Президент бир нече европа өлкөлөрүнө барат

КР Президенти расмий иш сапар менен Германия, Швейцария, Франция, Венгрия жана Азербайджанга барат. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен жолукканда билдирди.

Ал бул иш сапарлар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдерине ишенерин билдирди.

Ошондой эле Президент Франция жана Италияда жашаган мекендештердин саны көбөйүп бара жаткандыгына байланыштуу аталган өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууну сунуш кылды.

«Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ишти активдештиребиз деп ойлойм.

Азыркы тапта Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жүрүп жатат.

Бул келишимди талкуулоодо эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу абзел.  $4,6 миллион доллар көлөмүндө мыйзамсыз ташылып кеткен активдердин жакында Кыргызстанга кайтарылышы иштин алгылыктуу башаты болуп берди десек болот. Бул багытта иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп, улантылышы керек», — деп белгиледиСооронбай Жээнбеков.

Президенттин айтуусунда, Батыш өлкөлөрү менен кайра иштетүү, энергетика, тоо-кен, туризм, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы тармагында  экономикалык кызматташууну бекемдөө зарыл.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *