Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: «Президенттин коррупцияга каршы чоң казатына бардыгыбыз кошулушубуз керек»

“Түбөлүк демократ” Топчубек Тургуналиев жакында жемкорлорго каршы күрөштү колдоо үчүн саясатка кайрадан демдүү катышарын билдирди. Бул максатта тилектештери менен “Коррупциясыз кыргыз коому” деген кыймыл түздү. Биз андан аталган кыймылдын мындан ары эмне иштерди аткарарын айтып берүүсүн өтүндүк.

– Топчубек Тургуналиевич, сиздер жакында “Коррупциясыз кыргыз коому” деген кыймыл түздүңүздөр, анын жетекчиси өзүңүз. Кыймылдын милдети, максаты кандай?

– “Фридом Хаустун”, Германиядагы “Интерференс интернешл” уюмунун маалыматтарына ылайык, Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын абалы боюнча дүйнөнүн 190го жакын өлкөсүнүн ичинде 136-орунду ээледи. Бул – Кыргызстандын коррупциянын сормо сазына батып калгандыгын айгинелейт. Коррупция совет мезгилинде деле болгон, бирок анын чындап гүлдөп өсүшү Акаевдин бийлигинен башталды. 1990-жылдан кийинки менчиктештирүү деген алааматтын учурунда элдин Октябрь төңкөрүшүнөн бери жыйналган жүздөгөн миллиард, мүмкүн, триллион долларлык байлыктары кан таламайга туш болду. Анын башында Акаев үй-бүлөсү менен өзү турду, ага заматта демократ сөрөйлөргө айлана калышкан мурдагы партократтар кошулушту. Ошол учурда Алмаз Атамбаев да Кыргызстандагы Ленин, Фрунзе сыяктуу эң ири 6 заводду менчиктештирип алып, алардын уникалдуу с танокторун, жабдууларын темир, керексиз катарында ит арзанга чет өлкөлөргө сатып байыды. Андан Акаевди жандаган Феликс Кулов сыяктуулар да калышпады. “Жараксыз темир” деп сатылган эң мыкты станоктордун, жабдуулардын, аскердик техникалардын салмактары эле миллиондогон тонналарды түзгөн. Мен 2000-жылдардын башында 3, 47-колонияларда жаттым. Ал жерлердин ишканаларындагы не бир сонун станокторду, жабдууларды чыгарып, темир сыныктары кылып жүктөп кетип жатышкандарын өз көзүм менен көргөм.

Ошондуктан биз кыймылдын атынан бийликтегилерге биринчи кезекте, ишенимдүү, аркалары таза, көз каранды эмес, элге белгилүү адистерден, коомдук ишмерлерден чоң Мамлекеттик комиссия түзүп, менчиктештирүүдөн, демек, тээтиги 90-жылдардан бери талангандардын, тонолгондордун баардыгын текшертип чыгуу талабын койгону жатабыз.

Убактылуу Өкмөт бийликте турганда бул максатта курамы 19 адамдан атайын комиссия түздүргөм. Ал алтын кендерин авантюристтерге кандай берилгенин изилдеген. Көрсө, Убактылуу Өкмөттүн ичинде сыртынан колдогон менен ичинен ага каршы чыккандар, өздөрү коррупцияга аралашкандар бар экен.

– Текшерткен менен деле алардын көбүнүн эскирүү убактысы алда качан өтүп кеткен, укуктук жыйынтыктары болбойт да.

– Бирок, өзгөчө баалуу нерселер “эскирди” деген мезгил жобосуна жатпайт. Кимдер элге, мамлекетке канча зыян келтиришкендерин эл билиши, кийинки муунга сабак болуп, эстеринде калышы зарыл. Андагы мыйзамсыз таламайларга өзгөчө жанталашып катышкандардын айрымдары дагы деле жооптуу кызматтарда иштеп жатышат, саясатта элге акыл үйрөтүп жүрүшөт. Муну да эске алуу зарыл.

Мына ошондон бери Кыргызстандын эл чарбасынын 40-60 пайызы көмүскө экономикада.

Сооронбай Жээнбеков жемкорлорго каршы чыныгы чоң казат жарыялады. Бул эрдик, тобокелчил чечкиндүүлүк. Бирок, аны Жээнбековго, айрым ак ниет чиновниктерге гана калтырбастан, элдин, мамлекеттин тагдырына кайдыгер карабагандардын баардыгы кошулушу, ал жалпы элдик кыймылга айлануусу зарыл. Ошондуктан биз кыймылдын баардык аймактарда, шаарларда, колдон келсе, ар бир айыл өкмөтүндө топ түзөлүк деп жатабыз. Эгерде эл колдосо, аны ишке ашырса болот. Колдойт деп ишенем. Жегичтерди, ичкичтерди элдин басымдуу көпчүлүгү мамлекеттин душманы катарында эсептешет. Ошондо кыймыл чоң күчкө айланат.

Биздин келечектеги максат, Кыргызстандын дүйнөдөгү коррупциясы аз он өлкөнүн катарына кирүүсүнө жетишүү.Жакында ири коррупциялык иш боюнча Россиянын бир сенатору кармалды. Ал анын коррупциялык иштерин жакшы билгендердин тымызын көздөрүн тазалатып турчу экен, эки адамды өлтүртүптүр. Андай иштерге бара тургандар бизде деле бар. Муну да көңүлдөн чыгарбоо керек. “Коррупция менен чечкиндүү күрөшкөндөрдүн коопсуздугун мамлекет коргоо керек” деп Президент жарлык чыгарды. Бул күрөшкөндөргө кошумча дем берет.

