Кыргызстанга жыл сайын 250-300 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз түрдө ташылып келинет

Февраль айында депутат Элвира Сурабалдиева Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 10-15 сомго чейин арзандабай жатканын айтып чыккан. Эл өкүлү муну Казакстан менен тиешелүү макулдашуулар өкмөт тараптан түзүлбөгөнүн белгилеп, «Казакстанда мунайдын баасы түштү. Арзандаган күндө дагы биз менен айырма 10-15 сомду түзүп жатат. Ошол мунайды Кыргызстанга берүүгө Казакстан макул. Арзаныраак келишим менен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга 400 миң тоннага чейин беребиз деп жатат. Бирок негедир келишимдер түзүлбөйт. Экономика министри элди эмнеге ойлобойт?»,-деп суроо берген.

Мындай билдирүүлөр коомчулукта чоң резонасты пайда кылып, өкмөттүн күн тартибине чыккан. Ошондой эле Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күйүүчү май рыногундагы абалды жөнгө салуу боюнча тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тапшырма берген болчу.

Эми болсо Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанга жыл сайын 250-300 тонна күйүүчү-майлоочу май мыйзамсыз түрдө ташылып келерин айтып чыгышты. Алардын айтуусунда мыйзамсыз ташып келүү Кыргызстандын рыногунун жалпы көлөмүнүн 20 пайызын түзөт.

«Мындай күйүүчү майдын өздүк наркы көп чыгымдарды өзүнө камтыбайт. Анын ичинде өздүк наркка кирген 20 пайыздан көбүрөөк сумманы ээлеген акциздерди жана салыктарды дагы. Ошондой эле мунайзат өнүмдөрүн Казакстандан импорттоодо ар кандай химиялык заттардын да орду бар (аралаштырмалар, газоконденсат, көмүртек, кошулмалар жана башкалар). Бул мунайзат өнүмдөрү товардык бензиндин курамына кирет, бирок өлкөгө мыйзамсыз кара май ташуучулар аркылуу ТНВЭД коду астында импорттолот», — деп белгилешет ассоциациянын өкүлдөрү.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Казакстандан Кыргызстанга мунай жана мунайзат өнүмдөрүн ташууну төлөмсүз ташуу келишимине кол коюшууну тездетүүгө чакырат.

«Баанын бычылышына Казакстандан мыйзамсыз алынып келинген мунайзат өнүмдөрү да таасирин тийгибей койбойт», — делет Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсүндө.