Ырыс – алды ынтымак же диндеги фракциялашуу көйгөйү

XХI кылымдын башында Кыргызстанда Ханафий мазхабы изилдөөнүн өзгөчө актуалдуу объектисине айланды. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө экстремизм жана терроризм өсүп жаткан учур. Бул жаман көрүнүш биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугуна да коркунуч туудуруп жатат. Демек, мунун алдын алуу, жолдорун изилдөө бүгүнкү күндүн олуттуу көйгөйү.

Кыргызстанда диний көйгөйдү чечүүнүн бирден-бир жолу Ханафий мазхабын кармануу экени талашсыз. Ханафий мазхабынын нормалары жана принциптери бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Ошондуктан, Ханафий мазхабынан социалдык жашоону өзгөртө турган уникалдуу үлгү катары жөндөмдүүлүктү көрө алабыз.

Учурдагы ислам багытындагы диний кыймылдардын ишмердигин жөнгө салуу, диний окуу жайлардагы окуу программаларын иретке келтирүү мамлекеттик көйгөйлөрдүн сап башында турат. Кыргызстандын эгемендүү тарыхына кылчая көз чаптырсак, Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатта мамлекет бул маселеге ар дайым кайдыгер карабай, өз учурунда тийиштүү маселелерди мыйзамдар  менен  ыраатка  салууга  аракет кылып келген. Бирок, диний кырдаалды жөнгө салуу боюнча иштелип чыгарылган мамлекеттик мыйзамдардын дээрлик бардыгында диний абал жалпылай каралып, Ханафий мазхабына көп деле маани берилген эмес. Жыл өткөн сайын жарандардын чаржайыт дин тутуму баш аламандыкка жол ачып соңку жылдарда Сирияга аттанган жана Даишке кошулуп кеткен кыргыз жарандарынын саны өсүп кетти. Бул абалды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат» жөнүндөгү чечими аркылуу өлкөдө ханафий мазхабына маани берүү жараяны башталды. 2014-жылдын 14-ноябрында «2014-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жөнүндөгү концепциясы» тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы кабыл алынган. Эми, «Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты жөнүндөгү концепциясындагы» Ханафий багытындагы окутуу жараяндары ким тарабынан, кантип ишке ашырылат?- деген закон ченемдүү суроо туулат. Албетте, бул концепциянын иш-планында так көрсөтүлгөн деңизчи. Бирок, иш жүзүндө анын тегирмени – мечит-медреселер да?! Демек, ал үчүн биздин мечит-медреселер даярбы, ошол чоң ишти талаптагыдай аткара алабы?! Бул өзүнчө маселе, анда ошого сарасеп салып көрөлү.

Учурда Кыргызстанда Ханафий багытындагы 120 диний окуу жай Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн, алардын ичинен 40 жогорку диний билим берүү медресеси (анын ичинен 9 ислам институту), 35 орто диний билим берүү медресеси, 14 башталгыч диний билим берүү медресеси, 22 Куран жаттатуу медресеси, 3 диний окуу борбору, 6 жеке диний медресеси. Учур-да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканы – 107 медресе.

Кыргызстан  ислам  университети 2017-жылдын 7-июлунда Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 531600 – Теология адистиги боюнча берилген лицензияга ээ болуп, диний жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы жалгыз диний мекеме.

Жогоруда изилдөө көрсөткөндөй, Кыргызстанда диний билим берүү мекемелери жетиштүү санда. Тилекке каршы, ошол диний билим берүү мекемелеринде, жогорку билимдүү, кесипкөй окутуучуларга муктаждык чоң. Кыргызстандагы медреселерде жана башка диний окуу жайларда сабак берген диний аалымдар менен имамдардын арасынан базалык диний билимин тастыктаган дипломдуу адистер аз. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эки миңдей кызматкеринин көпчүлүгү атайын диний билимин тастыктаган дипломго ээ эмес.

Ошондой эле учурда, башталгыч, орто жана жогорку диний билим берүү (теологиялык билим берүүнү кошпогондо) стандарттары жок. Диний билим берүү мекемелеринин жана жогорку ислам окуу жайларынын окутуу системасында эч кандай айырмачылык жок. Диний билим берүү өз ишмердүүлүгүн чаржайыт жүргүзүүдө, албетте бул чар-жайыттуулук билимдин сапатын начарлатпайт, башка нукка буруп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Жыйынтыгында диний билим берүүдөгү мындай мүчүлүштүктөр мамлекеттин коопсуздугуна, коомдун радикалдашына, экстремизм-терроризм идеяларынын жайылтылышынатүздөн-түз таасирин тийгизиши толук мүмкүн.

Жогорудагы мүчүлүштүктөрдү чечүүгө болот, болгону азыраак убакыт жана туура кадам керек. Биздин оюбузча, бизде бүгүнкү күнү мындан оорураак, мындан татаалыраак көйгөй турат. Биз буга кайдыгер карабашыбыз керек, анда эмки сөз ошол тууралуу.

Кыргызстан мусулмандарынын дин тутуму, өткөн кылымдын 90-жылдарына чейин бир кылка болчу. Эгемендүүлүктүн шарапаты менен жергебизге демократиялык түзүлүш кирди. Демократиянын шарданы менен өлкөбүз «жалпы үйгө» айланды. Эшиги жаркырап ачылып турган жалпы үйгө ак-саргыл, каралжын түстүү, тили буруу, дини буруу, жакшысы, жаманы, айтор не бир инсандар шатыра-шатман кирип келишти. Элибиз илгертеден жумшак мүнөз, кичи-пейил, меймандос болгондуктан,  булар  республика  аймагына  бат  эле колу-буттары жетип, элибиз менен камыр-жумур болуп кетти. А түгүл бир далайлары кыздарыбызга үйлөнүп, ар түрдүү өңдөгү,ишенимдеги жана түрдүү менталитеттеги жээндер пайда болуп, күч күйөөгө айланган күйөө балдарыбыз өлкөбүздүн жарандыгын байма-бай алып жатышат. Бул эми закон ченемдүү көрүнүш деңизчи, мында олуттуу көйгөй деле жок, Кудай өзү сактасын…

Биздин  оюбузча,  бүгүнкү  күндүн көйгөйү мусулмандар арасындагы жамаатташуу, жиктешүү. Албетте, бир диндин ичинде фракциялашуу жакшы жышаан эмес. Буга шариатыбызда катуу тыюу салынат. Анткени, Пайгамбарыбыз (ас): «Менин үммөттөрүм жетимиш үчкө бөлүнөт, алардын бирөө гана бейишке кирип, калганы тозокко кирет», – деген.

Хадистен  байкалгандай,  Пайгамбар (ас) көптөгөн мусулмандар адашуу га дуушар болоорун эскертип жатат. Тилекке каршы, бүгүнкү күнү мусулмандар түрдүү жамааттарга бөлүнүп, топ-топ болуп өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет. Бир караганда мында эч кандай деле көйгөй жоктой. «Ар ким өзү билет», «демократия принциби ушунда», «дин тутууда ар бир инсанга эркиндик берилет» деп айтып чыгуучулар жок эмес. Бирок, бул маселеге терең карап, кылдат изилдөө зарыл. Бул жаатта Ыйык Куран аяттары менен хадистерге анализ жүргүзүп көрөлү, Аллах таала ыйык Куранда: «Аллахдын жибин (китебин-динин) бекем кармангыла! Бөлүнүп-жарылбагыла! Силер бири-бириңе душман болуп турган учурда жүрөгүңөрдүн аралыгын жакындаткан Анын жакшылыгы менен бир тууганга айланганыңарды эстегиле! Тозоктун бир чуңкурунун жээгинде турган кезиңерде, Ал силерди андан куткарды. Силер туура жолго түшүшүңөр үчүн Аллах өз аяттарын ушундай кылып баяндайт», – деген.

Жогорудагы  аятта,  Жараткан  өзүнүн  пенделерин ыйык Курандын контекстинде бир динди бекем карманып, бөлүнүп-жарылбоого буйруйт. Эми, өзүбүзгө суроо берип, кылып жаткан амалдарыбызга көз жүгүртүп көрөлү! Жараткандын ушул буйругун аткарып жатабызбы?! Бүгүн мусулмандар өздөрүнө жаккандай кылып, жамаат жаратып, бөлүнүп-жарылып жатышат! Ар бири өздөрүнүн жамаатын хадисте айтылган бейиштик жамаат – биздин жамаат, биз эң туура жолдобуз, башкалар адашкандар деп эсептешет. «Жакшы ниет жарым ырыс» деңизчи, бирок өздөрүнө байкалбаган менен Жараткандын буйругун аткарбай жатышпайбы!?

Биринчиден, аятта айтылган ыйык  Курандын  контекстинде динди кармануу дегенде, Пайгамбар (ас) түшүндүрүп берген негизде динди толугу менен кармануу керек. Бүгүнкү күндөгү жамааттардын улуусунун өмүр жашы кылым карыта элек болсо, соңкусуна отуз жыл да толо элек. Алардын бардыгынын жаралуу тарыхына саресеп салсаңыз, дин сүзүлүп, жок болуп кетүү коркунучу туулуп турган чакта мусулмандардын камын ойлогон жакшылар, караңгыда жол тапкан көсөм даанышмандар исламды-ыйманды сактап калуу максатында ойлоп тапкан бир «усулдук ыкма» эле да. Бүгүн болсо, ошол «усулдук ыкмаларды» дин же диндин негизги принциби ката-ры түшүнүп алдык. Баса, Жараткан өзүнүн ак жолуна чакырууда, акылмандыкты («усулдук ыкмаларды») ойлоп таап, уккан кулакка жагымдуу кылып жеткирүүнү буйруган. Бул жөнүндө Аллах таала ыйык Куранда мындай баяндаган: «Эгеңдин жолуна акылмандык жана көркөм үгүт аркылуу чакыр! Алар менен көркөм ыкмада талаш. Чындыгында, Эгең өзүнүн жолунан адашкандарды да, туура жолдогуларды да жакшы билет». Көрсө, аалымдар мына ушул аятка амал кылып, Жараткандын амири менен өз кезегинде динди үзүлүп кетүүдөн сактап, жол таап келишет тура…

