Аксы районунун акими дайындалды

Досбаев Ыманберди Райымбердиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы — акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ыманберди Досбаев буга чейин Жалал-Абаддын Чаткал, Токтогул райондорунда аким болуп иштеген. Андан кийин президенттик, өкмөттүк аппараттарда эмгектенген.