Белек САДИРОВ: «Чет жерде үй-бүлө кургандар да, ошол эле учурда ажырашкандар да көп»

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Москва шаарындагы “Beauty trend” сулуулук клиникасында эмгектенип жүргөн мекендешибиз Белек Садиров Россиядагы мигранттардын абалы тууралуу айтып берди.

–  Белек  мырза,  Москвада  иштеп жатканыңызга канча убакыт болду?

– Москвага 2011-жылы келгем, быйыл 8 жыл болду. Алгач келгенде короодогу майда-барат жумуштарды жасап жүрдүм. Жарым жылга жетпей жүк жүктөгүч болсом, андан кийин электрокар айдадым, көп узабай улук кранщик болуп, кийин тамактарды тез даярдоочу жайларда иштедим, андан соң айдоочу болдум, учурда “Beauty trend” сулуулук клиникасынын күзөт кызматында иштөөдөмүн. Бул клиникада 6 жылдан бери эмгектенүүдөмүн. Клиникада иштөө мага ыңгайлуу, көнүп да калдым. Ишиме жоопкерчилик менен мамиле кылгандыктан мага ишеним артышып, айлыгымды убагында беришет.

Москва  шаарында  Кыргызстандын дин  башкармалыгынын  өкүлчүлүгү  бар. Өкүлчүлүктүн ачылганына быйыл 9 жыл болду. Келгенден тартып бул башкармалык менен байланышта болуп, дин сабаттуулугу тууралуу билим алып баштагам. Метрополянка менен Метроволгоградский проспектисинде жайгашкан кеңседен 450дөй адам билим алат. Аларга Египеттен билим алып келген аалым Бактыбек Карашев дарс окуйт. Ал өкүлүбүз Россиядагы мусулмандардын руханий башкармалыгы менен биргеликте иш алып барып, экстремизмге каршы туруу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чет өлкөдөгү мекендештерибиздин шарият жолундагы жүрүм-турум эрежеси боюнча сабак берет. Ошондой эле кыргыз, орус, англис, араб тилдери боюнча да аталган өкүлчүлүктөн билим алышат. Мындан сырткары Кыргызстан дин башкармалыгынан аалымдар келип, ар кандай иш-чаралар уюштурулуп турат. Сабактар аалымдар берген программанын негизинде жүргүзүлөт.

– Бөтөн жерде 8 жылдан бери иштеп жүргөнүңүздүн максаты эмнеде?

– Москвада иштеп, тапкан каражатыма Бишкектен батир же жер сатып алсамбы дегем. 6-7 жылдан бери иштегеним менен тапкан акчам той-топурлардан артчы эмес. Бир сапар Бишкекке барганда KG ГРУПП курулуш компаниясынын турак жайлары башка турак жай курган компаниялардыкына караганда кардарларга алгылыктуу коюлганын угуп калдым. Бир таанышым мени Имамидин Ташовго алып барды. Ал адамдын жөнөкөйлүгүн мени кабыл алганда эле байкадым. Иштеп жатса да көпкө күттүрүп койбой жылуу маанайда кабыл алды. Батир алгым келгенин, дароо акчасын төлөп бере албасымды түшүндүрдүм. Ал Алмаз жана Аскер деген кызматкерлери менен тааныштырды. Алар мага шарттарын түшүндүрүштү.

Ошентип өткөн жылы октябрь айында бул курулуш компаниясы менен келишим түздүм. Учурда квартиранын акчасын бөлүп төлөөдөмүн. Бул компаниянын жакшы жагы дароо эле мынча сумманы төлө дебестен, каражат табуу мүмкүнчүлүгүңө карап, ыңгайлуу шарт түзүп беришет экен. Бир тууган агам да мен алган үйдөн батир алды. Агам пайдубалы курулуп жатканда эле төлөп баштаса, мен 80% курулуп калганда сатып алууну чечтим. Бул компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү бөлүп төлөсөң да үстөк пайыз кошулбайт экен. Досторум “Ихлас”, “Аалам стройдон” квартира ал дешти, бирок алардын сунушу купулума толбоду. Мага жакканы KG ГРУППтун Шабдан баатыр комплексиндеги үйү болду.

– Буга чейин Имамидин Ташов негиздеген курулуш компаниясы тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылды. Уккандырсыз?

