Алыкул кайсы күнү туулган?

14-мартта Алыкул Осмоновдун ысымын алып жүргөн улуттук китепканада акындын туулган күнүнө карата поэзия кечеси болуп өтүп, ага акындар, студенттер, окурмандар менен катар, А.Осмоновдун жердештери – Панфилов районунун “Акшоола” шайыр апалар тобу, комузчулар, обончу-ырчылар келип катышты. Кечеде Алыкул Осмоновдун чыгармалары окулуп, обондуу ырлары ырдалды.

Ошондой эле акындын өмүр-таржымалы, ырларынын тарыхы жөнүндө кеп болуп, акындын туулган күнү кайсы күн экени тууралуу да ойлор ортого салынды. Буга чейин адабиятчылар, алыкулчулар тарабынан божомолдонгон даталардын чиинен 14-март деген божомол чындыкка жакыныраак экенине кеченин мейманы, алыкулчу Жекшен Турусбеков токтолду. Айтымында, ай сүрүштүрүү боюнча да ушул күн Алыкулдун кулк-мүнөзүнө туура келет. Анда: “1915-жылдын 14-мартында туулгандар таланттуу, бай, атак-даңктуу болушат”, — деп айтылат. “Ал эми Алыкулдун бай экенинен ким күмөн санайт? Ал эч ким айдай элек “Победа” машинасын биринчилерден болуп айдаган. Тартмасында акчасы кагаздай эле, додо болуп турчу экен”, — дейт Ж.Турусбеков.

Белгилей кетсек, адабияттын тарыхында калган маалыматтарда: “Кыргыз поэзиясынын алпы Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган”, — деп берилет. Бирок акын туулгандугу тууралуу күбөлүктү 1932-жылы алгандыктан, анын кайсы күнү туулгандыгы тууралуу так маалымат жок. Соўку убактарда ушул тема адабиятчылар менен алыкулчулардын арасында ар кандай талаш-тартыштарды, талкууларды жаратып келет. (Ж.И)