Ысык-Көлгө сига-лудога, форель балыктарынын малькалары кое берилди

Темирбек Алымбеков, “Кыргыз Туусу”


Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынын малькалары кое берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл, Нарын облустарындагы аймактар аралык балык чарбасы департаментинин башчысы Бактыбек Асанов айтты.

 Анын сөзүнө караганда көлгө 250 миң сига-лудога балыгынын малькалары кое берилген. Быйылкы жылы план боюнча 3, 5 миллион сига-лудога балыгынын малькалары өстүрүү пландаштырылган болсо, балыктын уругун ийгиликтүү өстүрүүнүн натыйжасында алардын санын 5 миллионго чейин жеткиришиптир.

Мунун ичинен Каракол шаарына жакын Пржевальск кеме токтоочу жайдагы участкага 250 миңдейи кое берилсе, калгандары Ысык-Көлдүн башка участокторуна кое берилет.

Мындан тышкары дагы 700 миң Ысык-Көл форелинин малькалары өстүрүлүп жатыптыр, аларды март айынын аягында көлгө кое беришет.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө балыктын 13 түрү бар. Ошондой эле Б. Асанов Ысык-Көлдү балык торлорунан жана пластиктерден тазалоо компаниясы жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул иш Ысык-Көлдү экологиялык жактан сактоо максатында жүргүзүлүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *