Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Асылбектикине кеткендерди күтүп, эмне кеп-сөз угабыз деп баятан чыдамы кетип тургандар «чабармандардын» карааны көрүнөөр менен утурлай басышып, бирок алардын түрүн көрүп эле иштин жакшы эмес экенин түшүнүп, «эмне деп ийер экен?» – дегендей, Акбай карыяны карашты. Көрпө тебетейин кабагына баса кийип, көздөрү ого бетер чүңүрөйүп, башын ылдый салган аксакал бирок ак да, көк да дебей, колун аркасына алып, кемселинин эки этегин делбектеткен боюнча көпчүлүктү жандай өтүп, эмнегедир үйүнө да эмес, айылдын этегиндеги эриккенде эрмектеп чыгып барып, эзелки менен эртеңкиге сереп салып отурчу Элик-Жон деп аталган дөбөнү көздөй бет алды.

Эчактан берки элди дүрбөткөн бул укмуштуу окуяга айылдын аксакалы чек коюп, олуттуу бир бүтүм жасап, акыркы сөзүн айтат деп ынтызар турган эл, абышка алда кайда узап кеткичекти үндөбөй, ошол тараптан азыр кандайдыр бир сыр көрүнө тургандай көкүрөктөрүн басып, көз албай карап турушту.

– Каякка кетти?! – деди аңгыча Шоорат аттуу шокулдаган, чыдамы аз, эки айылды эриктирбес, бир айылды бириктирбес жайы бар жука келин жанындагыларды чукулай, – Соо эмес го, ыя?!

Турумкүл менен Карачач, Таңырбай менен Бекибай чал баш болгондорду эл бат эле анан ортого ороп, Асылбектикинде болгон эми элеки окуяны эки-үч эсе шумдуктантып угуп, ансайын үрөйлөрү учуп, үрпөйүп турушту. Абылай болсо акыл-эсин жыя албай, көргөн көзүнө бир ишенип-ишенбей, ого бетер эле абдаарып калды. Азыр эле аппак жылан болуп, атасынын алдында эркелеп жаткан, атургай эне-атасына болушуп эки ачакей уу тилин соймоңдото сес берип, Асылбек тыйганда гана тигил үйгө кирип кетип, заматта кызга айланып отуруп калган кыздан мурун, ага тизе бүгүп, жалооруп отурган уулуна акылы айран! Аны же аяганын, же ачууланганын билбей, ызадан ынтыгып, бүткүл денеси менен дем алып, Асылбектин үй-бүлөсүнөн кантип өч алуунун айласын издей баштады эми!

* * *

Чыны менен эле ушул убакта Бектемир Кызмончоктун алдында бары-жокко кайыл болуп, болбурап турду:

– Кызмончок! Кандай болгон күндө дагы мен сенсиз жашай албайм! Мен сени сүйөм, Кызмончок! Болгону эле… ыйлабачы, алтыным!

Ортону саамга жымжырттык уялаганын оозгу үйдөгүлөр да туюп, демдерин ичине катып, ичкери кулак түрүштү. Алардын корккону – төркү үйдө, Кызмончок менен Бектемирдин жанында Жанжын бар экендиги эле!

Айткандай эле ак жылан жанындагы экөөнүн дем алганынан бери тыңшап, эгерде Бектемир кызды таарынта турган болсо, ордунан ыргып чыгууга ыңгайланып, денеси түктөйүп сак жаткан! Аны сезип, билип турган Кызмончоктун бүткөн боюн, колдорун майда калтырак басып кетти. Анткен менен бул эле жерде, жарым карыш жакын турган Жанга ой-сезим менен буйрук берип жоошута албай, байланышка чыгууга жигиттин деми менен үн толкуну тоскоолдук кылып, көңүлү алагдыланып жатты. Кызмончоктун антип көздөрүн ала качып, ыңгайсыздана бергенин жигит башкача түшүнүп:

– Кызмончок, уялбай эле кой! Мен сага түшүнөм, мен сага жардам берем! – деди. «Кантип?!» – дегендей кыз жигитке бир «жалт» карап алганында, анын баятан бери күн желесиндей куюлган кирпиктеринин астында катылган капкара, жууган карагаттай мөлтүр каректеринен томолонуп, эки-үч тамчы кулап кетти. Бектемир кызды бооруна кысты. Ушул убакта Кызмончоктун көздөрү тактанын астынан шыкаалап турган көздөр менен урунуша түштү!

– Мен сени эч кимге, жыланга да бербейм, жаным! – деди эч нерседен кабары жок жигит шыбырап, – Сен эми эч качан жыланга айланбайсың! Мен сени эми эч качан жалгыз калтырбайм! Бүгүндөн баштап мен сени өзүмдүн камкордугума алып, сүйүүм менен сактайм! Мен сени жүрөгүмдүн жылуулугуна оройм! Атургай биз уулдуу, кыздуу болобуз! Көрөсүң го, жаным!.. Мен сени эч кимге, эч кимге бербейм!..

Кызмончок булардын бирин укса, бирин укпай, өздөрүнөн көз албай, тикчийе тиктеген жылан менен дале тиктешип турду.

– Бектемир, – деди бир убакта анан, – Бул тууралуу башка убакта сүйлөшөлүчү?

Бектемир кызды кучагынан бошотуп, бир нерсе издегендей анын көздөрүнө үңүлө карады. Анын эмне сурагысы келгенин билгендей кыз:

– Анткени азыр… сени атаңдар күтүп жатышпайбы! – деди да, артка кетенчиктеп, жигиттен оолактай берди. Дилинде Кызмончок аны эптеп эле бул жерден – жыландын жанынан алыстаткысы келип жаткан.

– Кызмончок, – деди бу жолу да кыздын оюн туура эмес түшүнгөн жигит чын дилинен суранып, – Эгерде кааласаң… мени да жыланга айлантып ал?!. Мен… сен үчүн баарына макулмун!

– Жок, андай эмес! Сен да мени туура эмес түшүнүп жатасың!

– Анан кандай, Кызмончок?! – эми бек-бек сүйлөдү жигит, – Айтсаң, түшүндүрсөң мен акыры түшүнөт элем го?! Кызмончок коркуп, калчылдап кетти. Анткени Жан бар кезде ата-энеси да ага үнүн бийик чыгаруудан айбыгар эле! Атүгүл эшиктин түбүндө тыңшап турган Сырганын да жаны чыгып кетти!

– Асыке, кирчи үйгө! – деди анан күйөөсүн шаштырып. Айткандай эле, алар кирип келгенде Жандын эми элеки тырыша түшкөн денеси акырындап барып жибий түштү.

– Бектемир! Асылбек! – деди олуттуу бир сөзү бардай алардын жанына өзү да отуруп, Асылбекти да отургузган Сырга. – «Кыңыр иш кырк жылда билинет», «Оооруну жашырса – өлүм ашкерлейт» деген кеп бар! Кенедей чындыкты жашырабыз деп, минтип тоодой азапка кабылып отурабыз. Эми ук, Бектемир балам! Канча бир жылдан бери «Кызмончок жыланга айланат экен» деп эл ушак кылып жүрүшөт. Мунун сырын, чын-бышыгын сен билишиң керек!

Сырга анан Асылбекке да бир чети сөзү бардай, бир чети айыптуудай карады:

– Анан калса, Асыке, сага да айтпай жүргөн сырыбыз бар…

Асылбек Сырганы таң кала, жүрөкзаада карады. Атүгүл ушул тапта жылан да жаткан ордунан бир копшоло түштү!..

А бирок тагдырдын буюрбаганын карабайсыңбы, Бектемирдин жүрөгүндөгү канча жылдан берки табышмактын, чындыктын бети ачылаарда!.. Так ушул азыр Жандын өзү менен бетме-бет кезигишип, кимдин-ким экенин билээрде!.. Асылбек да үй-бүлөсү каткан сырдын эмне экенин угаарында!.. Сааттай болуп, сырттагу чурулдаган  ызы-чуу  баарын бузуп жиберди…

***

Колдоруна кетмен, күрөк көтөрүп, атүгүл айрымдары канча бир жылдардан берки катылган беш атар мылтыктарын октоп, айбалталарын алып, кемпир-кесек, кыз-келиндер таш көтөрүп, Асылбектиине агылып келип калышкан.

