Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасына чыгып кетти

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңжал чыккан кыргыз-тажик чек арасына чыгып кетти. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байналыштуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Эскерте кетсек, кечээ кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу эмес экендиги кабарланып, эки тараптын жараандырынын тирешүүсүнөн бир адам жараат алганы маалымдалган болчу. Мамлекеттик чек ара кызматы бул тууралуу билдирүү таратып, анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу экенин кабарлаган болчу.