Бишкектеги ири өрт толугу менен өчүрүлдү

Новопавловка айылынын Фрунзе  көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 15:42де толүк өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 3 турак үй (болжол менен 420ч.м.), 1 оор жүк ташуучу унаа, 1 контейнер күйгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Өрттүн себеби такталууда. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Костонай жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу 12:07 маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылган.