“Ракета”

14-марттан баштап өлкөбүздүн бардык кино театрларында “Ракета” тасмасы көрсөтүлө баштайт. Бул комедия жанрында тартылган фильм. Сценарийи бир жыл аралыгында жазылган. Ал эми тартуу иштери бир айда бүткөрүлгөн. Узактыгы 1 саат 40 мүнөт.

Айжан БАЙДЖИЕВА, актриса: “Камерасыз жашоомду элестете албайм”

Мен бул тасмада, кесипкөй актерлор менен иштешкеним үчүн жана эң башкы ролду ойногонум үчүн абдан кубанычтамын. Кино – бул кыйноо демекчи, кино тартуу учурунда жеке мен үчүн анча-мынча кыйынчылыктар болду. Бирок, буюрса тасманы чоң экрандан көрүп мээнетибиз кайтып, түйшүгүбүз унутулат деп ишенем. Себеби, кино тартуу, ага тартылуу аябагандай чоң жумуш. Аны түшүнбөгөн айрым инсандар “силер жыргап ойноп-күлүп жүрүп эле акча таба бересиңер” деп айтышат. Ар бир кесиптин ырахаты да, түйшүгү да бар дегендей, чынында актерлук кесип да оңой эмес. Кээде ушул багытты тандап алганыма өкүнүп кеткен да учурларым болот. Бирок, камерасыз жашоомду элестете албайм. Буга чейин “Сүйө бил” жана “Чыңгызхандын ак булуту” тасмаларына тартылгам.

Эльдар ТУРДУМАМБЕТОВ, режиссер: “Фильмдин кандай болгонун экран көрсөтөр”

Бул тасманын жаралышына Эркин Эгенбердиев себепкер болду. Анткени, идея айтып, сунуш кылган ушул киши.

Экөөбүз сценарийин 2017-жылы жазып баштаганбыз, 2018-жылы жайында бүттүк. Актерлорду издөө, сьемкага даярдык көрүү иштерин эске албаганда, кино 1 айда тартылып бүттү. Кесипкөй адамдар менен иштешүү жеңил  болгондуктан, кыйынчылыктарга дуушар болгон жокпуз. Тескерисинче, күлкүлүү окуяларга  туш  болуп жаттык…

Фильм  эки-үч  киши  бир  жерди  талашып, урушуп жаткан жеринен башталат. Ошол эпизодду тартуу үчүн, 20-30  киши  чогулуп “Ала-Тоо” айылына барганбыз. Киного керектүү буюм-тайымдарды ала барганбыз.  Аларды жайгаштырып,  тасманы  тартып  баштасак, ары-бери  өткөн  машиналар  токтоп,  элдер  топтолуп:  “Жер басуу  болуп  атабы”, – деп келишти. Аларга  кино  тартып  жатканыбызды  түшүндүрүп  жаңы  эле  кетирсек, милициялар келди: “Силер жер басып алууга аракет кылып жатыптырсыңар”, – деп. Жөнүбүздү айтып, уруксат кагазыбызды көрсөтсөк дагы ишенгилери келбейт. Айтор, камерадагы тартылган видеолорду баштан-аяк көрсөтүп жатып, араң дегенде кутулдук…

“Ракета”  –  менимче  25  жаштан  40  жашка  чейинки  курактагы  көрөрмандар  үчүн  кызыктуу  болот  деп  ойлойм. Азырынча,  укмуш  болду  деп  айтуудан  алысмын.  “Экран көрсөтөт”, – деген сөзү бар эмеспи. Анын сыңарындай, фильмдин  кандай  болгонун  экран  көрсөтөр.  Көргөн  эл  өз  баасын берер.

Жеңишбек СМАНОВ, актер: “Ракета” миңдеген көрүүчүлөрүн табат деп ишенем”

“Ракета” деген кино тартканы жатабыз, башкы ролду ойноп бербейсизби”, – деп Элдар келди. Алгач укканда айга же, марска учабызбы деп күлгөм. Көрсө, кинодогу башкы каармандын аты Ракета экен. Мына ошол Ракетанын ролун мен аткардым. Сценарийди окуп чыгып, дароо эле макул болдум. Себеби, бул фильм комедия жанрында тартылганы менен, күндүн күрөө тамыры болгон тематикалар камтылган. Ошол эле коррупциялык иштер, жер, үй маселеси. “Ракета” – азыркы замандын талабына ылайык кино болду деп ойлойм. Буга чейин кино комедияларга тартылып көрө элек болчумун. “Жер тоголок” жана “Ракета” тасмаларына тартылып, комедиялык жанрда дагы ойной аларымды билдим.

Режиссер: Эльдар Турдумамбетов. Ал буга чейин “Кокуй кошуна” кино комедиясын тарткан. Ошондой эле, “Миллиондук мелдеш 2”, “Көпөлөк”, “Делбирим” тасмаларынын сценарийлерин жазышкан.

Сценарийин жазгандар: Эльдар Турдумамбетов, Эркин Эгенбердиев

Башкы  рольдордо: Жеңишбек Сманов, Эркин Эгенбердиев, Айжан Байджиева, Толгонай Арзыкеева, Анвар Осмоналиев ж.б.