Чакан жана орто бизнеске кепил болгон «Кепилдик фонду», ишкерлердин ишенимдүү өнөктөшүнө айланган КРӨФ

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


«Кепилдик Фонд» ААК КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы «Кепилдик фондду түзүү» токтому менен түзүлүп, ошол эле жылы 2020-жылга чейин кепилдик фонддорун өнүктүрүү концепциясы иштелип чыккан. Арадан аз убакыт өткөнүнө карабастан фонддун капиталы жылдан жылга көбөйүп баратканын жана бул каражаттар республикалык бюджеттен бөлүнгөнүн белгилеп кетсек болот. Кошумча маалымат үчүн айта кете турган нерсе, «Инвестициялык климатты жакшыртуу» программасынын алкагында Азиялык өнүгүү банкы тарабынан кошумча 3 млн. доллар берилгени белгилүү. Кепилдик фонддун негизги максаттары: кичи жана орто бизнести насыялоо системасын өнүктүрүү; кичи жана орто бизнести насыялык ресурстар менен камсыздоо жана ар тараптан колдоо, Start-up долбоорлору; кичи жана орто бизнес субъектилеринин туруктуулугун жогорулатуу; товар жана кызмат өндүрүшүнүн көлөмдөрүн, бюджетке салыктардын келишин жогорулатуу; жаңы иш орундарын түзүү жана колдоо; бизнести жүргүзүү боюнча финансылык сабаттуулукту жогорулатуу.

Фонд – кичи жана орто бизнеске насыя алуу үчүн Банкка кошумча күрөөлүк камсыздоо катары жардам берүү зарылдыгынан улам түзүлгөн. Анткени, күрөөнүн жетишсиздигинен улам, 40%дан 50%га чейин насыя алуучулар банктан сураган насыянын суммасын ала алышкан эмес. Муну аймактарда турак-жайларды баалоо жана сатуу шарттары жакшы өнүкпөгөндүгү менен түшүндүрсөк болот, ошол себепке байланыштуу, банк-тар күрөөнүн насыя суммасынан 120% болуусун талап кылышкан. Ал эми “Кепилдик фонддун” түзүлүшү менен, орто жана кичи ишкердикти өнүктүрүүгө ыңгайлуу өбөлгө түзүлдү, ошол эле учурда насыялардын – кепилдиктердин кайтарымдуулугунун  жогорку  деңгээли  да  камсыз кылынууда.

Өткөн жылы «Кепилдик фонд» ААКы аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча көп иштерди алпарып, чакан жана орто бизнес менен алектенген айылдык ишкерлерди колдоого алды. Ошондон улам, фонд да 2017-жылга салыштырмалуу кепилдик берүүнүн суммасы боюнча дагы, кепилдиктин саны боюнча дагы каржылоону эки эсеге көбөйттү. Фонддун ишмердигиндеги алгылыктуу жөрөлгө катары ишкерлердин финансылык билимин жогорулатуу багытындагы иштерди айтат элек. Аталган мекеме 2017-жылы 276 ишкерди окутса, былтыр 700-800 адамды окутту.

“Кепилдик  фонду”  менен  өнөктөш-банктар анын кепилдиги боюнча 2 эсе көп кредит бергени — региондорду өнүктүрүүгө болгон жардам деп түшүнсөк болот. Бул биринчиден, экинчиден, Мамлекет башчынын “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын негизинде КР Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын июль айында “Кепилдик фонд” ААКнын уставдык капиталына кошумча 300 млн. сом акча каражаты бөлүндү. Ошентип учурда “Кепилдик фонд” ААКнын уставдык капиталы 582 млн.сомду түзөт. Бул чоң мүмкүнчүлүк деген сөз. Ошондой эле, Россия – Кыргыз Өнүгүү Фонду тарабынан “Кепилдик фонд” ААКына 2018-жылдын апрель айында 100 млн. сом, ноябрь айында 100 млн. сом насыя берилгенин да кошумчалай кетсек болот.

2018-жылдын  31-декабрына  карата 656 кепилдик берилип, анын суммасы 755 млн. сомду түзсө, ошол эле учурда, өнөктөш коммерциялык банктар, “Кепилдик фонд” ААКынын кепилдигинин жардамы менен, 2,75 млрд сомго насыя беришти, тактап айтканда кепилдиктин 1 сомуна 3,6 сом кредит берүүгө шарт түзүлдү. Бишкек шаарынан тышкары, “Кепилдик фонд” ААКы тарабынан аймактарга 495 кепилдик  ишкерлерге  берилип  (75%), сумманын көлөмү 438 млн. сомду түзгөн (58%).

Бир сөз менен айтканда, “Кепилдик фонду” чакан жана орто бизнестин чыныгы кепилдигине айланды. Кошумча маалымат үчүн айта кете турган нерсе, «Кепилдик фонд» ААК ишкерлерге кошумча күрөө камсыздоосун берүү менен колдоо көрсөтөт: эгерде кардарда күрөө каражаты жетишсиз болсо, анда фонд кепилдик берүүчү катары чыгып, банк тарабынан берилүүчү кредиттерди алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Фонддун программасында күрөө берүүдө кыйынчылыктарга туш болгон кардарларга насыя алууда кепилдик берүү каралган. Кепилдик алуу механизми эң эле жөнөкөй: Кардар банкка насыя алуу арызы менен кайрылат, банк арызды карап чыгып, алынган маалыматты жана берилген күрөөнүн негизинде насыя берүү мүмкүндүгүн жана берилүүчү насыянын өлчөмүн баалайт. Насыянын суралып жаткан суммасын төлөө үчүн кардардын кирешеси жетиштүү болуп, бирок ал сумманы алуу үчүн коюлуп жаткан күрөөнүн наркы жетишсиз болсо, анда банк кардарга «Кепилдик фондуна» кайрылуусун сунуштайт. Кардар фондго кайрылууга макул болсо, банк кардар тууралуу маалыматтарды фондго берет, фонд болсо 10 күндүн ичинде насыяга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат жана кабыл алынган чечим тууралуу банкка билдирет. Кредит берүүгө макулдук берилген учурда Банк кардарга насыя берүүнү жоболоштурат.

