Прокурордун жардамчысы Мээрим Жакыпбаеванын «өжөрлүгү»

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


“Кыргыз Туусу” гезитинин 2018-жылдын 25-февралдагы санынан “Укук коргоочулардын өздөрүнөн коргоо да керекпи?” аттуу макалам жарыяланган. Андан кийин ушул эле темада жабырлануучу Марат Сулаймановдун “Жаңы Башкы прокурор Жамшитовго ишенип турам” аттуу каты жарык көргөн. Бирок, жергиликтүү прокуратура органдарынын кызматкерлеринин айынан ошолордо көтөрүлгөн маселе азыркыга чейин созулуп, эми гана чечилчүдөй болуп турат.

Анан да ушул укуктук талаш боюнча эпопеядан кийин менде КРнын Башкы прокурорун жергиликтүү прокурорлор тоотпостон өзүм билемдигин уланта беришет окшойт деген ой жаралды. Анткени, Башкы прокуратура тарабынан бир нече жолу Чүй облустук жана Москва райондук прокуратуранын айрым кызматкерлеринин бул иш боюнча чыгарган токтомдору жокко чыгарылуу менен ишти териштирүүдөгү кемчиликтери көрсөтүлүп, кайра иликтөөгө жиберилип жатса да, алардын тоотпой мурдагыдай чечимдерди кайтадан чыгарып жатышканын башкача кандай түшүнүүгө болот?

Окурмандарга түшүндүрө кетсек, Чүй облусунун Москва районунун Мураке айылындагы Усубалиев көчөсүнүн №4а дарегинде жашаган Маратбек Сулаймановдун 1970-жылы курулган үйүнүн жанына 2014-жылы ошол кездеги райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Раад Мырзаканов курулуш иштерине эч кандай уруксатсыз эле үй-жай салып, анан чарбалык курулушун кошунасынын үйүнө 40 сантиметр жакын жана жерин көздөй 2 метрден ашык киргизип салып алган.

Бул боюнча төмөнкү расмий документтер бар:

  1. Москва райондук мамкаттоонун начальниги Р.Ибраимовдун Р.Мырзакановдун наамына эч кандай жер, үй катталбаганды-гын көрсөткөн 24.03.2017-ж. №330 жообу;
  2. Москва райархитектура башкармалыгынын Р.Мырзаканов курулушка эч кандай уруксат берүүчү документтерди албаганын көрсөткөн 27.03.2017-ж. №23 жообу.
  3. Ак-Суу айыл  кеңешинин  төрагасы З.Алымкуловдун Р.Мырзакановго жер участогу берилгендиги жөнүндө 06.06.2001-ж. №1 чечиминин түп нускасынын жоктугу жана көчүрмөсүндө мөөр болбогондугу, жер участогун берүү жана үй курууга уруксат берүү чечиминин жана жер комиссиясынын протоколунун жоктугу жөнүндө жообу;
  4. ЭТКМИнин адистеринин Р.Мырзаканов үйүн жана чарбалык курулуштарын М.Сулаймановдун үйүн көздөй 40 сантиметр жакын салып алгандыгын аныктаган 17.04.2017-ж. каты жана 11.04.2017-ж. актысы;
  5. М.Сулаймановдун үй  курулуштары өзүнүн чегинен чыкпагандыгын көрсөткөн Моcква раймамкаттоосунун начальнигинин 27.03.2015-ж. жообу.
  6. “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган “Укук коргоочулардын өздөрүнөн коргоо да керекпи?” аттуу макала боюнча Москва раймамадминистрациянын башчысынын орун басары М.Карагуловдун 04.05.2018-ж. №01-31/839 каты. Анда: “Москва райондук мамлекеттик архивинин 30.03.2018-ж. №01-4/16 номерлүү маалыматы боюнча, Москва раймамадминистрациясынын архивдик фондунда 1998 – 2005-жылдар аралыгында Р.Б.Мырзакановго жер участогун берүү жөнүндө токтом жок экендиги аныкталган” деп жазылып турат.

Ошого карабастан, бул ишти териштирүү тапшырылган Москва районунун прокурорунун жардамчысы Мээрим Жакыпбаева эмне себептен Р.Мырзакановдун мыйзамсыз аракеттерин коргоп, өз чечиминде Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгоодон  баш  тартуу жөнүндө алардын токтомдорун жокко чыгарган 25.05.2017-ж. жана 30.12.2018-ж. токтомдорунда көрсөтүлгөндөрдү аткарбай жатат?

Дагы  тактап  айтсак,  райондук  прокурордун  жардамчысы М.Жа кыпбаева мурдагы токтомдорунда жана 30.12.2018-ж. кылмыш ишин  козгоодон  баш тартуу  жөнүндө  акыркы  токтомунда  эмненин  негизинде  “М.Сулаймановдун  сарайы Р.Мырзакановдун жер тилкесине кирип кет-кендиги аныкталган” деп жазып жатат?

Баса, ошол токтомдун өзүндө: “Р.Мырзака новдун жер тилкесин 2002-ж. Ак-Суу  айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси ченегендигин, жакын  арада  жергиликтүү  каттоо  органдары тарабынан үйдү каттоого өткөрөрдө, 2002-жылкы актынын негизинде каттоо болорун билдирди” деп жазылат.

Дагы бир жолу кайталап коёлу, азырынча Р.Мырзакановго турак-жай куруу үчүн жер участогу берилгени жөнүндө документ табыла элек, үй курууга уруксат жок! Бул жөнүндө М.Жакыпбаева да токтомунда көрсөтүп жатат! Бирок, ал Р.Мырзакановдун эч кандай документ көрсөтпөстөн курулай эле айткан сөзүнө ишенип жатпайбы!

Же анын дагы кандайдыр бир жол менен (бизде мындай да боло берет эмеспи!) документтерди жасатып алышын күтүп жатабы? Анда М.Жакыпбаеванын өзүнө эмне үчүн чара көрүлбөйт! Же анын да өзгөчө кол тийбестиги барбы?!

Кайталап  койсок,  М.Сулаймановдун 1970-жылы совет мезгилинде эле курулган курулушу кандайча Р.Мырзакановдун территориясына кантип кирип кетиши мүмкүн?!.

23.08.2018-ж. Чүй облустук прокуратурасынын Р.Мырзакановго карата кылмыш иш козгоодон баш тартуу жөннүдө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Башкы прокуратуранын башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ж.Исмаилов бекиткен, транспорттук прокурордун жардамчысы М.Турдукулов чыгарган 05.12.2018-ж. токтомдо: “Р.Мырзакановго 6.06.2001-ж. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн №1 сандуу чечими менен турак жай куруу үчүн 0,30 га. жер тилкеси ажыратылып, азыркы учурда үй курулгандыгы көрсөтүлгөн, ошол эле учурда факт түрүндө канча жер аянтын ээлеп тургандыгы текшерилбеген, ошондуктан жерине барып факт түрүндө ээлеп турган аянтын ченөө зарыл.

Кошумча текшерүү учурунда окуя боюнча объективдүү чечим кабыл алууга керек болгон бардык жагдайларды аныктап, арыздагы дооматтар боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынуусу зарыл” деп көрсөтүлгөнүнө карабастан, М.Жакыпбаева кайрадан бир тараптуу токтом чыгарып койгон.

Биздин мындай пикирибизди Москва районунун азыркы прокурору Н.Нишанбаев 04.02.2019-ж. токтому менен тастыктап, жардамчысы М.Жакыпбаеванын жогоруда сөз кылган мыйзамсыз токтомун жокко чыгарды. Анда көрсөтүлгөндөй, “Кайрадан комиссия түзүп, Р.Мырзакановдун үйү жайгашкан жер участогун ченеп чыгуу зарыл”.

Учурда М.Сулаймановдун арызы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жөнөтүлгөн. Эми прокурорлор 3 жылдан бери аягына чыгара албаган ишти милиция кызматкерлери аягына чыгарып, мыйзамдуу чечим кабыл алышабы, же алар да М.Жакыпбаева сыяктуу мурдагы коллегасы Р.Мырзакановдун “таасиринде калышып” М.Сулаймановду убара тарттыра беришеби?

Ошол эле учурда М.Жакыпбаева өзүнүн мурдагы мыйзамсыз аракеттери үчүн  жооп береби?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *