Өзбекстанда жарандар кайтарып бербеген насыяларды банк кызматкерлери төлөп жатышат

Өзбекстандын Сырдарья облусундагы банк кызматкерлери жарандар кайтарып бербеген насыяларды өз чөнтөктөрүнөн төлөп берүүгө аргасыз болушууда.

«Микрокредитбанктын» аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери билдиришкендей, элге «Ар бир үй-бүлө — ишкер» программасынын алкагында берилген насыялардын кайтарылышы үчүн жоопкерчилик банк кызматкерлерине жүктөлгөн. «Эл аралык стандарттар боюнча, насыя алган адам акчаны кайтарып бере албай калган учурда, анын ордуна төлөп бере турган кепил адам керек. Былтыр президент насыялар жарандарга тезирээк берилиши керектигин айткан. Анда биздин банктын кызматкерлерин насыя алып жаткандарга кепил болууга мажбурлашкан. Эми кайтарылбаган насыялар үчүн жоопкерчилик биздин кызматкерлерге жүктөлүп отурат», — деди банктын өкүлү.

Анын айтымында, жетекчилик насыялар төлөнбөй калса кызматкерлер жумуштан алынарын эскертүүдө. «Биз жумушсуз калбайлы деп өз чөнтөгүбүздөн кардарларыбыздын насыяларын төлөй баштадык. Бирок бул адилетсиз болуп жатпайбы! Ал насыяларды биз алган эмеспиз да», — деди банк кызматкери.

Сырдарьядагы өз булактардын маалыматына караганда, 900дөн ашык жергиликтүү тургун насыя катары алган бир нече миллиард сум акчаны кайтарып берген эмес.

Облустук акимчиликтен билдиришкендей, жеткиликтүү насыялар жарандарга мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты өнүктүрүү, ошондой эле бир катар башка тармактар боюнча бизнес ачуу максатында берилген. Бирок айрым жарандар акчаны башка максаттарда пайдаланып, жыйынтыгында кайтарып бере албай калышкан.