Суббота, 20 апреля, 2024
21.1 C
Бишкек

Райондук маданият бөлүмдөрү заманбап үн күчөтүүчү аппаратуралар менен камсыздалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү бардык райондук маданият бөлүмдөрүн акыркы үлгүдөгү музыкалык үн күчөтүүчү аппаратуралардын толук топтому менен камсыздады. Ар бир топтомдун баасы 939 210 сомду түзөт. Бул боюнча министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Аппаратуралар Президенти тарабынан маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен алынды.
Учурда аппаратуралар Чүй, Талас, Нарын, Ысык- Көл облустарына таратылып берилип, орнотулуп жаткан учур. Жакынкы күндөрү ушундай эле аппаратуралар Ош, Жалал- Абад жана Баткен облустарына жеткирилет.
Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттин бюджетинин эсебинен аймактарга мындай толук комплектеги аппаратуралар алынган эмес.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар