60 көчө оңдолот

Мартта КЭР грантынын алкагында ишке ашырылып жаткан “Автомобиль жолдорунун жол төшөмөсүн калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында оңдоо иштери башталды. Ал асфальтты алмаштыруу жана жаңы чектерди алмаштырууну гана камтыйт. Долбоор алкагында узундугу 38 чакырым 23 көчөнү оңдоо мерчемделген. Иштин көп бөлүгү – 17 көчө 2018-жылы аткарылган.

2019-жылы долбоор боюнча алты көчө: Абай, Нуркамал, Алтымышев, Репин, Токтогул жана Жайыл Баатыр көчөлөрү оңдолот.

«Жол оңдоо иштери мартта башталат. Азыр көчөлөрдү жабуу чиймеси макулдашылууда. Жолдор кезеги менен жабылат. Алардын бир катарында жылуулук трассалары оңдолот», — дешти мэриядан.

Борбордо жолдорду оңдоо эки долбоор менен жүрөт. “Бишкектин көчө-жол түйүдөрүн өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында 2018-2019-жылдары 60 көчө оңдолот.