АРИСтин ишмердигинде кемчиликтер ачыкталды

Эсептөө палатасы АРИСтин 2017-жылдагы ишмердиги боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматынан билдирди.

Текшерүүнүн негизинде бир нече кемчиликтер жана бузуулар аныкталган. Айылды таза суу менен камсыздоо жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору боюнча курулуштук-монтаждоо ишинде 6 млн 493,4 миллин сом негизсиз чыгымдалган. Анын 3 млн. 651,3 миң сому кайра кайтарылган.

О.э аудиттин материалында “мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1 жана 2” долбоорунун кабыл алынган бюджети 2012-жылга карата 26, 44% жана 35,24% гана аткарылган. 4 млн 723,2 миң доллар жана 5 млн 752,7 миң доллар өздөштүрүлгөн эмес, мындан тышкары агенттик тарабынан шаарды өнүктүрүү долбоорун даярдоодо ЕСAPDEV  гранттык каражатында каралган 580 млн доллардын 100,3 доллары пайдаланылган эмес.

Мындан тышкары АРИСте аванс отчетторунун толук толтурулбаган документтерин бухгалтерияга тапшыруу жана мурда алынган сумма кайтарыла электе эле аванс берүү иштери жүргүзүлүп келген. (ВБ)