Экинчиден,  аятта,  Жараткан:  «…бөлүнүп-жарылбагыла!», деп буйрук берип жатат. Ал эми, тигил жамааттар улам кулачын керип, кеңейип-көбөйүүдө, кой деген кожо жоктой… Алардын негизги контингентин билимсиздер түзгөндүктөн, сабатсыздыктын айынан «биз тутунуп жаткан, жол туура», «ушул дин – диндин принциби», «биз кылганды кылбагандар адашкандар», деген туура эмес түшүнүк астында бөлүнүп-жарылып жатышканын байкабайт да. Албетте, мындай түшүнүк жакшылыкка алып барбашы айдан ачык.

Бул темада көптөгөн хадистер да бар. Анда, ошолордун айрымдарына саресеп салып көрөлү. Мухаммад (ас): «Диндеги бир тууганыңа мазлум (кордук көргөн) болсо да, заалим (кордоочу) болсо да жардам бергиң!» – деген. Анда уккандар: «Оо, Аллахдын элчиси, кордолгонго жардам берүүбүз анык, ал эми кордоочуга кантип жардам беребиз» дегенде, Аллахдын элчиси (ас): «Кордоочуну тыйганың, ага жардам бергениң» – деген. Пайгамбар (ас) айткан: «Жамаат силерге ваажиб (милдеттүү), бөлүнүүдөн сактангыла! Анткени, шайтан жалгыз адам менен бирге, ал экөөдөн оолак. Кимде-ким бейишти кааласа, анда жа-маатты өзүнө бекем тутсун»!

Изилдөөдө аныкталгандай, хадистердин маңызы жогорудагы аяттарды чечмелөө үчүн кызмат кылат. Бирок, ушул эле хадистерди жамааттуулукту карманып жаткандар өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүнө далил катары колдонушу да мүмкүн. Биздин көз карашыбыз боюнча мындай түшүнүк туура эмес. Анткени, хадистерден ар ким өзү каалагандай кечээ пайда болгон жамаатты тутунсун деген маани түшүнүлбөйт. Хадистерде Пайгамбар (ас) өзү калтырып кеткен жамаатты тутунгула деген маани жатат эмеспи!?

Урматтуу мусулмандар! Изилдөөнүн жыйынтыгы катары айтаарыбыз, элибизде: «Эсиң барда этегиңди жап» деген таамай айтылган сөз бар. Анын сыңарындай, кеч болуп кала электе эсибизге келели! Жалпыңыздарды түрдүү жа-мааттарды сокур ээрчибегиле, деп үндөмөкчүмүн! Мен муну, өзүм эч бир фракциялашкан жамаатка таандык эмес, мусулман катары айтып жатам. Анткени, бизде, Кыргызстандын мусулмандарында бир эле жамаатыбыз бар. Ал: «Ахлу сунна вал жамаат». Ушул жамааттын контекстинде фикх (укуктук) маселелер боюнча Ханафий мазхабын, акыйда боюнча Матуридий мектебин жана дилин тазартып, аруулукту тутунуу үчүн Накшбандий тарикатын гана тутуналы! Кечээ жакында пайда болгон белгилүү бир усулдук ыкмага гана негизделген жамааттарды тутунбайлы! Себеби, бүгүнкү диндеги фракциялашуу арты өкүнүч менен аякташы толук мүмкүн! Дегенибиз, мындай фракциялашуу билинбестен ажырымга, бөлүнүп-жарылууга, жиктешүүгө алып барат. Ал эми жиктешүү душмандыкка алып барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Пайгамбар-дын (ас) төмөнкү хадистерин жадыбызда бекем сактасак: «Мусулман, тили менен да, колу менен да, башка мусулмандарга зыян тийгизбейт»; «Кимде-ким мусулмандарга каршы курал көтөрсө, анда ал бизден эмес».

Ыйык журтубузда туруктуулук, элибизде тынчтык ар дайым улануусун кааласак, анда дин тутууда бир бололу! Жараткандын буйругун туура, так аткаралы!

Шукур ИСМАИЛОВ, И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык билимдер факультетинин теология кафедрасы, доценттин м.а.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *