КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)

Жыпар ИСАБАЕВА


Кумайык адатынча түнү бою шаар ичинде желип-жортуп жүрдү да, таң сүрүлө баштаганда эски журтун карай бет алды.

Кожоюну өлүп, кожойкеси кызы менен башка калаага көчүп кеткени, ал үйдө азыр башка адамдар жашайт. Алардын Кумайыктан алда канча чоң, килейген  ити бар. Антсе да, бул ит ошол үйдү ар күн сайын айланчыктап келип, кожоюндарын эстеп, короонун четинде бир топко чейин жатат да, келген жолуна түшөт…

Эми да ошентти. Кызыл дарбазанын алдынан суурулуп чыгып, шаардын сыртындагы таштанды жайды карай бет алды. Анткени, мындай маалда бу жер ээн, өзүнө окшогон кароосуз ит-мышыктар да чанда. Каалашынча жойлоп, тишке илинерлик бирдеме таап алса болот.

Бирок  бу саам демейдегиден таптакыр башкача окуя болду…

Андан мурун бу жерге бир аял келип алыптыр! Анткен менен ал селсаяктарга окшобогон, кийген кийими да, келбети да кудум өзүнүн кожойкесиндей сымбаттуу аял экен. Ары жакты беттенип, кудум бала эмизип, “алдей” айтып жаткандай, саал кыңылдаган үн салып, ыргалып отурат…

Ит жакындап келди.

Аял шыбырттан “селт” этип чочуп, бурулуп карады да, жакын эле жерде өзүн тиктеп, шоңшоюп отурган итти көрүп, селейип катты да калды.

Ит акырын кыңшылаган болуп, ошо токтогон жеринде боортоктоп жата кетти. Ошондо гана аял эсине келе түшкөндөй, бооруна баскан “түйүнчөгүн” акырын жерге койду да, отурган калыбында артына кетенчиктеп, арылап   жыла баштады. Коркконунан көздөрү алайып, эриндерин саал титирек баскан  аял жада калса, баланын оозунан күч менен тартып алгандыктан, көйнөгүнүн сыртында жүргөн кош мамагынан тыпылдап  агып жаткан сүттү да байкаган жок…

Энесинин жылуу кучагынан бошоп, курсагы чала тоют болуп  калганы үчүн го, бала баркырап ыйлай баштаганда, аял ого бетер шашкалактап калды. Ит азыр эки аттап жетип келип, экөөнү бирдей баса калып, үзүп-жулкуп жеп жиберчүдөй элестеп кетти да, ордунан тура калып, чалынып-жыгылып качып жөнөдү!

Ит ордунан туруп кетип, баладан ары, обочороок барып жатты. Ушинтсе аял кайра кайрылып, баласын кошо ала чуркайт деп ойлоду.

Бирок аял антмек турсун, карааны улам кичирейип, үрүл-бүрүл караңгыга сиңип,  жок болуп баратты. Бала да ошону сезгендей, энесин артынан чакыргандай Кудайга үнү жетип, алы келбей калгычакты баркырап ыйлай берди, ыйлай берди…

Кумайык аялдын келбей турганына көзү жеткенде гана балага жакындап келди. Жанына бир тирүү жан келгенин туйган окшоп, кудум айлана-тегерекке кулак түргөндөй, табышты тыңшагандай тынчый түштү бала.

Эски-уску чүпүрөккө оролуп, буттары бошоп, тарбаңдап сыртта жүргөн кызыл эт ымыркай жанындагы тирүү жандан сүттүн жытын сезгендей эмчек издеп, эки жагына кайсалай баштады. Аны карап турган иттин али сүтү тарай элек эмчектери диртилдеп, энелик сезими ойгонуп кетти. А бирок ал антип алапайын таппай турганда, алда кайдан шокшоңдоп, шашып келаткан караан көрүндү!

Бирок, көзүнө адегенде аял кейиптенип көрүнгөн ошол караан улам берилеген сайын сөлтөңдөп итке окшошуп келатты… Ал жакындаган сайын, эмнегедир Кумайыктын көк желкеси түктүйө баштады. Бир убакта ордунан ыргып тура калып, тумшугун бырыштырып, тиштерин көрсөтө ыркырады. Буга чейин башка иттерге  такыр окшобогон жоош-момун  Кумайыктан мындайды күтпөгөн берки ит сестене түштү!  Кумайык майлуу-сүттүү олжого өлөрчө тоюп алып, кардына батпай калганын кайтарып жаткандай болуп сезилди ага.

Ороо-чулгоонун ичиндеги ымыркай уктап кеткен окшоду…

Эки ит да эки жерде бири-бирин аңдып, көз ирмебей көпкө жатышты.  “Балким, Кумайык жоошуп, ныксырап уктап кетсе, чоочун ит анын олжосун “шып” эттире иле качуучудай комдонуп, улам тура калып, кайра жатып, ансайын шилекейи чубура кыңшылап, жаланып-жуктана калып жатты. Кумайык да ошо сайын ордунан обдула түшүп, сес бере ырылдап  коёт…

(Уландысы бар)