«Жашоонун сабагы»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин жыйындар залында “Бакдөөлөт” коомдук фонду иштеп чыккан “Жашоо сабагы” өздүк окуу программасынын мектеп окуучуларына ылайыкталган инновациялык окутуу ыкмаларынын таанытымы болуп өттү.

Фонд  элибиздин  кылымдарды  карыткан карт тарыхында турмуштук тажрыйбадан топтогон жашоо сабактарын, салттуу билимдерин жана элдик акылдарды өсүп келаткан муундарга ачып берүү жана жеткирүү максаттарын көздөйт. Бул инновациялык ыкмалар Чүй облустук зээндүү жана таланттуу балдардын мектеп-гимназиясынын директору Бүбүкан Жусупова жазган “Жашоонун ажары сүйүүдө” аттуу китептин негизинде аталган мектептин жамааты менен бирге иштелип чыккан жана бул мектеп-гимназияда ийгиликтүү ишке ашырылса, өлкөнүн жалпы орто билим берүүчү мектептерине кичи модель катары сунушталмакчы.

Иш-чаранын  жүрүшүндө  Б.Жусупова өзү жараткан китептин маңыз-мазмуну менен тааныштырып өттү. Китеп окугандардын саны жылдан жылга азайып баратканын, китептин ордун уюлдук телефон басканын, натыйжада адамдардын бири-бири менен баарлашуусу азайганын, балдар арасында конфликт көбөйгөнүн, ата-энеге болгон сый азайганын, билим өксүгү пайда болгонун белгилеген Б.Жусупова балдардын келечеги кандай болот суроо китептин жаралышына себепкер болгонуна, кыргыз болуунун өзөгү – салт, тил, тарых, санжыра жана адамдагы сабырдуулук, баатырдык мүнөз экенине токтолду.

“Жашоо сабагынын” мектеп окуучуларына ылайыкталган инновациялык окутуу ыкмаларынын таанытымынын бет ачарын Чүй облустук зээндүү жана таланттуу балдардын мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучуларына өтүлгөн “Адеп” сабагынын “Адамдык мамилелер” деген темадагы ачык сабактан көрө алдык. Бул чындыгында да кызык жана мектеп окуучулары үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да аба менен суудай зарыл сабак экен. Ачык сабакта окуучулар үч топко бөлүнүп, биринчи топ адамдын башка адамдар менен мамилесин күндүн нуру менен салыштырып баяндап беришсе, экинчи топ адамдын жаратылыш менен мамилесине, үчүнчү топ адамдын өзүнө жасаган мамилесине токтолушту. Ачык сабактан адамдык мамилелер үчкө бөлүнөт жана анын баары адам турмушунда өтө маанилүү деген корутунду келип чыкты. “Адеп сабагы” өз максатына жетти, ачык сабакка катышкан окуучулар менен бирге аны көрүп отургандар жарым саат аралыгында жашоо сабагын алгандай болду. Эң башкысы, мугалим окуучуларга адамдык мамилелер тууралуу акылдуу сөздөрдү айтып балдардын башын ооруткан жок. Болгону окуучуларга адамдык мамилелер тууралуу “жем таштап” койду. Балдар мугалим эжейинин айтканын дароо илип алышып, нары жагын өздөрү улап кетишти.

Ата-бабалардан келаткан улуттук салт, элдик акыл да ушуну насыяттайт. Кыргыз баласы эч убакта баласын маңдайына отургузуп алып, кургак акыл-насаатын айтып тарбиялаган эмес. Балага баатырлардын даңазалуу эрдиктери, аталардын айкөлдүгү тууралуу санжыра кептерден айткан. Дээринде бар бала андан жыйынтык чыгарган. “Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт”, “Мойнунан жетелеген ит ууга жарабайт” макалдары ошондон улам жаралган. “Бош челекти канчалык урган менен үн чыкпайт”.

Өсүп келаткан балдар – мектеп окуучулары сезимтал, сезгич, туйгуч, көрөгөч болуу керек. Бул уңгулуу касиеттер. Сезимтал, сезгич, туйгуч, көрөгөч адамдар адептүү болушат. “Кыргыз ар бир сөздүн ордун, учурун билген, сөздүн маанисине, тереңине көңүл бурган. Кандай маселени кайсы учурда кантип чечүү керектигин уй мүйүз тарта олтуруп, тунук акылдын күчү менен талкуулаган. Кайсы учурда эмне кылыш керек, кайсы убакта кайсы сөздү айтыш керек – бул көрөгөчтүк. Бул – акылдын күчү. Көрөгөч эмес адам орунсуз сөзү менен ортону талкалайт, олдоксон чечи-ми менен коомду жаралайт. Көрөгөчтүк – бул адеп”. Мына ушунун өзү турмуштун сабагы эмей эмине?

Кыргыздар жашоо сабагын баарынан бийик койгону бекеринен эмес. Жашоо сабагы – бул жазылбаган мыйзамдар. Жашоодон мыкты сабак алгандар бул мыйзамдарды кыйшаюусуз аткарат жана турмушта көп адашпайт, өз жолун табат. “Бакдөөлөт” коомдук фонду коомду мына ушуга чакырат, үндөйт. Жашоо – бул үрөн, тамыр, өзөк. Үрөндөн тамыр байлайт, өзөк өсөт. Тамыры жок эч нерсе жок. Тамыры күчтүүнүн өзөгү күчтүү, өзү күчтүү. Өзөгү кубаттуу болсо, ал бекем, туруктуу, мөмөлүү болот. Мөмөдөн улам ал көбөйөт, өсүп-өнүгөт. Бул — жашоо мыйзамы. Эгерде тамырына доо кетсе – өзөк ооруйт, соолуйт, жашоо токтойт же кубаты кетет. Өзөккө аяр мамиле жасабаса – өзөк алдан таят, мөмө бербейт. Жашоонун сабагы – Кудайдын мыйзамы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *