Сооронбай Жээнбеков: «Адилет, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес»

11-мартта Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайы болуп, анда Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Мамлекет башчы сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделерин баса белгиледи. Төмөндө Мамлекет башчынын сөзүн айрым тезистер түрүндө келтиребиз.

Башталган реформа аягына чыгарылат

Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Өзүбүздүн жарандардын, чет элдик өнөктөштөрдүн, инвесторлордун бийликке болгон мамилеси, биринчи кезекте, сотторго жана укук коргоо органдарына байланыштуу.

Жаңы мыйзамдарда судьялардын укуктары абдан кеңейтилди. Эми сиздер — тергөөчү, прокурор, адвокаттардан мыйзамдын так жана бирдиктүү аткарылышын талап кылууну күчөтүүңөр зарыл. Реформаны ишке ашырууну кечеңдетүүгө соттор себепкер болбошу керек экенин дагы бир жолу эскерте кетейин.

Бизде башка жол жок, алган багытыбыздан тайбайбыз, баштаган реформаны аягына чыгарабыз. Реформаны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уюштуруу иштеринин начардыгынан маселелер көбөйүп кетишине жол берүүгө болбойт.

Кандайдыр бир маселе чыкса, соттор, прокурорлор, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын адистери кодекстерди иштеп чыккан эксперттер менен биргелешип ыкчам чечиш керек.

Реформанын максаты — бүтүндөй укук коргоо системасын реформалоо

Сот адилеттигинин сапаты — күч органдарынын ишинен көз каранды. Адам укуктарын сактоо үчүн укук коргоо органдарынын иши бүгүнкү турмушка ылайык түп-тамырынан бери кайрадан түзүлүшү керек. Аталган реформалар соттордун гана иши эмес, бул жалпы мамлекеттик иш.

Жогорку Кеңеш да, Өкмөт да, коомчулук да бул процессти колдоодо. Өкмөт бул реформаны ишке ашырууну ыкчамдатышы зарыл. Сот системасын каржылоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоого буга чейин да тийиштүү чаралар көрүлүп келген жана мындай колдоо уланат.

Сот тутумуна республикалык бюджеттен акча каражатынын бөлүнүшү жылдан жылга  көбөйүп  жатат.  2018-жылга  карата  —  1 млрд. 555 млн. 958 миң 200 сом бөлүнүп, бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылга карата — 2 млрд. 154 млн. 617 миң 100 сом бюджет каралды, 2018-жылга салыштырмалуу бюджеттин өсүшү 38,5 пайызды түзөт. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бө лүнүүдө.

Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз. Бирок, силерден ошого жараша кайта-рым болбой жатат.

Келечекте аткара турган милдеттер, артыкчылыктуу багыттар

Биринчи — сот органдарында мыйзамдын үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү. Учурдагы сот системасында мурдагыдай эле сот катачылыктары, мыйзамдарды жана судьянын этикасын бузуу фактылары кездешүүдө.

Мисал катары, бүтүндөй сот системасынын аброюна көлөкө түшүргөн акыркы фактыларды айтсак болот.

Кээ бир судьялардын өз кызыкчылыктарын көздөп, кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар кездешет. Айрым судьялар тарабынан чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлк объектилерин тартып алууга багытталган чечимдер чыккан. Кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген.

Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин  аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген.

Кийин,  прокуратуранын каршы  сунушунун  негизинде соттук инстанциялардын өкүмдөрү жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан каралууда. Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Судьяларды тандоо кеңешине кайра кайтардым. Ал өз убагында 27 килограмм героин жана 5 килограмм гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого райондук сотко жөнөтүп салган.

Дагы бир кейиштүү нерсе — биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралат. Мисалы, бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген.

2016 — 2018-жылдар аралыгында мыйзам бузгандыгы үчүн 10 судья кызматынан бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылган. 10 судья боюнча Судьялар кеңеши же тартип комиссиясы тарабынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурасына макулдук берилген.

Үчүнчү, бул жарандардын кеңири катмарына сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Соттордун ишин санариптештирүү буга чоң өбөлгө болот. Анткени, санариптик технологияларды пайдалануу жарандардын конституциялык укуктарын мурдагыдан алда канча натыйжалуу коргоо үчүн оңтойлуу шарттарды түзүп, жемкорлукту азайтат. Бардык жарандардын, өзгөчө калктын аярлуу катмары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.

Санариптештирүүнү тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел. Биздин судьялардын көпчүлүгү компьютерде иштегиси келбейт, кагаз-калемге көнүп калышкан. Илгерки замандагы адаты менен жардамчыларын, катчыларын жаздырышат. Мезгил талабына ылайык бизге «санариптик судьялар» керек. Мисалы, Казакстанда жарандык доо арыздардын 91 пайызы электрондук форматта.

