«Астана» эл аралык каржы борбору – континенттер аралык экономикалык көпүрө

Алдыга өжөрлүк менен умтулган көз карандысыз Казакстан өлкөгө чет өлкөлүк инвесторлорду тартууга багытталган чечимдеринин оригиналдуулугу менен өзгөчөлөнөт. «Астана» эл аралык каржы борборунун (АЭКБ) иштей башташы бул өңүттө калыптанган салтты бекемдеп берди. КМШ өлкөлөрүнүн ичинде уникалдуу долбоор ишке ашты. АЭКБ өзүндөгү арбитраж, сот, биржа жана ирээттөө кызматтарынын жардамы менен Казакстандын экономикасына инвестиция тартуунун да борбору болмокчу.

Уюм – борборазиялык региондогулардын бардыгы үчүн постсоветтик мамлекеттеги финансылык хаб, анын үстүнө англиялык укуктук принциптерге негизделген, жеңилдетилген салык режимине жана көз карандысыз финансылык сотко ээ хаб. Ушундан бир нече жыл мурда мындай долбоор такыр фантастикалык деп эсептелиши мүмкүн эле. Бирок, бүгүнкү күндүн фактысы анык кубулуш.

АЭКБдин демилгечиси жана башкы уюштуруучусу, демейдегидей, өлкөнүн Президенти Нурсултан Назарбаев болду. «5 институционалдык реформалар боюнча 100 кадам – Улут планы» боюнча эл алдында сүйлөгөн сөзүндө ал Астана шаарында ASTANA EXPO-2017 инфратүзүмүнүн  алкагында  АЭКБди  куруу жөнүндө ойго келбеген идеяны шардана кылган эле. Мелжелген үлгү Дубайдагы ушул  сыяк туу борбор болчу.

Өлкөнүн Конституциясында каржы борборунун өзгөчө юридикалык макамынын бекитилүүүсүн, борбордун КМШ өлкөлөрү, ошондой эле Батыш жана Борбордук Азиянын бардык аймагы үчүн финансылык хаб иретинде калыптануусун, англиялык укуктук принциптер менен жумуш иштей турган өздүк юрисдикцияга ээ экендигин, анын көз карандысыз сот системасын артыкчылык катары белгилеген Казакстандын мамлекет башчысы АЭКБдин ишмердигин тиешелүү жарлык чыгаруу аркылуу бекемдеди. Соттук корпустун курамы чет өлкөлүк адистерден түзүлгөн. Келечекте Казакстандын финансылык хабы дүйнөнүн 20 алдыңкы каржы борборлорунун катарынан орун алышы керек.

Калгандары, образдуу түрдө айтсак, техникалык иштер. Н.Назарбаев Улуу Британияга барган расмий сапарынын жүрүшүндө Джейкоб Ротшильд (саясатчы, банкир) менен жолугушту. Көп өтпөй, бир нече күндөн кийин казакстандык парламент АЭКБдин макамын мыйзамдуу түрдө бекитти. Ошентип, 2018-жылдын январь айында «Астана» эл аралык каржы борбору келечекке расмий кадам таштады.

АЭКБ чет өлкөлүк инвесторлорду эмне себептен кызыктырып жатат? Эң алды менен, бардык региондордо мурда болбогон жеңилдетилген шарттары аркылуу. Мында көз карандысыз финансылык жөнгө салуу эл аралык стандарттарга негизделген. Жооптуу кызматтарды юриспруденция менен эл аралык укуктардын такшалган адистери – британдыктар аткарышат. Англиялык сот адилеттүүлүгүн бүткүл дүйнө тааныйт, ал эми расмий Лондон эл аралык укук борбору болуп саналат.

АЭКБде англиялык укуктук принциптерге гана таянган, Казакстандын сот системасына көз карандысыз өзгөчө укуктук режим кабылданган. АЭКБнын территориясында иш жүргүзүүнүн расмий тили катары англис тили колдонулат. Чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону кепилдеген АЭКБдин судьяларынын макамы да көңүл бурууга арзыйт. Бул – Казакстандын кынтыксыз кадыр-баркка ээ болууга умтулуу сунун жана ири трансулуттук компаниялардын ишмердиги үчүн жакшы шарттарды түзүп жаткандыгынын айкын белгиси.

Инвесторлор үчүн жеңилдиктердин тизмеси абдан чоң. Алардын ичинде булар бар. Салык жеңилдиктери 50 жылдык мөөнөткө мерчемделген. АЭКБдын катышуучулары 2066-жылдын 1-январына чейин ИПН (керектөө маанайынын индекси) жана КПН (корпоративдик киреше салыгы) төлөөдөн бошотулат. Визалык жана эмгек режимдери жөнөкөйлөштүрүлгөн. АЭКБнын чет өлкөлүк кызматкерлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөбүзгө 5 жылга чейинки мөөнөттөгү кирүү визасын алышат. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна мүчөлөрдүн, Бириккен араб эмираттары, Малайзия, Сингапур, Монако өлкөлөрүнүн жана Казакстандын Өкмөтү уруксат берген өлкөлөрдүн жарандары 30 календардык күн мөөнөтү менен визасыз кирүүгө укугу бар. Чоң эмес, бирок жагымдуу бонус – ишмердүүлүктүн алгачкы эки жылында «А» классындагы кеңселер ижарага акысыз берилет.

Чет өлкөлүк ин весторлорго өтө лоялдуу мамиле жасап отурган Казакстандын инвестициялык жакшы маанайды түзүп бергени – саясый жактан да, экономикалык жактан да артыкчылыктуу көрүнүш болууда. Чет өлкөлүк ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү үчүн алгачкы мезгилде Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча министрлик атайын түзүлгөн болчу. Анын ишмердиги аркасында инвесторлор үчүн мамлекеттик тейлөөлөр жөнөкөйлөштүрүлгөн, административдик тоскоол азайган. Министрлик өткөн жылдын аягына чейин ийгиликтүү иштеп, милдетин аткарган соң, кайрадан башкача түзүлгөн. Тиешелүү милдеттер жана ыйгарым  укуктар  Улуттук  экономика  министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине өткөрүлгөн. Президент Нурсултан Назарбаевдин жүргүзүп келе жаткан дипломатиялык көп векторлуу саясатын эске алсак, казакстандык иштиктүү сунуштар дайыма колдоого ээ, ал эми чет өлкөлүктөрдүн Астанадагы жогорку деңгээлдеги сапарлары жана жолугушуулары ишкерлердин форумдары жана жаңы келишимдерге кол коюу менен аякталууда.

Жыйынтык көрүнүп турат. АЭКБ ачылганга чейин эле ага 55тен ашуун компания катталган. «Астана» эл аралык каржы борборунун башкаруучусу Кайрат Келимбетовдун айтымында, алардын саны 2020-жылга карата 500 компаниядан аша тургандыгы күтүлүүдө.

— Биз каржы институттарынан салык албаганыбызга байланыштуу тартылган чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү – натыйжалуулугубуздун башкы көрсөткүчү болуп табылат, — дейт К.Келимбетов.– Биз муну акылга сыйымдуу деп эсептейбиз. Эгер антпесек, бул инвестициялар Казакстанга келбес эле. Ондогон миллиард доллар инвестициялар, бул – жаңы жумуш орундарын түзүү, өлкөбүздөгү сатып алуу керектөөлөрүн жогорулатуу, булардын бардыгы биз үчүн маанилүү.

Өлкөнүн мурдагы премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Astana Finance Days форумунун пленардык сессиясында сүйлөгөн сөзүндө белгилегендей, АЭКБ Казакстандын эл аралык мейкиндиктеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өлкөнүн дүйнөлүк алкакта өз ордун табууга өбөлгө түзөт.

—  АЭКБ  Казакстан  үчүн  дүйнөлүк  каржы  сис темасынын  бир  тармагы,  — дейт Б,Сагинтаев. – Дүйнөлүк акча агымын башкарган каржы борборлорунун глобалдык тизмеги жер шарынын бардык чөлкөмүн – Торонтодон Сиднейге чейин, Токиодон Нью-Йоркко чейин камтыйт. Ар бир өлкө өз үлүшүнө ээ. Борбор шаардагы «Астана» эл аралык каржы борбору географиялык жайгашуусу боюнча чоң артыкчылыкка ээ. Борбор Азиянын, Евразиялык экономикалык биримдиктин, Закавказьенин жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууга ыңгайлуу жерде.

— Астана «Бир алкак –Бир жол» глобалдык демилгенин жаңы трансконтиненталдык маршруттарынын олуттуу бекеттери-нин бири болуп эсептелет, – деп белгилейт Б.Сагинтаев. – Ошондуктан АЭКБ Батыш Кытай, Монголия жана Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы нукура финансылык-экономикалык көпүрө боло алат. Бул 1 миллиарддан ашуун адамы бар эбегейсиз чоң рынокко кирүүгө шарт түзөт.

Баса, Батыштын серепчилер чөйрөсү да Европа менен Азияны жалгаган жаңы каржы көпүрөсү курулду деген пикирлерин айтышууда. Казак бийлигинин алдын ала жүргүзгөн болжолдоруна караганда, «Астана» эл аралык каржы борбору өлкөнүн экономикасына миллиарддаган инвестицияны тарта алат. Казакстандын көздөгөнү, албетте, эбегейсиз чоң, бирок учурдагы жагдайды байкасак, мерчемделген иштер аткарылышына толук мүмкүнчүлүк бар. Инвесторлорду алып келүүгө атаандаштыктын күн сайын күчөп бара жатканын астаналыктар жакшы билишет, мындайда дүйнөлүк экономиканын азыркы замандагы талаптарына жооп берген келечеги бар ишмердүүлүк гана инвестицияны тарта алат. Демек, Казакстан ушуга ыңгайлашуусу керек.

Жаркын ТОГУЗАКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *