Сот адилеттүүлүгү болбосо, баары соолуйт

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков соттордун XI сьездинде сүйлөгөн сөзүндө сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке болгон ишеними арта турганын баса айтты. Ошону менен бирге колу таза эмес кокуй соттордун коомго тийгизип жаткан кесепеттерине кеңири токтолду. Аныгында Президент сот реформасын жүзөгө ашырууда өлкөнүн саясый жетекчилигинде саясый эрк жетиштүү экендигин дагы бир ирет тастыктады.

Бир карын майды, бир кумалак чиритет

“Өлкөбүздө жүрүп жаткан олуттуу реформаларды ишке ашыруу — сот системасынын адилеттүүлүгүн камсыз кылууга барып такалды”, – деди Президент. Бул сөздөрдүн мааниси терең. Сот адилеттигин камсыз кылмайын өлкөбүз өчөйгөн абалдан чыга албай тургандыгына көзүбүз жетти.

Эгемендиктен бери мамлекетти өнүктүрүүнүн түрдүү багыттары, жөн эмес стратегиялык багыттары, ар кандай майкөл-сүткөл реформалар тууралуу эчен кооз сөздөр айтылып, эмне деген каражаттар жумшалды. Гранттар, насыялар алынды. Акыр аягында чеке жылытарлык бир дагы реформаны көрсөтө албай, башыбыз маң. Анын ичинде кулакка өтө жагымдуу угулган сот реформасы дегенибиз дагы бар. Көрсө коррупциясы коолоп-чайлап кеткен, мыйзамы иштебеген, сот акыйкаттыгы соолуп калган коомдо кайсы бир реформаны жүзөгө ашыруу кыйын экен.

Сооронбай Жээнбеков Президенттик ишмердүүлүгүн  мамлекетти  чырмоок-той чырмап алган коррупцияга каршы күрөштөн баштаганы тегин жеринен эмес. Болгондо да коррупциянын көптөн берки жакшы көргөн көлөкөсү, жайкалган жайлоосу болуп келген күч структураларын андан арылтууну кабыргасынан койгон. Мындай аракеттер жемишин бербей койгон жок. Коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттардын бирдиктүү эсебине 1 млрд. сомдон ашык каражат келип түштү. Бул багытта күрөш күчүндө. Дагы түшөт.

Бирок, кайран гана коррупция – аны менен күрөшүүнүн ана башында турат, сот адилеттигин, мыйзамдуулукту камсыз кылат деген сот системасын да кыйгап өткөн жок. Өтмөк турсун өз үйүндөй эле ээлеп алганын элдин баары жакшы билчү. Болгону ал тууралуу айтканың айтылган жерде калып, кыйкырган үнүң кыр ашчу эмес. Сот адилетсиздигине болгон элдин мындай нааразылыгына соттордун сонун жообу бар. “Сот иштеринде бири утат, бири утулат. Анан утулган тарабы, албетте, сотко рахмат айтмак беле. Ушинтип кыйкыра беришет да”, – дегенди жадыбалдай жакшы айтышат. Муну менен жалпы эле сот бийлигине бир тараптуу көө шыбагандан алыспыс. Сөз коррупцияга белчесинен батып кеткен, аны менен бүтүндөй сот  системасына  көлөкө  түшүргөн  айрым судьялар жөнүндө болууда. Бул тууралуу Президенттин сөзүн келтирейин: “Сот системасында, мурдагыдай эле соттук жаңылышуу, мыйзамды жана соттордун этикасын бузуу фактылары болуп жатат. Мен баары эле жаман иштеп жатат деген ойдон алысмын. Бирок, “бир карын майды, бир кумалак” чиритет дегендей силердин араңарда “судья” деген наамды алып жүрүүгө татыксыз адамдар да бар. Алардын иш-аракетине жарандар нааразы болуп келет. Мыйзамды коргоого милдетүү болгон бийлик өкүлдөрүнүн, минтип өздөрү мыйзамсыз жоруктарга барып жатканы абдан өкүнүчтүү”.

Кытай инвесторун кыр ашыра качырган судьялар

Баарынан коркунучтуусу Кыргызстандагы коррупцияга кокосунан малынган айрым соттордун айынан чет өлкөлүк инвесторлордун артын карабай качып жаткандыгы. “Көз карандысыз жана адилеттүү сот — ар бир мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн өзөгү. Мунсуз бир дагы өлкө ийгиликтүү өнүгө албайт, жагымдуу инвестициялык климат болбойт. Ошондуктан, өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында экономикалык мүнөздөгү иштерди кароодо соттордон адилет, кесипкөй мамиле талап кылынат”, – деди Сооронбай Жээнбеков.