Соттун автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү менен сот актыларынын мамлекеттик реестри түзүлөт. Ага бардык санариптештирилген архивдер киргизилет.

Төртүнчү,  жазык  сот  адилеттигин жүргүзүүнүн жаңы тартиби жана эрежелери ишке киргизилиши керек. Аларда соттордун жаңы компетенциясы, анын ичинде сот өндүрүшүнүн жаңы жөнөкөйлөтүлгөн тартиби каралган. Сотко чейинки да, соттук да териштирүүлөрдүн жүрүшүндө судьялардын ыйгарым укуктарынын жана соттук контролдоонун алкагы кеңейтилүүдө. Мында тергөө судьяларынын институту киргизилди, эми сотко чейинки өндүрүштү контролдоодо соттордун орду жогорулады.

Аны менен катар андан ары сот түзүлүшүн өркүндөтүү керек. Мында административдик юстициянын эффективдүү системасы жөнүндө маселе турат. Райондор аралык сотторду кайра уюштуруу менен ал соттордун базасында административдик сотторду түзүү мүмкүндүгүн ишке ашыруу зарыл.

Сот арачыларын түзүү маселесине да токтоло кетейин. Бул соттор жөнүндө мыйзам 2009-жылы эле кабыл алынган, бирок аны ишке ашыруу Өкмөттүн эсеби боюнча олуттуу каражаттарды издеп табууну талап кылат.

Ушундан  улам  өкмөттүн  сунушу  менен парламент аны аткаруу мөөнөтүн башында 2015-жылга чейин, андан соң 2020-жылга чейин жылдырган. Азыркы күндө да мамлекеттик органдарда муну ишке ашыра алабыз деген бекем ишеним жок. Ушуну эске алып, жагдайды дыкаттык менен анализдеп, оптималдуу вариантын табуу үчүн укук таануучулардын жана башка адистердин каты-шуусу менен жумушчу топ түзүү туура болот деген пикирдемин.

Бешинчи, Кыргыз Респуб-ликасынын  Жогорку  сотунун жана анын пленумунун компетенциясында толугу менен турган  сот  тажрыйбасынын  бир түрдүүлүгүнө  жетишүү.  Бир-дик түү сот тажрыйбасы болушу керек.

Алтынчы,  өлкөдө  жагымдуу инвестициялык климатты бекемдөө зарыл. Анткени, бул мамлекетибиздин экономикалык саясатынын эң маанилүү маселелеринин бири. Инвестициялык жагымдуулук көптөгөн факторлордон көз каранды экендигин билесиңер. Алардын негизгилеринин бири — бул кынтыксыз жана натыйжалуу улуттук сот системасы экендиги шексиз.

Көз карандысыз жана адилеттүү сот — ар бир мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн өзөгү. Мунсуз бир дагы өлкө ийгиликтүү өнүгө албайт, жагымдуу инвестициялык климат болбойт.

Ошондуктан, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында экономикалык мүнөздөгү иштерди кароодо соттордон адилет, кесипкөй мамиле талап кылынат.

Судьялар жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш

Бүгүнкү  курултайда  коррупцияга  каршы күрөш, судьялардын этикалык жүрүм-туруму, жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча көйгөйлүү маселелерди карайсыздар. Судья жогорку деңгээлдеги моралдык-этикалык талаптарды, иште да, кызматтан тышкары жерде да сакташы зарыл. Судьянын жүрүм-турумунун этикалык стандарттарында каралган чектөөлөрдү судья өзүнө ыктыярдуу түрдө кабыл алышы керек.

Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен  бирдей  турууга  тийиш.  Мына  ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок! Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан оркуш керек! Ыйман болушу керек.

Ушуга байланыштуу ушул залда отургандардын бардыгына Хадистерден бир мисалды айта кетейин. Пайгамбарыбыз: «Сот үч түрлүү болот. Экөө — тозокто, бирөө – бейиште. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок туура эмес өкүм чыгаргандар тозокто болот»,- деп айткан.

Көп нерсе Кеңештин жаңы курамына байланыштуу

Мындан сырткары курултайда Судьялар кеңешинин жаңы курамы шайланат. Тилекке каршы, буга чейин иштеп келген курам натыйжалуу иштерди жасай албады. Бардык багыт боюнча ишти активдештирүү үчүн бул тажрыйбадан жаңы курам сабак алат деп ишенем.

Кийинки Кеңеш сот адилеттигинин сапатын арттыруу үчүн адилетсиз чечимдерди кабыл алууну болтурбоого жетишет деп ишенем.

Ошондой эле сот адилеттигин жүргүзүү процессине кийлигишүүгө жол бербей жана сотко кысым көрсөтүү фактыларына бөгөт коюу зарыл. Мында Судьялар кеңеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча өзүнүн конституциялык ыйгарым укугун тиешелүү түрдө аткарууга тийиш.

Т.ИСКАКОВ