– Имамидин Ташовдун көптөгөн кайрымдуулук иштерди жасап, көп балалуу үй бүлөлөргө  бекер  квартира  берип,  балдар үйлөрүнө, аскер бөлүктөрүнө жардам берип, чек арага Кыргызстандын желегин желбиретип, жаштарга спорттук аянтчаларды куруп жардам берип жүргөнүн көрүп билип жүрөбүз. Мен журналист Улан Эгизбаевдин жубайына берген квартирага коңшулаш жерден батир алдым. Башка курулуш компаниялардын үйлөрүнүн баасына караганда KG ГРУППтуку кардарларга ыңгайлуу, өтө кымбат да эмес, өтө арзан да эмес, орточо баада. Сапат жагынан да кымбат баалуу үйлөрдөн кем калышпайт. Адам  канчалык  бийиктеген  сайын коомчулуктун көз кырында болуп, аны сындап, таразалап турат эмеспи. Кээ бирөөлөр көралбастык менен ар кандай пикирлерди жаратса, кээ бирөөлөр атаандаш болбосун деген максатта да болушу ыктымал. Бул жашоонун өзү да, кимдир бирөөгө берилген кызмат да, кыйынчылык да сыноо үчүн берилсе керек. Эгер, такталбаган маалыматтар аркылуу адамды каралашса, андайларга “ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей эле мамиле жасаш керек.

– Мигранттардын арасында чырлуу окуяларга кабылгандары, бөтөн жерде каза болуп калгандары да жок эмес. Мындай учурларга кайдыгер карабасаңыз керек?

– Тилекке каршы, Москвага иштегени келген кыргыздардын арасында чыр-чатактар чыккан учурлар да жок эмес. Кыргыз мигранттары  мурда  клубдарда  жолугушса, азыр чайканаларда жолугушуу уюштуруп башташты. Биз кыргыздар негизи эле бөтөн  элде  чогулуп,  дасторкон  үстүндө бири-бирибиз менен баарлашып отурганды жактырабыз. Мен дем алышсыз 7 күн бою иштейм. Эс алуу күнүн каалаган учурда шартыма жараша ала алам. Жумушумдан сырткары ритуалдык кызмат көрсөтүү боюнча да иш алып барам. Чет элде жарандарыбыз каза болгон учурда алардын жакындарына документтерин топтоого, “Жүк-200” жиберүүдө мекендештерибиздин туугандарына жардам берем. Кылган кызматым үчүн акча деле албайм. Мындай учурларда мекендештеримди машинам менен бекер эле бара турган жерине жеткирем. Анткени кайгылуу окуя Россиянын ар кайсы шаарларында кездешет. Кээде бензин куюп берип турушат.

Мындан сырткары кайрымдуу жарандар менен биргеликте жабыркаган мекендештерибиздин дарылануусуна каражат чогултуп, жардамдашып жүрөбүз. Колумдан келишинче мекендештериме жардам бергенге аракет кылам. Кыргызстандан келип, каттоого турууда каражаты жетишпей калса, бирөөлөрдөн карызга акча сурап берген учурларым көп эле болот. Биз башка диаспоралар менен достук мамиледе болуу максатында алар менен да иш алып барып турабыз.

– Мекендештерибиздин чыр-чатактарга кабылышына эмне себеп болууда?

– Тилекке каршы, бөтөн жерде алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткен мекендештерибиз да кездешет. Мына ушулар чыр-чатактын, жаңжалдын чыгышына себепкер болушат. Ичип алып мушташып, каза болуп калгандарын да көрүп жатабыз. Акыркы мезгилдерде кыргыздар жакшы жагыбызды көргөзөлү деп  ар  кандай  иш-чараларды  уюштуруп жатабыз.

Учурда Москва шаарында 21-апрелде өтө турган “Үй-бүлө бекем, бел бекем” деген иш-чарага даярданып жатабыз. Бул иш-чара чет жерде иштеп жүргөн үй-бүлөлөрдүн ажырашып кетүүсүнүн алдын алып, сактап калуу максатын көздөйт. Мындай иш-чараны кыргыз мигранттарынын арасында жылына бир жолу өткөрөбүз. Быйыл үй бүлөгө көбүрөөк басым жасап жатабыз. Анткени чет жерде жүрүп, бири-бири менен таанышып, табышып үй-бүлө кургандар да, ошол эле учурда ажырашкандар да көп. Бул иш-чарага дин аалымдары, ошондой  эле  чет  өлкөдөгү  мекендештерибиз катышат.

– Өзүңүз тууралуу окурмандарга айтып берсеңиз?

– Мен 1991-жылы 1-майда Баткен облусундагы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулгам. Бишкекке келгениме 27 жыл болду. Шаардагы №57 орто мектептен билим алып, 9-класстан кийин № 4-кесиптик лицейде окугам. 2009-жылы аскерге бардым. Аскерден келгенден кийин жогорку окуу жайдан (КАСИ) Бажы адистиги боюнча билим алдым. Алгач күндүзгү, кийин сырттан окуу бөлүмүндө окудум. Жашоо шартка байланыштуу учурда Москвада иштеп жүрөм. Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасымын. Ата-энем, 5 бир тууганым бар.