Фактыга  кайрылалы.  Жакында  эле Башкы  прокуратура  райондук  соттон Жогорку сотко чейин жылмаңдап сойлоп жүргөн бир коррупциялык ишти бакыртып кармап алып, ичин жарып көрдү эле 7 судьянын башы чыкты. Анын натыйжасында Кытай иннвесторунун акчасына курулган 280 квартиралуу “Diamond-Caity” турак-жай комплексин таламандын чак түшүндө рейдерлик кылмыштуу топко тартып алып берген соттордун уюгунун бети ачылып отурат.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-февралында Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш Кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) боюнча, Бишкек шаардык сотунун аракеттеги үч, Жогорку соттун аракеттеги үч, Жогорку соттун мурдагы бир судьясына кылмыш ишин козгогон. Кыргызстандын тарыхында катары менен 7 судьяга кылмыш ишин козгоо фактысы буга чейин болгон эмес эле.

Учурда  ишти  УКМКнын  Башкы тергөө башкармалыгы алып барууда. Баса, бул кылмыш иши боюнча 2018-жылдын ноябрь айында Свердлов райондук сотунун төрагасы Э.Жаркеевага карата кылмыш иши козголуп, ал учурда камакта. Байкап атасыздарбы, райондук соттун бакыйган төрагасы, аттуу-баштуу Жогорку соттун судьялары өздөрү баштап коррупцияга белчесинен батып отурбайбы. Бул фактынын өзү көп нерсенин башын каңкуулап турат.

Учурда кырдаал өзгөрдү. Соолуткан сотторго болгон мамиле катуулады. Акыркы эки жылдын ичинде 10 судья мыйзам бузгандыгы үчүн иштен бошотулуп, 26 судья тартип жоопкерчилигине тартылса, 10 судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокуратурага макулдук берилген. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков  2018-жылы  судьялык  кызмат орундарына дайындоо үчүн сунушталган 88 талапкердин 32син дайындоого макулдук бербей, артка кайтарганын айтты.

…Сот системасы дурус эле каржыланууда

Эл  ичинде  соттордун  айлыгын көтөрүп койсо, мүмкүн пара албай таза иштеп, сот реформасы дагы тезирээк ишке ашаар беле деген пикир бар. Бул жагынан алганда деле, башка мамлекеттик кызматкерлерге салыштырмалуу судьялардын айлыгы асман-айды чапчыйт деп ачык эле айта алабыз. Кыргызстанда эң жогорку пенсия алган дагы ушул судьялар. Бир сөз менен айтканда карапайым калкка салыштырмалуу соттор соттой эле жакшы жашап жатышат. Сыйпалатып отурбай муну түз эле айтыш керек. Өз кезегинде мамлекет деле сот системасын каржылоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого бюджеттен каржылоону жылданжылга арттырып келет.

Айталы, 2018-жылга карата – 1 млрд 555 млн. 958 миң 200 сом бөлүнүптүр. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга көп. Ал эми 2019-жылга карата – 2 млрд. 154 млн. 617 миң 100 сом каралыптыр. Муну менен бюджеттен каржылоонун көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 38,5 пайыз өскөн. “2018-жылы май айында Сот реформасы боюнча кеңешинин жыйынында «Реформа жасоо үчүн эмне керек?» деген суроомо, сот системасынын өкүлү «Саясый эрк жана акча каражаты» деген. Саясый эрк бар. Каражат да бар. Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө. Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар. Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт  кылып  отурабыз”,   –  деди Президент.

Баңги зат менен кармалгандарды башынан сылагандар

Президент баарыдан мурда сот системасынын  аброюн  түшүргөн, көпчүлүктүн көңүлүн өйүткөн айрым фактыларды ачык айтты. Мунун ар жагында мындай көрүнүштөр мындан ары кайталанбасын деген ишараат жатканын сот акелер, толук түшүнүштү окшойт. Президент баңги заты менен кармалган кылмышкерди башынан сылап, чекесинен өөп бошотуп жиберген судьялар тууралуу мындай деди: “Кээ бир судьялар тарабынан баңги заттарына байланышкан жазык иштерин кароодо мыйзамдын одоно бузулушуна жол берилген. Тактап айтсам, Ош облусунун айрым судьялары 14 килограмм «гашиш» баңги заты менен кармалган чет өлкөлүк кылмышкердин аракетин жеңилдетип, ага карата мунапыс берген. Бүгүнкү күндө аталган жагдай боюнча судьяларга карата кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мындан сырткары, жакында эле ушундай кылмыш иштерин караган судьялыкка талапкерди Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтардым. Ал өз убагында 27 кг героин жана 5 кг гашиш баңги заттары менен кармалып соттолгон адамдын кылмыш ишин бузуп, аны негизсиз кайра кароого район-дук сотко жөнөтүп салган. Муну кандай түшүнсө болот? Баңгилик — бул бир гана Кыргызстан эмес, бүтүндөй дүйнө калкынын көйгөйү. Баңги зат менен байланышкан кылмыштар – булар оор кылмыштар. Улуттун саламаттыгына, келечегине чоң коркунуч жараткан кылмыштар. Ошондуктан, жогорудагыдай чечимди кабыл алган соттор – булар улут кызыкчылыгына каршы деп бааласак болот”.

2005-жылдан бери каралып бүтпөгөн эмне болгон иш?

Сот  бийлигинин  адилеттүүлүгүн камсыз кылабыз, сот реформасын жүзөгө ашырабыз десек, сот системасындагы болуп жаткан кемчиликтерди жаап-жашыруунун кажети жок. Муну Президент да өзгөчө белгилеп кетти. Айрыкча карапайым  адамдардын  соттук  талаш-тартыштарын жылдап созо берүү, ал адам кандай гана соттук инстанцияларга кайрылбасын сүйлөшүп алгансыган жооптуу угуп, акыры акыйкат издеген бечаралардын Конституциянын гаранты Президентке кайрылуудан башка аргасы калбай калгандыгы бизде күнүмдүк эле көнүмүшкө айланган. Буга байланыштуу Президент муну айтты: “Дагы бир кейиштүү нерсе – биздин соттордо көптөгөн иштер узак мезгил бою, кээ бир учурларда жылдар бою каралаары баарыбызга белгилүү. Менин дарегиме иштердин кароо мөөнөтүн создуктуруу жөнүндө көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.

Судьялар соттук талаш-тартыштарды кароону создуктуруу менен ашыкча бюрократияга  жана  соттук  кыңыр  иштерге өздөрү жол берүүдө. Мисалы, 2018-жылдын декабрь айында болуп өткөн соттук реформа боюнча кеңештин 2-жыйналышында да сот процесстеринин жүйөөсүз созулушу жөнүндө соттук иштерди айтып келгем. Анда мага кайрылган бир жарандын катардагы иши 2013-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин созулуп келген. Жогорку сот тарабынан 4 ирет каралып, негизинен чечим чыкпай, улам кайра кароого жөнөтүлө берген. Дагы бир мисал, бир адамды атып, майып кылган кылмышкер тууралуу жазык ишин алалы. Азыр алардын аты-жөнүн айтпай эле турайын.

Бул жазык иши 2005-жылы козголгон. Ошондон бери Жогорку сот тарабынан көзөмөл тартибинде 7 жолу каралган. Бул жети жолу кароонун жыйынтыгында Жогорку сот жергиликтүү сотторго жоопкерчиликти жүктөп, биротоло чечим кабыл алган эмес…Жогорку сот ишти ушинтип кайра-кайра карай берген учурлар абдан көп. Бул жерде адам тагдыры болуп жаткан соң, чечим кабыл алынышы керек деп эсептейм”.

Бизге “санариптик судьялар” керек

Учурда кайсы гана система болбосун, санариптештирүү коррупциянын алдын алаары белгилүү болуп калды. Бул жагынан алганда Кыргызстандын сот системасын туташ санариптештирүү күндүн талабы болуп турат. “Санариптештирүү — жарандардын укуктарын коргоонун жана соттордун ишинин натыйжалуулугунун синоними боло баштады. Анткени, санариптик технологияларды пайдалануу жарандардын конституциялык укуктарын мурдагыдан алда канча натыйжалуу коргоо үчүн оңтойлуу шарттарды түзүп, жемкорлукту азайтат. Бардык жарандардын, өзгөчө калктын аярлуу катмары үчүн сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жакшыртат.  Санариптештирүүнү  тездетүү үчүн биринчи кезекте судьялар өзгөрүшү абзел. Мезгил талабына ылайык бизге «санариптик судьялар» керек. Компьютердик сабат — судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнүн зарыл бөлүгү болуп калышы зарыл. Убакыт аз. Иштерди электрондук форматта кароону киргизүү мөөнөтү көпкө созулбашы керек”, – деген талапты койду Президент.