Фонд  кепилдик  берүүдө  айыл  чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүүгө, тигүү жана текстиль тармагына, курулуш материалдарын чыгарууга, соода тармагына, «ачык» экономиканы жана айымдардын ишкердигин колдоого артыкчылык берет.

Ишкерлердин ишенимдүү өнөктөшүнө айланган Кыргыз-Россия өнүгүү фондуна жаратман бизнес долбоорлору менен кайрылган ондогон ишкерлер аталган фонддон миллиондогон сом насыяларды алышып, ишкерлик иштерин өнүктүрүп, ооматы артууда. Чүй облусунун Вознесеновка айылында форель өстүрүп, ишкерлик кылып жаткан Ильгиз Сарылдык уулунун жаратмандык иши тууралуу айткандан эч тажабас элек. Бул жигит өзүнүн ишкердигин өнүктүрүү үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан форель өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн насыя алганы белгилүү. Ильгиз Кыргызстандын суу башында турганын, мөлтүр кашка сууларыбыз форель өстүрүү үчүн аябай жагымдуу экенин айтып, бүтүндөй кыргызстандыктарды форель өстүрүүгө, балык чарбасын өндүрүштүк деңгээлге алып чыгууга чакырып жатат. Анын урааны колдоого татыктуу. Анткени, мөлтүр кашка дарыялар дегенде, ал дарыялардын жээгинде отурукташкан айылдар эске түшөт. Жаш ишкер айткандай, ар бир айылда балык чарбасын өстүрүп, аны өндүрүштүк деңгээлге көтөрө алсак, анда кыргыз форели кыргыз брендине айланмак. Өз кезегинде элет жергесин көтөрүүгө жагымдуу шарттар түзүлмөк. Кыргызстандын калкынын 70%дан ашыгыраагы элет жеринде жашай турганын эске алсак, элет жеринин өсүп-өнүгүшү менен Кыргызстан да көтөрүлмөк.

Аравандагы цемент заводунун курулушунда да Кыргыз-орус өнүгүү фондунун өз орду, салымы бар. Заводдо жүздөгөн жумушчулар иштеп, өлкө бюджетине миллиондогон салык ж.б. төлөмдөрдү төлөп, элет жергесинин өнүгүшүнө өз салымын кошуп жатат.

Кыргыз  –  Россия  өнүгүү  фонду “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыгынын алкагында бир топ ырааттуу иштерди аткарып, өлкөнүн аймактарындагы ишкерлердин маалымат алууларын жакшыртууга, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө,  насыя  алуу  жана  пайдалануу шарттарын жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларды жүргүздү. Алсак, ишкерлерге күрөөсүз камсыз кылуу боюнча көмөк көрсөтүү багытында 2018-жылы биз сөз кылган “Кепилдик фонду” ААКына 200 млн. сом бөлдү; түзмө-түз каржылоо боюнча насыянын минималдуу суммасын 2018-жылы 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин ылдыйлатты; түштүк региондордо (Ош шаарында) РКӨФ өкүлчүлүгүн ачты, Баткен, Джалал-Абад, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында консультациялык борборлорду ачты, жер-жерлерге барып  консультация  берилди;  региондорго каражаттар теңдештирип бөлүндү, анын  ичинде  региондук  лимиттер,  региондордун артыкчылыктары белгиленди; кой чарбачылыгын жана бакчылыкты өнүктүрүү атайын программаларды ишке киргизди.

Жалпылап айтканда, Фонд тарабынан 2018-жылдын 31-декабрына карата алдын ала маалыматтар боюнча жалпы суммасы 303,9 млн. долларды түзгөн 1 653 долбоор жактырылган. Долбоорлордун географиялык жактан бөлүнүшү боюнча  айтсак:  Бишкек  шаарында  – 335 долбоор, 20%, Ош шаарында – 66 долбоор, 4%, Ош облусунда – 233 долбоор, 14%, Чүй облусунда – 327 долбоор, 20%, Жалал-Абад облусунда – 211 долбоор, 13%, Ысык-Көл облусунда – 333 долбоор, 20%, Талас облусунда – 44 долбоор, 3%, Баткен облусунда – 60 долбоор, 4%, Нарын облусунда – 41 долбоор, 2,5% ишке ашырылды.

Анын ичинен агро-өнөр жай комплекси, айыл чарба продукциясын кайрадан иштетүү – 22%, өнөр жай – 31%, транспорт жана логистика – 12,4%, инфраструктура – 11,6%, туризм – 11,8%, байланыш жана маалымат технологиялары – 1,6%, каржылык иш – 0,9%, башка тармактар – 9,1% насыялар берилген.

Жалпысынан 2018-жылы РКӨФ жана “Кепилдик фонду” ААК каражаттар эсебинен, анын ичинде “Айыл Банк” ААК жана “РСК банк” насыялоо аркылуу, экономикага (ишканаларга, коомдорго, ишкерлерге, чакан жана орто бизнеске) 25,3 млрд.сом каражаттар берилген.