– Белгилүү чарбакер Дастан Сарыгулов коррупциядан улам 2011-2017-жылдарда Кыргызстандын бюджетине болжол менен 7-9 миллиард доллар түшпөй калгандыгын айтууда. Сарыгулов башкасы болбосо да тоо-кен жагын жакшы билет. Ал чын болсо, биздин фискалдык органдар каякты карап отурушкан?

– Каякты карашмак эле, алардын да ал мыйзамсыз иштерде кызыкчылыктары бар да. Мен ал сандарды так билбейм. 1993-жылдын жазында Кумтөр боюнча Жогорку Кеңеште талкуу өткөрүлгөн, ага Акаев баш болуп өкмөт, мен да катышкам. Ошондо Дастан Сарыгулов: “мен Франциядан жакында эле келдим, ал жакта “Сиабекодон” жакшы пайдалуу сунуш бергендер бар, Кумтөрду ошолордун бирине бербейлиби” дегенде Акаев: “Сен бүтүп калган ишти эмнеге бузганы жатасың” деп ызырынып, аны урушуп, жерден алып көргө чапкан. Көрсө, Акаев Бирштейн менен маселени мурда эле чечип, үлүшкө кирип алган экен. Дастан Сарыгулов жакшы сунуш берген менен ага бекем тура албады, Акаев каарып койгондо эле өчүп, анын колдоочусуна айланып кетпедиби. “Кыргызалтында” турганда коррупциялык иштер да көп болду. Кумтөр боюнча елишимге Апас Жумагулов кол койгон, ал каяша кылганга да жараган эмес. Кумтөр үчүн үчөө керт баштары менен жооп берүүлөрү керек.

– Биздеги мамлекетти тоногондор чет өлкөлөргө чыгып кеткенге эле жарашпаса, баардык жазалардан кутулуп кетишүүдө. Укук коргоо органдары адашып өздөрү келип калгандарды гана кармашууда. Эмне үчүн качкандарды кайра алып келип, мыйзамдагы жазаларга кириптер кылышпайт?

– Ал үчүн биздин Өкмөт башка өлкөлөр менен качкан кылмышкерлерди кармап берүү боюнча эки тараптуу келишимдерди түзүүлөрү керек. Биздин мурдагы жетекчилер атайылап андай келишимдерди түзүшкөн эмес. Антсем бир убакта өзүмө зыяны тийип калабы деп ойлошкон. Ошондон улам АКШга, Англияга, Европанын башка бир катар өлкөлөрүнө качкандарды гана эмес, Россия менен Белоруссияда жүргөндөрдү да кайтарып ала албай жатабыз.

Биз Жогорку Кеңештин төрагасына мына ушул жана башка маселелер боюнча жолугушуу өтүндүк. Жооп болбой жатат. Жолуксак ушуларды айтып, анан канча депутатка, кандай маселелер боюнча кылмыш иштери козголгондугу жөнүндө маалыматты сурамакпыз. Мага бир депутат конфиденциалдуу түрдө 24 депутатка кылмыш иши козголгонун айтты. Эмне үчүн алар парламентте отурушат? Сот актагыча же биротоло камагыча алар кызматтарынан четтетилип турушу керек. Биз мындан ары ушундай талапты катуу коёбуз. Парттизме аркылуу шайлоо деген — коррупциянын өзү. Анда партияны түптөгөндөр, анын калыптануусуна салым кошкондор эске алынбайт. Акчалары көп болсо, партияда жокторду деле тизмелерге кошо беришет. Алсак, А.Салянова “Ата Мекен” партиясына мүчө болду беле? Жок. Партияны түптөгөн Дүйшөн Чотонов тизмеге 54чү, Асия Сасыкбаева 17чи болуп киргизилип мандаттан куру калышса, алдыңкы орундардын көбүн партияга тиешеси жок акчалуулар ээлешип депутат болушту. Коррупция деген ошол. Башка парттизмелер деле ошондой негизде түзүлгөн. Парламент өзү коррупциялык жол менен түзүлүп жатса, анан ал кантип коррупцияга каршы күрөшөт? Тилекке каршы, бизде партия деген атка жооп берерлик партиялар али жок. Идея, идеология үчүн таза адамдар гана күрөшөт, байлар, коррупционерлер акчаны гана ойлошот.

– Азыр парламентте экс-президенттердин кол тийбестигин алуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда. Ага карата пикириңиз кандай?

–Укуктук системада “мыйзамдын артка карата күчү жок” деген түшүнүк бар. Мыйзам кабыл алынган күндө деле кандай иштейт, ал өзүнчө маселе. Конституцияда “Кыргызстандын жарандары мыйзам алдында бирдей” деп жазылып турат. Анын негизинде эле жетиштүү фактылар болсо, экстерге карата кылмыш иштерин козгой берсе болот. Акаев, Бакиев, Атамбаев президент болуп турган кезинде коррупция кандай өнүгүп, мыйзамдар кандай тебеленгендигин көрүп жатабыз.

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *