Аудио жана видео жаздыруу элдин сотко болгон ишенимин арттырат

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


Бүгүнкү күндө сот отурумунун жүрүшүн аудио-видео жаздырууну камсыздоо иштери жүрүп жатат. Аталган система сотто катышуучулар тарабынан болгон бузууларды гана азайтпастан, күбөлөр менен шектүүлөрдү алыстан суракка алууга, аларды ташып келүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жана сот өндүрүшүнүн ыкчам, жеткиликтүү жана ыңгайлуу болуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Белгилүү  болгондой  сотто прокурор жана адвокаттар, жабыр тарткан тараптар, доогерлер жана башка процесстин катышуучулары акырын жана так сүйлөбөй, айрым учурларда биринин сөзүн бири укпай, чогуу катуу сүйлөшкөн учурлар көп эле болсо керек. Бул учурда сот отурумун жазып жаткан катчы бардыгын жетишип, туура жазып жатабы, судьяга бардыгы түшүнүктүү болуп жатабы деген суроолор процесстин катышуучуларынын тынчын алат.

Ошондуктан,  электрондук протокол  жүргүзүү  зарыл  жана маанилүү экендигин белгилей кетүү керек. Сот отурумунда жазылган аудио жана видео жазууларды ишке байланышы бар тараптар гана алганга укуктуу. Ал атайын дискке жазылып, анда убактысы, өткөрүлгөн күнү жана сот отурумунун катышуучулары көрсөтүлөт. Бул өз кезегинде сот процессинде көрсөтүлбөй калган жагдайларды далилдөөгө же болбосо жогору инстанциядагы соттор-го колго жазылган протокол менен эмес, алгачкы соттук сурак, далилдерди изилдөө, тараптардын жарыш сөзүн угуп же көрүүгө мүмкүн болот. Демек, соттук протоколдорду автоматташтыруу процесстин катышуучуларына гана эмес, судьяларга жана алардын катчыларына дагы бир топ жеңилдиктерди алып келет.

КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 72 жергиликтүү сот, 159 сот жыйын-дар залы болсо, анын ичинен 80ге жакын залында аудио жана видео жаздыруу системасы орнотулган. Учурда система тесттик режимде иштеп, жыл соңуна чейин 52 сотко аудио жана видео жаздыруулар орнотулат.

Дагы  бир  белгилечү  жагдай, ушул жылдын соңуна чейин Кыргызстандын ар бир сотунда видео-конференция  системасы  ишке киргизилгени турат. Ошентип ар бир сотто республиканын башка жергиликтүү соттору жана жаза аткаруу мекемелери менен байланыштыра турган атайын жабдыктар орнотулган залдар орун алып, онлайн режиминде процесстерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыпталып жаткан адамды сотко алып келбей эле убактылуу кармоочу жайдан, ал эми күбөлөрдү жана эксперттерди башка аймактардан чакыртып отурбай эле аралыктан видео-конференция аркылуу сурак алууга болот. Бул өз кезегинде соттук иштерди кароонун оперативдүүлүгүн көбөйтүп,  жарандар  үчүн  сот өндүрүшүнүн ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Жаңы санариптик технологияларды колдонуу жарандардын конституциялык укуктарын жана эр-киндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, сот  адилеттигине  жетишүүдөгү ачык-айкындуулукту камсыздап, судьялардын арасында коррупция-нын болушун азайтып, соттордун ишти кароосун тездетет. Сот тутумун реформалоонун алкагында жүргүзүлүп жаткан мындай иштер өз жемишин берет деген ишеним бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *