Өкмөт ар бир төрөлгөн балага сүйүнчү пул берет

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорду Премьер-министр колдоду. Мындан тышкары, 3 жашка чейин ай сайын “эне-балага жөлөк” төлөнүп турат.

Ал эми 3 же андан көп балалуу ата-энеге бөбөк 16 жашка чыккыча “үй-бүлөгө көмөк” акылары берилет. Жөлөк пулдардын суммасы такталбайт. Бул документти эми жалпы парламент колдоп берсе, ишке ашат.