Февралда чет элдик резервдер 10 млн. долларга өстү

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында чет элдик дүң резервдери 10,05 млн. долларга өскөндүгүн Улуттук банк билдирип жатат.  Чет элдик дүң резервдери 2 млрд. 180,49 млн. долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 млн. 650 миң долларга кыскарган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айынан баштап, резервдер туруктуу өсүүнүн үстүндө. Анын эң төмөнкү деңгээли сентябрь айында эле байкалган. Улуттук банк резервдерди валюта рыногундагы чукул термелүүлөрдү жайлатууга колдонот.

Өткөн жылы Улуттук банк жалпысынан 11 интервенция жасады: 20 млн. 550 миң доллар сатып алып, 154 млн.550 миң долларды саткан. 2018-жылдын башында долларды сатуу 134 млн. долларды түзүптүр. Ал эми 2019-жылы 18,8 млн. долларды сатуу менен бир жолу гана валюта рыногуна чыгып, финансылык жөнгө салуу иштери өткөрүлдү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *