Улуттук статистика комитетти: Кыргызстанда орточо айлык 15 325 сомду түздү

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2019-жылдын февраль айында керектөө баалары жана тарифтери өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,2 пайызга төмөндөгөн. Бул азык-түлүк эмес товарлардын (0,4%), тамак аштын жана алкоголдук эмес ичимдиктердин (0,3%га) жана кызматтардын баасынын (0,1%га) төмөндөшүнө байланыштуу.

Ошол эле учурда ушул жылдын башынан тартып, азык-түлүк эмес товарлардын наркы 0,5 пайызга, тейлөөлөр 0,4 пайызга төмөндөдү. Жалпы алганда жылдын башынан бери керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 0,2 пайызды түздү.

Ал эми айлык акыга келсек, 2019-жылдын январь айында бардык экономикалык ишмердүүлүктөрү ар түрдүү бардык ишканаларда жана уюмдарда (чакан ишканаларды эске албаганда) өскөндүгү байкалган. Алсак, маалымат жана байланыш чөйрөсүндө (23,5), кен казуу тармагында (12,5), мамлекеттик башкарууда (8,2) жана кайра иштетүү өнөр жайында 7,7 пайызга өскөн. Кыргызстан боюнча алганда орточо айлык 2019-жылдын январь-февраль айларында 15 325 сомду түзгөн.

Бирок, кесиптик, илимий-техникалык ишмердүүлүк менен алектенген ишкана-уюмдарда жана башка тейлөө ишмердүүлүктөрүндө айлык акынын деңгээли мурунку калыбында сакталып калган.

Аймактар боюнча алганда Ош облусунан башка облустардын баарында баалардын жана тарифтердин жогорулашы байкалган.

Республиканын аймагы боюнча февраль айында январга салыштырмалуу баалар жана тарифтер 0,2%га төмөндөгөн. Аны менен бирге алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары 0,7%га өскөн. (ТА)