– Ботом, дөбөдөгү тигил аке түшпөйт бекен?! – деди аңгыча аялдардын арасындагы бирөө Акбай карыяны жактырбагандай.

– Ажыдаардан эси чыгып калган го! – Шоорат да аны коштой кетти.

– Ушундай кыйын кырдаалда элдин башында тура турган киши эле!.. – деп аларды ырастай, анын үстүнө ичиндеги бир тымызын эрегишмейи бар Канымет абышка Акбайдын эл арасындагы кадыр-баркынын тайый түшкөнүнө кудуңдап, табалай унчукту:

– Жоругу жолдо калсын, ошонун!

– Күтө турсакчы? А балким Акбай ата да аякта бекер отурган жоктур?! Бир нерсени ойлоп, таразалап жаткандыр?! – баятан бери улам-улам арт жагына кылчактап, а бирок көпчүлүктү токтотууга дарманы жетпей, элдин шары менен дегдеңдеп, кошо сүрүлүп кетип бараткан Сүйүнбай аттуу жигит сөзгө ушинтип аралашканда:

– Эй, жубарымбек! Эмне, коркконуңдан жүрөгүң болкулдап жатабы?! – деп эки-үч кишиден ары бараткан Канымет аны зекип койду эле, жигит унчукпай калды.

Бул убакта көз байланып, жылдыз чыгып калган. Баятан бери көздөрүн жумуп, өткөн-кеткенди көз алдынан чубатып отурган Акбай карыянын оюна эмнелер келип, эмнелер гана кетпеди. Качанкы бир жаштык учурдун кереметтүү да, кейиштүү да кездерин, Асылбектин ата-энеси менен бирге өткөргөн курагын эстеди. «Ата көрү-ү! – деди улутунуп, – Эмне деген керемет жандар эле! Чырактай болуп, биринен-бири өтүп!.. Кудайдын деле калыстыгы жок, чиркин! Ошолордун зарлап жүрүп тапкан уулу эми минтип!.. Жок! Жок! Мен эмнени ойлоп турам өзү! Ыраматылык досумдун тукуму эч качан курут болбойт! Ал эч качан жыланга айланбашы керек! Жалган бу! Жаңылыштык!..» Ойго чөмүлүп кеткен карыя эмнегедир селт эте түшүп, төмөнгө көз жиберди. Адегенде ал жактан жылтылдаган бирин-серин жарыктан бөлөк, көзгө эч нерсе чалдыккан жок. Антсе да Асылбектики тарапка кайра да бир үңүлө карады. Тынч. Андан өйдөрөөк көз жүгүрүп келатып, эмнегедир жүрөгү ыргып кете жаздады! Капкара болуп, калдайган жоон  топ жолго батпай, көчө ылдый кылкылдап бараткандай көрүндү. Алгач жөн эле ошондой көрүндү го деп ойлоп, бирок жакшыраак бүшүркөй карап алып, көздөрү умачтай ачыла түштү! Энтелеңдеп, шашып калган карыя анан алдастап, эки-үч ирээт этегин жаза басып атып араң турду да:

– Айланайын эл! Айланайындар! – деп колун серепчилей, элди көздөй баратты.

– Келатат! – деп аңгыча калың топтун ичинен кимдир бирөө дөбө жакка карап алып, кубангандай кыйкырып жиберди:

– Акбай абам келатат!

Бирок толкуп алган элди бул токтото алган жок. Тек гана айрымдары айдын жарыгында тээ кыр ылдый делбектеп, шашып келаткан абышканын караанын бир бурулуп карап коюшуп, эми анын анчалык деле мааниси жоктой дүбүрөп кете беришти.

– Оо, эл-журт! Кагылайында-ар! Коё тургула, айланайындар!!!

Бирок абышканын бул кыйкырыгы көпчүлүккө жетип-жетпей жатты.

– Кудуретиңден кагылайын Кудай! Пендем десең өзүң колдоп, өзүң сактай көр, айланайын! Керек десең мени ал!..

Улам чалынып жыгылып, а бирок кайра ансайын тура чуркап, көңгүрөнүп, күйүгүп келатты чал:

– Кечир, бизди Жараткан?! Кечире көр?! Элдин сабырсыздыгын, күнөөсүн кечир?!.

(уландысы бар)

 

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.