Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн орун басары алмашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматтарга ылайык,  Султаналиев Туруспек Оморович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, бул кызматка  Аширбаев Элкинбек Токтогонович дайындалды.