Президент айрым элчиликтерде тил билген кызматкерлердин жоктугун сынга алды

Элчиликтерде мамлекеттик тилде сүйлөгөн кызматкерлер жок. Бул тууралуу Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Ала-Арча резиденциясында чет өлкөдөгү мекемелердин жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдириди.

Президенттин айтымында, элчиликте тил билген кызматкерлер иштөөсү зарыл. Ошондой эле Жээнбеков Белгияга барганда ал жактагы элчиликте мамлекеттик тилди билбей, расмий тилде баарлашканын айтты.

«Түркияда да котормочу жок болду. Дагы жакшы ошол жерде университетте тилди мыкты билген мекендешибиз бар экен, кыргызча-түркчө которуп берип жатты. Мен биздин элчиликтерде тил билген, өз алдынча которо алган кызматкерлердин иштөөсүн каалаайт элем. Кызматкерлерди жумушка алууда талаптар жогору болуш керек. Баары, бухгалтерден баштап, айдоочуларга чейин тил билип, которо алыш керек. Президент барса, мага которуп бере алышпайт, бул эмне деген элчилик? Бул деген элчилик эмес», — деди Президент.