Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду

Айнура Султанбаева КР Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык,  Айнура Султанбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.