Тышкы саясаттагы негизги принцип – улуттук кызыкчылыкты көздөгөн тең салмактуу саясатты ишке ашыруу

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


Быйыл 17-мартта Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөнүнө 75 жыл болот. Мына ушул даталуу күндүн алдында Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатка багытталган концепцияга кол койду. Ал эми кечээ, 14-мартта өлкө башчы Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен кеңешме өткөрдү. Анда мамлекет башчы тышкы саясаттагы приоритеттүү багыттар, дипломатиялык сектордогу кадрдык көйгөйлөр ж.б. маселелер тууралуу кеңири кеп кылды.

Тышкы саясаттагы жылыштар көңүл жылытарлык

Алгач Президент эмнеге элчилерди чогултуп, жыйын өткөрүүнү чечкенин түшүндүрдү. Сооронбай Жээнбековдун айтымында, тышкы саясаттын негизги багыттары мамлекеттин ички кызыкчылыктары менен тыгыз байланышкан. Андыктан элчилер өлкөнүн ички муктаждыктарын жакындан билиши керек.

“Ошол себептен улам сиздерди — Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин чогултуп, жыйын өткөрүүнү чечтик. Өлкөдө ири коомдук-саясый жана экономикалык маанилүү өзгөрүүлөр болууда. Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияны жоюу, сот-укуктук реформа, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу, шайлоо системасын өнүктүрүү багыттарында реформалар жүрүп жатат. Бүгүнкү кеңешменин максаты — өткөн жылдын жыйынтыгына анализ жасап, кийинки жылдарга тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарыбызды аныктоо. Акыркы мезгилде тышкы саясатыбызда бир топ өзгөрүүлөр болду, аздыр-көптүр ийгиликтерибиз да бар”, — деп билдирди Президент.

Чындыгында тышкы саясатта бир канча  жылыштар  болуп  жатканы  анык.  Алсак, коңшу мамлекеттер, союздаштар жана  стратегиялык  өнөктөштөрүбүз  менен алака-мамилебизди бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлдү. Натыйжасы жаман эмес. Президент Сооронбай Жээнбеков шайланып келгенде эле биринчи иш-сапарын Россия Федерациясына жасаган. Бул абдан маанилүү кадам. Анткени Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, аталган өлкө менен ЕАЭС, ШОС, ОДКБ ж.б. бир канча эл аралык уюмдарда бирге мүчөбүз.

Андан тышкары, мигранттарга тиешелүү көйгөйлөрдө дагы натыйжалуу иштер алынып барылууда. Алсак, “кара тизмеге» кирип калган мекендештерибиздин маселеси чечилди. Аскердик-техникалык кызматташууда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Ошондой эле экономикалык багытта эки-өлкөнүн товар жүгүртүүсү өсүп жатат. Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду тарабынан масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда. Дал ушул Россия менен болгон мамиле тууралуу айтып жатып Сооронбай Жээнбеков: “Соода-экономикалык байланыштарыбызды арттырып, товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул максатта чакан жана орто бизнеске инвестицияларды тартып, экспортко багыт алган ишкерлерибизге шарт түзүү зарыл. Март айынын аягында Владимир Владимировичтин Кыргызстанга мамлекеттик визити пландаштырылган. Бул визиттин алкагында эки тараптын кызыкчылыгына жооп берген дагы бир топ макулдашуу, келишимдерге жетишебиз деп ишенем», — деп билдирди.

Мындан тышкары, жакынкы коңшуларыбыз  —  Казакстан,  Өзбекстан,  Тажикстан, Түркмөнстан  менен  кызматташтыгыбыз бекемделүүдө. Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келген кез Казакстан менен мамиленин чыңалып турган учуруна туш келген болчу. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн негизинде Казакстан менен чек ара, соода жана башка багыттар боюнча маселелерди чечилди. Учурда суу, ветеринария, фитосанитария тармагында маселелер талкууланууда.

Ал эми коңшу Кытай менен мамилелер өз нугунда кетип жатат. Акыркы убактарда эки өлкөнүн кызматташтыгына доо келтирүү нү көздөгөндөр чыгып жатканын айткан Сооронбай Жээнбеков: «Пекинге мамлекеттик иш сапар менен барып, Кытай Эл Республикасы менен алакабызды жакшыртуу тууралуу Си Цзиньпинь мырза менен натыйжалуу сүй лөшүүлөр болгон. Кытайдан түз инвестицияларды тартып келүү, биргелешкен долбоорлорду жана региондор аралык байланыштарды күчөтүү актуалдуу. Жарандарыбыз үчүн визалык режимди жеңилдетүү– абдан маанилүү. Эки тараптуу кызматташтыгыбызга доо кетирүүнү көздөп жаткан күчтөр бар. Биз буга жол бербейбиз. Урматтуу Си Цзиньпинь мырзаны мамлекеттик визит менен ушул жылдын жай айларында күтөбүз» — деди.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бир канча жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, аталган мамлекет менен басаңдап калган алакалар акырындап өз ордуна келип калды. Түркия Бишкекте чоң мечит ачкан. Ал эми жакынкы учурда кыргыз-түрк ооруканасы ишке берилгени турат.

Кеңешмеде Президент Париж жана Рим шаарларында жашап, иштеп жаткан мекендештерибиздин саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен Тышкы иштер министрлигине бекитилген бюджеттин ченеминде аталган шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу маселесин караштырууну тапшырды.

Мындан  алакалар  күтүлгөндөй болбой жаткан мамлекет бул АКШ болчу. Бирок аталаган өлкө жакынкы арада өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды Кыргызстанга кайтарып бергенден кийин эки тараптуу алакаларды өз ордуна келтирүүгө карата жасалган алгылыктуу кадамдардын бири катары эсептелүүдө.

«Америка Кошмо Штаттары жана Улуу Британия менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү  боюнча ишти активдештиребиз деп ойлойм. Азыркы тапта Америка Кошмо Штаттары менен кызматташтык тууралуу жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жүрүп жатат. Бул келишимди талкуулоодо эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу абзел. Бул багытта иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп, улантылышы керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жарандарыбыз Кыргызстандын негизги байлыгы

Негизинен эле акыркы учурларда мигранттардын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал тургай мигранттар өлкөгө ин-вестиция салуучулар экенин белгиленип эле жүрөт. Мына ушул жагдайды Президент көңүл сыртында калтырган жок. Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мигранттардын укуктарын коргоо элчиликтердин негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи.

“Чет өлкөлөрдө жашап, окуп, иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн өлкөнүн дипломатиялык мекемелери аларды коргой турган ишенимдүү таяныч болушу — айтпасам да түшүнүктүү. Ар кандай курч жана күтүүсүз жагдайлар жаралган учурларда алар силерден башка кимге барат? Ошондуктан элчиликтер менен консулдук мекемелердин эшиги күнү-түнү ачык болуп, жарандарыбыздын кызыкчылыктарын ыкчам коргоого жана муктаждыктарын канааттандырууга даяр турууга милдеттүү. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештерибиздин укуктарын коргоо жана аларга конкреттүү жардам көрсөтүү боюнча ишти жогорку деңгээлге көтөрүү милдетин коём. Биз үчүн адам ресурсу баарынан кымбат. Сыртта жүргөн мекендештерибиз — биз үчүн баа жеткис чоң кенч. Алардын демилгелерин, сунуштарын координация кылуу жолго коюлбай жатат. Алар менен ырааттуу иш алып баруу — элчилердин да негизги милдеттеринин бири», — деп белгиледи Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков.

Инвестиция – экономиканы алга тартуу жолунун бири

Жакында эле Өкмөт өлкөгө инвестиция тартуу солгундап калганын белгилеп, бирок бул дүйнөлүк тенденция экенин билдирген болчу. Ошентсе дагы өлкөгө инвестиция тартуу негизги милдеттерден болуп кала берүүдө. Бул тууралуу мамлекет башчы: “Энергетика, транспорттук-логистикалык мүмкүндүктөрдү ке ңейтүү, таза суу жана ирригация долбоорлору, заманбап технологиялар, туризм, кайра иш тетүү, жеңил жана тоо-кен өнөр-жайлары — өлкөбүздүн инвестицияга муктаж тармактары. 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Аймактарга инвестицияларды тартуу — актуалдуу милдет бойдон калууда. Өзгөчө төмөнкү багыттарга көңүлүңөрдү бургум келет. Энергетика чыгаруучу объекттерди реконструкциялоо, модернизациялоо жана жаңы ГЭСтерди куруу өзгөчө мааниге ээ. 2023-жылга карата электр энергиясын ко-шумча 385 МВттан кем эмес кубаттуулукка көбөйтүү пландары коюлду”, — деди.

Ошондой эле мамлекет башчы бир катар инвестиция тартууга муктаж багыттарды белгилеп, элчилерге багыт берди. Алардын ичинде “Манас” жана “Ош” аэропортторунун инфраструктурасын өнүктүрүү, “Таза-Суу” менен камсыздоо, ирригация долбоорунун алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүп, сугат суусун жеткирүү, инновациялык өнүгүү ж.б. багыттарда инвесторлорду тартып келүү элчилердин милдети экенин белгиледи Президент. Ошондой эле чет өлкөдө аткарыла турган иштер Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуунун негизинде гана жүргүзүлүшү абзел экендигин кошумчалады.