттун өкүлдөрү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ар бир улут салттуу улуттук ыр, бий өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөрдүн майрамдык маанайын көтөрдү.

Салтанаттын соңунда балдарга миң даана балмуздак жана түрдүү оюнчуктар акысыз таркатылды. Белгилей кетсек, балдардын ыр-бийи менен коштолгон  иш-чаралар өлкөбүздүн бардык дубандарында өтүүдө.