Жээнбеков: Дипломатияга адашып келип калгандарга орун жок болуш керек

Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломатиялык статусуну пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар бар. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Ала-Арча резиденциясында чет өлкөдөгү мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдириди.

Анын айтымында, катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан  чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес.

«Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматтын этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калгандарга орун жок болушу керек»,-деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Президент, дипломатиялык кызматтын кадрдык дараметтин системалык түрдө такай жогорулатып турууга өзгөчө көнүл буруу милдетин кое турганын билдрди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *