С.Жапаровдун мурдагы жардамчысы Т.Оторбаев кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 22-майда 2013-жылдын январынан бери мародурлук фактысы боюнча издөөдө жүргөн Кыргызстандын 1979-жылы туулган жараны Тимур Оторбаевди кармаган.

Комитеттин маалыматы боюнча, ал Кылмыш кодексинин 172 (турак жайга жана турак эмес имараттарга, курулуштарга ээлик кылуу), 350 (жалган документ жасоо) жана 166-беренелеринде (алдамчылык) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн изделген.

Т.Оторбаев 2010-жылы 7-апрелде Эльдар Мадылбеков (ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу) жана Тимур Назаркулов (издөөдө) менен бирге Киев көчөсү 74 мурда Максим Бакиевге таандык имаратты мыйзамсыз басып алганы, ошондой эле, Алексей Елисеевдин жалпы аянты 0,011 га батирин өзүнө мыйзамсыз каттатып алгандыгы үчүн айыпталууда.

Мындан тышкары Т.Оторбаев алдамчылык жолу менен Бишкектин аймагында жайгашкан имараттарды жана курулуштарды мыйзамсыз саткандыгын жазат УКМК.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-майда Т.Оторбаевге карата тергөө соңуна чейин УКМК абагына камакка алуу чечимин кабыл алган.

УКМКдан Т.Оторбаев КР Улуттук коррупцияны алдын алуу агенттигинде иштеп, Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон жана анын жетекчилиги менен Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматына ишке орноштурууга тандоо сынагы өткөн.