«МИК»: «Арзан турак-жай – 2015-2020», элеттиктердин жеңилин жерден, оорун колдон алган АЧФ-6 программасы, аты сонун “Таза суу”…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргызда “үңкүр да болсо үйүң болсун” деген кеп бар. Бул кылымдарды карыткан лакап — үй көйгөйү адам баласынын жашоо турмушундагы өтө орчундуу маселе экенин тастыктайт. Үй демекчи, Кыргыз Өкмөтү да буга кайдыгер карабай, күн тартибинен түшүрбөй келатат. Өкмөттүн токтому менен 2015-жылы июлда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК («МИК» ААК) уюшулса, башка бир токтому менен ошол эле жылы августта «Арзан турак жай – 2015-2020” Программасы бекитилген. Алгач уюшулганда, “МИКтин” уставдык капиталы 10 млн. сом болсо, кийин компаниянын уставдык капиталы 310 млн. сомго чейин көбөйтүлгөн. Учурда “МИКтин” уставдык капиталы 321,5 млн.сом. Компаниянын максаты — өлкөнүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана шарттарды түзүү.

Өкмөттүн “Арзан турак жай — 2015-2020” программасына ипотекалык насыяны алган учурда курагы 21 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөгөн учурда жашы 65ке чейинки өлкө жарандары катыша алышат. Мындан тышкары программа катышуучуларына: иштеп жаткан жумуш ордундагы эмгек стажынын бир жылдан, жалпы эмгек стажынын 3 жылдан кем болбошу; программага катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жеке турак жайынын жоктугу; программага катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу; катышуучунун төлөөгө жөндөмдүү болушу өңдүү эң жөнөкөй талаптар коюлган. Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл документтердин тизмеси менен каалагандар “МИКтин” сайтынан тааныша алышат.

2018-жылдын ичинде Өкмөт тарабынан “Мамлекеттик ипотека компаниясы” ААКсына бюджеттик ссуда катары 1,5 млрд. сом берилген. Өткөн жылдын 31-декабрына каратаабал боюнча калкка 4,2 млрд сом суммасына 3788 ипотекалык насыя берилген.

Турак-жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн КР Президентинин сунушу боюнча 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып “МИКтин” ипотекалык насыя боюнча пайыздык коюмдары кайрадан берилген ипотекалык насыялар боюнча баштапкы взноско жараша жылына 8-10%дан 7-9%га төмөндөтүлгөнүн белгилеп койгонубуз оң.

КР тарыхында биринчи жолу 2018-жылдын июлунда “МИК” тарабынан 200 млн. сом көлөмүндө 8,3 % купондук коюм менен 2 жылдык мөөнөткө ипотекалык баалуу кагаздардын (ИБК) алгачкы ачык эмиссиясы жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө 8 млн. сом суммасында ИБК сатылды. ИБКны сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен жарандардын бардык категориялары үчүн ипотекалык насыя берүү багыты иштей баштап, декабрь айында 1-насыя жылына 14% менен бюджеттик эмес чөйрөдө иштеген жаранга берилди.

Бул жасалып жаткан иштердин баары өлкө жарандарын арзан турак-жай менен камсыз кылуу багытында жасалып жаткан иштер экени талашсыз.

Мындай көз кубанткан алгылыктуу иштер экономиканын башка тармактарында да жок эмес. Алсак, айыл чарбасында элет элинин, анын ичинде дыйкандардын, фермерлердин жеңилин жерден, оорун колдон алган программалар иштөөдө. Анын бири – “Айыл чарбасын каржылоо – 6” (АЧФ-6) программасы. 2018-жылдын 31-декабрына карата АЧФ-6 программасы боюнча 11 коммерциялык банк тарабынан калкка жалпы суммасы 5,6 млрд. сомго 11 332 айыл чарба насыясы берилди. Насыялар боюнча коюм жылына: өсүмдүк өстүрүүгө жана мал чарбачылыгына акыркы заёмчулар үчүн – 10%, кайра иштетүүгө – 6%, бак өстүрүүгө жана асыл тукум мал чарбасына – 8%ды түзөт. Эң көп насыя – 3,6 млрд. сом “Айыл Банк” ААК жана “РСК банк” ААК аркылуу берилген.

Адам баласынын колу ай-асманга жеткен ааламдашкан дүйнөдө калктын санынын өсүшү менен таза суу көйгөйү күн тартибинен түшпөгөн көйгөйгө айланды. БУУ дүйнө калкынын 89%ы таза суу менен камсыз болгон деп ооз толтура айткан менен 800 млн. киши кир суу ичүүгө аргасыз. Ал эми башка бир маалыматта таза сууга муктаж адамдардын саны дээрлик 2 млрд.га жакын экени айтылат. 2016-жылдын дүйнөнүн 130 өлкөсү катышкан Стокгольмдогу “Бүткүл дүйнөлүк суу жумалыгына” катышып келген ЖК депутаты: “Дүйнө калкынын 1/3 бөлүгү таза сууга муктаж”, – деп таптакыр эле башка санды айтты. Бул сандардын кайсы бирине ишенериңди да билбейсиң. Бир сөз менен айтканда, кырдаал кыйла эле оор. Таза суунун тартыш экенин таза суунун башында турган Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз боло электиги тастыктап тургандай.

Элдин эсинде болсо керек, 2000-жылдан кийин Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Таза суу” долбоору иштеп, банк берген каражатка өлкөнүн дээрлик бардык айылдарына таза суу жеткирилгендей болгон. Айрым бир маалыматтарга караганда, банк бөлгөн 69 млн. долларга өлкөнүн 500дөн ашуун айылына суу түтүктөрү орнотулуп, дээрлик бир миллион кыргызстандыктар таза суу менен камсыз болгон. Кийин да 40 млн. долларлык долбоорлор иштеп, 148 айылда суу түтүктөрү орнотулган. Программалар жазылып, эл аралык донор уюмдар каражат бөлгөнү менен маселе дале болсо толук чечилбей келет.

2018-жылы  жалпысынан  42  айылда ичүүчү суу системалары ишке киргизилип, 105023 адам таза суу менен камсыз болду. Анын ичинде Баткен облусундагы 7 айылда, Ош облусундагы 12 айылда, Нарын облусундагы 6 айылда, Ысык-Көл облусундагы 3 айылда, Чуй облусундагы 14 айылда ичүүчү суу системалары ишке киргизилди.

Иш жүзүндө таза суу долбоорлор республикалык бюджеттен, Дүйнөлүк Банктын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыялары жана Кытай Эл Республикасы гранты менен каржыланууда.

Ирригация тууралуу айтсак, бул багыттагы долбоорлор республикалык бюджеттен, Кытай Эл Республикасы (КЭР) гранты жана Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) насыясы менен каржыланып жатат. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 634 га. жаңы сугат жерлери жана 1901 га. жерлерин суу менен камсыздалышын жогорулатуу жана 1600 га. жерлердин мелиоративдүү жактан жакшыртуу киргизилген. Бүгүнкү күндө куруу-монтаждык иштер Чүй облусунан башка, республиканын 6 облусунда 12 объектиде жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 8 иррига-циялык долбоор каржыланууда, ИӨБ каражаттарынын эсебинен 1 суу чарба объектисин куруу, КЭР грантынын каражаттарынын эсебинен 3 суу чарба объектилерин куруу каралган.